Улуу Британиянын өкмөт башчысынын табигый кендерди иштетүү өнөр жайынын эсеп-кысабынын ачык болушуна жетишүү демилгеси кыйла өлкөлөрдө колдоо таап, элдик байлыктын эсеби көпчүлүккө дайын болуш керектиги кийинки кездери арбын айтылууда. Кыргыз өкмөтү колдоого алып аткан демилгени ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 1 миллион доллар акча бөлмөкчү.
Тоо-кен өндүрүшүнүн эсеп-кысабынын ачыктыгы ириде Кумтөр кенинин ишине барып такалары турулуу иш. Геология башкармалыгынын жетекчиси В.Зубковдун ырасташынча, быйылкы жыл башына дейре 125 тонна товардык алтын казылып алынган. Жердин терең катмарына чейин дагы 85 тонналык алтын казылышы ыктымалдыгын адистер айтып келишет. Калганы - өтөле тереңде.
Алтын кен быйылтан баштап «Центерра голд инк» компаниясынын курамына өтүп, анын 33% акциясы кыргыз өкмөтүнүн энчисине тийген. Баш-аягы 18,8 миллион жөнөкөй акциянын 7,5 миллионун өкмөт эларалык фонд базарына коюп, сатыкка чыгарганын өкмөт башчы Николай Танаев маалым кылды:
- Бул акция мамлекеттик ири мүлктү менчиктештирүүгө жаңы сапаттык мамилени билдирип, жалпысынан эларалык базар системасына кошула баштаганыбызды көрсөтөт. Анын жыйынтыгына карап башка ири мамлекеттик объекттерди менчиктештирүү маселеси чечилет. Ошон үчүн ал ачык, кынтыксыз өтүшү керек. Бу жөрөлгөнү жасоодо күргүштөгөн акчанын так эсеби, баары көпчүлүккө дайын болушуна жетишүү маанилүү. Мындай иштин түйшүгү көп болорун билип туруп эле баарына кайыл болуудабыз. Кантсе да саналуу адамдардын бүтүмүнө караганда көпчүлүктүн көз алдында өткөн иште кемчилик аз болот.
Өкмөт башчынын алдагыдай токпейил билдирүүсүнө парламент депутаты Орозбек Дүйшеев каршы чыкты:
- Демилгенин ишке ашышы кыйын. Баары аткаруу бийлигинин колунда. Ачык болууга жетишиш үчүн жарандык коом өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдарды бул ишке тартуу керек. Айткан сөз менен жасаган иш эмне үчүн эки ача чыгат.
Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Майкл Левитскинин айтуусунда, дүйнөдөгү ири алтын өндүрүүчү 10 өлкөнүн тогузу жарды. Табият байлыгынын ыраатын жаамы калк көрүшү үчүн тармактын иши көпчүлүктүн көзөмөлүндө турушу керек. Мамлекеттин кендирин кескен коррупцияга чоң бөгөт коюлушу зарыл:
- Жанатан бери айтылып аткан сөздөрдү жыйынтыктап, сурооңузга жооп кылып кантсе да алтынды казып алуу жакшы деп айткым келет. Казып алуу тууралуу дагы кеп болор. Алтындын жер катмарында жатканынан көрө казып алган жакшы. Ал жакыр жашагандардын турмушун жакшыртууга, туруктуу экономикалык өнүгүшкө өбөлгө болсун.
Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин ырасташынча, тоо-кен өндүрүшү өлкөнүн ички дүң продуктусунун 10% түзөт:
- Тоо-кен өндүрүшү ички дүң продуктунун 10-12% түзөт. Анан канча салык түшөрүн мен азыр так айталбайм. Өткөн жылы «Кумтөр» долбоорунан салык катары 1 миллиард 300 миллион сом киреше алдык. Өлкөнүн бюджети 21 миллиардка жакын сомду түзөрүн эске алсак, бул тармактын катышы канча экенин эсептеп алуунун кыйынчылыгы жок.
Өкмөт башчы Николай Танаев Кыргызстан ээлик кылган акциялардын сатылышы тууралуу кеңири маалымдама келип түшкөнүн, ал ушул апта ичинде англисчеден орусчага которулуп, элге жарыя кылынарын айтты:
- Айтып коеюн, азыр Кыргызстандын Улуттук банкында биздин баалуу кагаздар базарынан тапкан пайдабыздан түшкөн киреше – ири суммадагы акча сакталып турат. Андай акчаны мурунку Башкы келишимге ылайык иштей берсек, же «Камеко» сунуш кылган келишимге макул болсок 10 жылга чейин алалмак эмеспиз.