Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

БЮДЖЕТ ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ДОКУМЕНТИ


24-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы жана бюджет маселелери боюнча комитетинин демилгеси менен 2004-жылдын бюджетин талкуулаган коомдук угуу уюштурулду. Ага бир катар эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү, Жогорку Кеңеш депутаттары катышты. Келерки жыл бюджети парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан ушул жылдын 9-декабрында кабыл алынган. 2004-жылдын бюджети боюнча коомдук угууга кабарчыбыз Бекташ Шамшиев катышып, репортаж уюштурган.

Соңку эки жылдан бери парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы жана бюджет маселелери боюнча комитети коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда жаңы бюджет мыйзамын талкуулоону уюштуруп келатат. 2004-жылкы бюджетте социалдык багытка үстөмөндүк берилгенин республиканын каржы министри Болот Абилдаев коомдук угууда дагы бир жолу белгиледи. Анын айтымында, келерки жылдын бюджетинин долбоору төрт айдан бери талкууланып келатат.

- Мурда белгиленген параметрлердин кыйласы биринчи окуудан бери кадыресе өзгөрдү. Биз быйылкы жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышын эсепке алдык, мурдагы эсептердин кыйласы ошондон өзгөрүлдү. Жыйынтыктай келгенде, негизги көрсөткүчтөр мындай болуп чыкты. Ички дүң продукция өндүрүшүнүн өсүшүн биз 4,1% өлчөмүндө, ВВПнын номиналдык көлөмү эмдиги жылга 88 миллиард 850,1 миллион сомду түзүшү белгиленген. Инфляциянын деңгээлин биз 3,8% кармап турууну көздөп жатабыз. Доллар курсун 44 сомдун тегерегинде деп эсептедик. Эми мамлекеттик болжолдуу бюджеттин параметрлерине токтоло кетейин. Мамлекеттик жалпы бюджет кирешелер боюнча 16 миллиард 713,9 миллион сом, жалпы ВВПга катышы боюнча алганда бул 18,8% түзөт,- деп айтты каржы министри Болот Абилдаев.

Эмдиги жылдын республикалык бюджети кирешелер боюнча 14 миллиард 215 миллион 951, 5 миң сом жана чыгашалар боюнча 14 миллиард 951 миллион 968,1 миң сом эсебинде бекитилди. Эмиги жылдын бюджетинин тартыштыгы 736 миллион 016,6 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Муну өкмөт тыштан кирчү каржы булактарынын эсебинен жабууну көздөөдө.

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев эгемендик тушунда оголе көп реформалар жасалганын, бирок да бюджет мамилелерине келгенде баштагы эле социалисттик бөлүштүрүүчүлүк принциби өзгөрүүсүз калып жатканын белгиледи:

- Каржы министрлигинин аракетине карабай, бюджет мамилеси советтик кездегидей эле калып жатат. Ал системада иштеп калгандыктан жакшы билем го, мурда айыл, шаар, шаарчалардын бюджети кандай түзүлсө азыр деле ошол боюнча калды. 19-декабрда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу маселелерине арналган жыйында сүйлөгөндөрдүн бири туура белгилегендей, айыл, шаар, шаарчалардын бюджети бул райондук, облустук каржы органдары иштеп чыккан чыгымдар сметасын бекитип коюу.

Каржы министри Б.Абилдаев Кыргызстандын төрт жүздөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн 90% дотацияда отургандыгын белгилеп, быйылкы жылы мугалимдердин маянасын толук төлөп бере албагандыгын моюнга алды. Каржы министрлиги ушу тапта мугалимдерге деп 86 миллион сом табууун айласын издөөдө.

Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрайымы Лидия Фомова бюджет тууралуу бир да сунушу өтпөгөнүн өкүнүү менен айтты:

- Биздин бюджет боюнча сунуштарыбыздын бир да бирөө эске алынган жок. Мына быйыл бир ай мурда сунуштарыбызды 105 депутатка таратып бергенбиз. Эки палатанын депутаттарына кайрылганбыз. Алардын ичинен бир гана депутат бизге жооп берип, бюджет тууралуу алгылыктуу маселе коюп жатканыбызды айтып, жооп берди.

Келерки жыл бюджети боюнча коомдук угууда тигил же бул тармактын көйгөйү көп айтылды, каржы министринин көмөгү зарыл экендиги белгиленди. Анткен менен, өкмөттүн бюджет саясатын ачык кылууга багытталган бир катар иштиктүү сунуштар маалынан кечигибирээк айтылды. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Эл өкүлдөрү кабыл алган 2004-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбооруна макулдук гана бере алышат.

XS
SM
MD
LG