Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

КОНСТИТУЦИЯ РЕФОРМАСЫ


2-декабрда Жалалабат шаарынын коомчулугу Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумчаларды кийирүү менен өлкөдөгү саясий-экономикалык абал кадр саясаты тууралуу маселелерди талкуулады. Конституциялык кеңешмемин мүчөсү Топчубек Тургуналиев Конституциянын жаңы редакциясы менен калктын калың катмары али тааныш эместигин белгилеп, элдик талкуулоо мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Талкууда өлкөнү 2010- жылдан тарта парламенттик республикага өткөрүү, президенттик-парламенттик башкарууну кийирүү, кол тийбестикти жоюу, шайлоолорду партиялык тизме менен өткөрүү жана расмий тилди жоюу менен кыргыз тилин мамлекеттик тил деп калтырып, ага улуттар аралык тил макамын ыйгаруу маселелери көтөрүлдү.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев облустун көптөгөн райондорун кыдыруу маалында элдин Башмыйзамдын жаңы редакциясы менен тааныш эместигин, бийлик өкүлдөрү элдик талкууларды уюштурбаганын билдирип, талкуунун мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Ал айткандай, президент да, өкмөт башчы да кадрларды дайындоо менен өлкөдө кош бийлик өкүм сүрбөөсү үчүн президенттик-парламенттик башкарууга өтүү зарыл. Трайбализмди тереңдетип, улуттук биримдикке шек келтирген можаритардык шайлоодон партиялык тизме менен өткөрүлүүчү шайлоо кутултат:

- Өткөн заманда жок дегенде беш жылга президент мамлекеттин дагы, аткаруу бийлигинин дагы башчысы болсун деп биз сунуш кылганбыз. Себеби азыр президенттин колунда абдан күчтүү бийлик болуш керек, бирок чексиз эмес. Ошондуктан бир дагы адам, бир дагы үй-бүлө жалгыз бийликти өзүнө оодарып кетпей турган парламенттик республика болуш керек - деген Топчубек Тургуналиев депутаттардан кол тийбестикти алып салып, мамлекеттик тилди калтыруу менен расмий тилди жоюп, кыргыз тилине улуттар аралык тил макамын берүү оюн ортого салды:

- Парламентте кайсы бир партия, же жандаш партиялар көпчүлүк болот, ошолор фракция түзөт, спикерди шайлайт, келечекте парламенттик республикада өкмөттү түзөт, ошолор элдин адлында жооп берет. Коррупциянын атасы мамлекеттик бийлик, кол тийбестик болот. Ошондуктан кол тийбестикти алып таштасаңыз, бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү эртең кетет. Жогорку Кеңеште өмүрүндө мыйзамдын бир сабын жазалбаган басымдуу көпчүлүгү отурат. 5-6 эле депутат бар мыйзам долбоорлорун түзө турган. Калгандарынын бардыгы кол тийбестик үчүн отурат ал жакта. Ал эми мамлекеттик тилден башка расмий тил деген жок болуш керек. Себеби мурдагы заманда Акаевдерге ушул керек болгон. Эсимде, 15-апрелде 1993-жылы биз акыркы жолу ошол кездеги Конституциянын долбоорун талкулап, орус тилин ошондо эле расмий тил кылалы дегенде Акаев таптакыр каршы чыккан. Кийин алардын добушу керек болгондо киргизе койду.

Коңшу мамлекетте орустар да өзбекче сүйлөшөт. Ошондой окуяны күбөгө тарткан ардагер Мамат Нурматов расмий тилди жоюу оюн колдогон жок:

- Кыргыз тилин биринчи планга коюп, орус тилин жок кылыш керек деген маселеге мен каршымын.

Конституциялык реформа жүрөлекте парламенттик республикага өтүү тууралуу сөз кылууга эрте. Ал үчүн Сузак районунан Каныбек Нарматов айткандай 2009-жылы да Башмыйзамды өзгөртүүгө туура келет:

- Азыркы вариантта парламенттик республика деген жок. 2009-жылы дагы биз Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек болуп калат.

Парламенттик шайлоодо не бир мыкты аялдар депутаттыкка өтпөй калышты. Бийлик уюмдарына да аялдардын тартылуусу начар. Паракорчулук сот, укук коргоо уюмдарында жоюлбай жатат. Мандай тери менен жашаган мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысы дагы эле төмөн. Ушундай маселени көтөргөн Шарипа Жоробаева гендердик теңсиздикти жоюуга чакырды:

- Биздин кыргыз жигиттерибиз жигиттик кылып, Жогорку Кеңеште отурган депутаттар деле бир округду берип, ушул жерден аялдар гана өтсүн деп койсунчу.

Башмыйзамга республика этникалык кыргыздарга камкордук көрүп, алардын талабына ылайык жарандык берүү жөнүндө кошумча кийрилбей калган. Бул бөксөлүктү облустук ички иштер Башкармасынын өкүлү Эркебай Сахибов толтурду:

- Кыргыз Республикасы этникалык кыргыздарынын укугун колдогошу керек. Антпесе этникалык кыргыздар 5-10 жылдап Кыргызстандын атуулдугун ала албай жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG