Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

«КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУ КЫЗУУ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ


«Кыргыз өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талкууну Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшемби күнү улайт. Талдоочулар мыйзам долбоору парламент менен өкмөт ортосундагы мурдагы пикир келишпестикти ого бетер курчутаарын болжоп жатышат. Ал эми парламенттеги «Оң ордо» фракциясы мыйзам долбоорун юристтер менен эларалык эксперттер кайра иштеп чыгышы керек деп эсептейт. Мындай билдирүүнү фракциянын өкүлдөрү атайын уюштурган маалымат жыйынында жасашты.

«Менин өлкөм» партиясына мүчө депутаттардын демилгеси менен түзүлгөн «Оң ордо» фракциясынын төрагасы, депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, бул мыйзам долбоорунда одоно каталар арбын. Маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, маселен, өкмөт курамын түзүүнүн, жөндөмүн аныктоонун принциптери, өкмөт мүчөлөрүнүн макамы тууралуу жоболор киргизилбей калган. Мыйзам долбоорунда, бийлик структураларынын ортосунда тең салмактуулук сакталган эмес.

- Депутаттар «өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндөгү жобо өтө маанилүү, бул маселени өзгөчө талдоо керек» деген көз карашта болуп атышат. Башкача айтканда, алар парламенттик өлкөдөгү оюндардын эрежелерин таңуулап атышат. Кыргызстан - парламенттик өлкө эмес. Парламент сунуш берүү укугуна гана ээ. Жогорку Кеңеш өкмөттү кызматтан кетирүү укугуна ээ болушу үчүн Конституцияны өзгөртүү керек.

«Оң ордо» фракциясы белгилеп жаткан мыйзам долбоорундагы талаштуу беш берененин бири.

Фракция караманча каршы болгон негизги берене - өкмөттүн курамын тизмелик тартипте бекитүү. Фракция мүчөлөрүнүн ою боюнча, парламент жыл ичиндеги иш убактысынын көбүн 15 министрликтин жана 35 чамалаш тармак жетекчилерин бекитүүгө коротот.

- Өкмөттү түзүүдө биз коррупцияга, ансыз да гүлдөп аткан «ардактуу биздин» трайбализмге ээ болобуз. Биз артты көздөй олчойгон кадам жасап атабыз. Өкмөт мүчөлөрүн бирден бекитсек, Жогорку Кеңештин филиалы пайда болот. Тар кызыкчылыктар алдыга чыгат. Төрт жыл парламентте отуруп, бул кандай ишке ашарын иш жүзүндө биз билебиз да.

Парламентте мындай пикирди колдобогондор да аз эмес. Анын жөн-жайын ар тараптуу негиздеп жатышат. Маселен, «Кыргызстан» депутаттык тобунун атынан шейшембидеги талкууда сүйлөгөн депутат Исмаил Исаков пикирин минтип билдирген:

- Депутаттар өкмөт мүчөлөрүн бирден шайлашы керек. Эмне үчүн? Мына Марат (Султанов) толугу менен далилдеп берди. Мен аны кайталабай эле кошумчалап коеюн. Биз шайлоо округдарынан келгенбиз. Ар биринин кызыкчылыгы болот. Тоолуу райондун биринчи кызыкчылыгы, талаа-түздүн экинчи кызыкчылыгы, шаардыкы - үчүнчү, ж.б. Ошого жараша министрдин деңгээлин карап туруп биз шайлашыбыз керек.

«Оң ордо» фракциясы долбоорго байланышкан талаш-тартыштын себептеринин бирин Конституциялык реформадан кийин деле өкмөттүн укуктарынын чектелүү бойдон калгандыгынан көрөт. Өкмөт долбоор аркылуу укугун кеңейткиси келсе, парламент буга баш бергиси келбейт.Ошондуктан, фракция аткаруу бийлигинин өз алдынчалыгын арттыруу үчүн өкмөттүк бюро, ишеним институту өңдүү институттардын киргизилишин жактырат.

Маалымат жыйынында депутат – «оң ордочулар» мыйзам долбоорундагы толгон токой өксүктөрдү учурда жүрүп жаткан талкуу оңдой албасын белгилешти.

- Менимче, абройлуу беш-алты юристти чакырып, мыйзам долбоорун кайра иштөөгө тапшырыш керек, -деди Зайнидин Курманов,- Ушул бойдон кабыл алынса баары бир президенттин ветосу келет. Анткени, өкмөттөн да, парламенттен да кемчиликтер кетип атат. Балким эларалык эксперттерди тартуу керек. Президенттик, жарым президенттик республика дегенди, конституциялык укук дегенди түшүнгөн адамдар болбосо биз бул маселени чече албайбыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG