Сесил Пикондун айтымында, Европа биримдиги 1993-жылдан бери Тажикстанга 145 млн евро жардам көрсөттү. Анын ичинде гуманитардык жардам акыркы 2 жыл ичинде 10 млн евро болуп келген. Быйыл ал 2 млн еврого азайып, 8 млн еврону түзөт.
Сесил Пикон гуманитардык жардамдын азайышы бир жагынан өлкөнүн гуманитардык жардамга муктаждыгынын төмөндөшүнө, экинчи жагынан Евробиримдик өз жардамын башка өлкөлөргө которууга аргасыз болуп жатканына байланыштуу экенин билдирди.
- Тажикстанда абал жакшырып барат деп айтар элем. Бирок атуулдук согуш, Советтер союзунун кыйрашы жана кургакчылык жөнүндө айтсам, анын кесепеттери дагы эле бар. Оор абалда жашаган адамдар дагы эле көп. Жалпысынан айтканда абал акырындап жакшырып барат, бирок гуманитардык жардамга муктаждык дагы эле күчтүү, – дейт Сесил Пикон.
Анын айтымында, бир нече жыл мурун өлкөдө жакырчылык 80% түзүп турган. Азыр абал бир аз жакшырды. Гуманитардык жардам улам азайтылып жүрүп отуруп, 3 жылдан кийин биротоло токтотулат. Еврокомиссиянын өкүлчүлүгү калкка түздөн түз бекер тамак-аш берүүнүн ордуна, азыкты өздөрү тапканга үйрөтөт.
- Биз эмне кылабыз? Биз кайсы жерде үй-бүлөлөр үрөнгө же башка ушундай нерселерге муктаж болсо, ошолорду берүүгө өтөбүз. Тамак аш берүүдөн башка арга жок болсо, албетте, биз аны да беребиз. Бирок биздин милдет – адамдарды азык-түлүктү өздөрү тапканга үйрөтүү, - дейт Пикон.
Бул айымдын айтымында, изилдөөлөр өлкөнүн элинин 5% жетиштүү тамактана албагандыгын көрсөткөн. Бул мурдагысынан азайгандагысы: 2001-жылы бул көрсөткүч 20%дан ашык болчу. Пикон айым азыркы 8 млн евронун 35%ы элге бекер тамак берүүгө жумшаларын айтат. Калгандары саламаттык сактоо тармагына, баңгизат менен күрөшкө, догдурларды окутууга жана таза суу менен камсыз кылууга жумшалат. Бул – калайык үчүн муктаж деп эсептелген тармактар.
Пикон Тажикстанды бүт кыдырып чыккан. Ал өлкөнү койон жатагына чейин билет десе болот. Еврокомиссиянын өкүлчүлүгүн да жергиликтүү эл жакшы билет жана урматтайт, дейт Пикон айым.