Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ЖАБЫР ТАРТКАН ИШКЕРЛЕР 24-МАРТТЫ МАЙРАМ ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Өткөн жылы 24-мартта талап-тоноодон бир миңден ашуун ишкерлер жабыр тарткан. Алардын чыгымдары 1 млрд. 300 млн. сомго бааланууда. Ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана алардын буюмдарын талап-тоногондорго мыйзам чегинде чара колдонуу боюнча өкмөт атайын токтом кабыл алган. Бирок ал токтомдун аткарууга тиешелүү министрликтер, чиновниктер маани бербей жатканын жабыркаган ишкерлер айтышууда.

24-марттагы ыңкылаптын шарданында «Дордой-плаза», «Силк-Увей», «Берекет-Грант», «ГОИН», «Бета-Сторесс» соода борборлору, «Мадина» базары жана башка миңге чукул майда дүкөндөр талап-тонолгон. 14-апрелде ошол убактагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомун чыгарган. Курамында облус губернаторлору, Бишкек шаар башчысы, бардык министрлерден турган атайын өкмөттүк комиссия түзүп, комиссия башчылыгына Каржы министри Акылбек Жапаровду дайындаган.

Комиссия жапа чеккен ишкерлердин чыгашасын эсептегенде, жалпы чыгым 1 млрд. 300 млн. сомду түзгөн. Жабырланган ишкерлер 10 айдын аралыгында президенттик администрацияга, өкмөткө, эл аралык уюмдарга жардам сурап 100дөн ашуун ар кандай өтүнүчтөрдү, даттануу арыздарды жолдошкон. Бирок андан эч кандай тыянак чыккан эмес.

-Биздин маселени чечүү үчүн Экономика жана каржы министрлигине жоопкерчилиги жүктөлгөн. Аларга чет жактан акча табуу, банктар менен иштеп кредиттик мөөнөттөрдү узартуу, аренда акыларын арзандатып берүү, салыктан бошотуу маселесин чечүү жана башка бир катар иш чаралар тапшырылган. Ички иштер министрлиги талап-тоноого катыштыгы бар адамдарды таап, мыйзам чегинде жоопко тартышы керек эле. Тилекке каршы бир-эки пункт аткарылды. 36 киши 3 миң доллардан кредит алды. Андан башка маселелер чечилмек түгүл, көңүл бурган киши жок,-деди «Жабыр тарткан арендаторлор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бурулкан Усубакунова.

Жабыр тарткан соодагерлердин айтымында күч органдары талап тоноого катыштыгы бар айрым адамдарды кармадык дегени менен алар тууралуу эч бир маалымат алыша элек.

-Буларды ачык сот кылып, коомчулукка көрсөтүп, айкындап соттобогондон кийин, эртең ошол эле морадерлор кайрадан тонобойт, деп каяктан кепил боло аласың,-деди Бурулкан Усубакунова.

Ал эми өкмөттүн өндүрүш, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти Нурлан Дусумбаев 24-мартта жабыр тарткан ишкерлерге өкмөт тарабынан жардам берүү маселеси боюнча Экономика жана каржы министрлиги иш аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

-Бул маселе боюнча 3 жумушчу топ түзүлгөн. Товар жагынан жана материалдык жактан зыян тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштеп жатышат. Комиссияны Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектейт.

«Жабыр тарткан арендаторлор» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жабыркаган арендаторлордун маселесин тез аранын ичинде чечип берүүнү өтүнүшүп министр Акылбек Жапаровго бир нече ирет кайрылышканын, бирок андан азырынча эч кандай жооп албагандарын билдиришти. Аталган коомдун айрым мүчөлөрү март окуясынан кийин белчесинен карызга батышып, үйжайын, автоунаасын, эптеп тапкан мүлктөрүн сатышып, алган кредиттерин төлөө аракеттерин көрүп жатышса, бир жагынан салык инспекциясы кысым көрсөтүп жатышканын айтышты. Алардын пикиринде 24-март күнүн майрам катары белгилөө тууралуу президент Курманбек Бакиевдин 6-марттагы жарлыгы, март айында жабыр тарткан адамдардын укугу менен эсептешпегенинен кабар берет.

-Президенттин майрам күнү деп белгилөө тууралуу чыгарган жарлыгын ызаланган эл ыйлагандай кабыл алышты. “Бул эмне бизди шылдыңдаганыбы”,-деп. Эгерде март окуясында жабыр тарткандарга ушуга чейин кандайдыр бир иш чара көрүлсө, анда эл дагы түшүнмөк элдик майрам болду деп. Элдик революция дегенге жараша, элдин жашоосу жакшырганда, укуктары корголгондо белгилесе деле ким кой демек. Жашоо шарт баягыдан да төмөндөп баратат.

Ал эми көп жылдар медицина тармагында эмгектенген 65 жаштагы Нагима Алиякпарова өмүрлүк жубайы каза болгондон кийин, бала-бакырасын багуу максатында ишкерликти мындан 13 жыл мурда баштап, бир туугандарын да иш менен камсыз кылган экен. Ал өкмөткө салык төлөмдөрүн убагында төлөп келген. 24-мартта анын буюмдарын белгисиз адамдар “Мадина” базарынан тоноп кетишкен.

-Мен 894 миң сомго жабыр тарттым. Балдарды багайын деп, денсоолугума карабай иштеген элем. 24-мартты майрамдоого менин көңүлүм деле жок. Ал күндү эстесем, майрам деп эсептей албайм. Ошол күндөгү окуя биздин башыбызга кайра келбесин.

XS
SM
MD
LG