Сахалин-2 долбоорунан Маскөөнүн айнып калуусуна ушул күндөрү Жапониянын башкаруучу партиясы болуп келаткан Либералдык-демократиялык партиясына жетекчи болуп шайланган Синдзо Абэ «бул маселе жапон-орусиялык кызматташтыктын бардыгына таасир этиши ыктымал», деген.
Сахалин-2 долбооруна тыюу салууда маскөөлүк тарап бетке кармаган шылтоо - өндүрүш башталганда аралдын тегерегиндеги суулардагы (лосось – ММ) кызыл балыкты өндүрүшүнө зыян келет болгон. Ал эми Sakhalin Energy компаниясы «2003-жылы жүргүзгөн экологиялык текшерүү орусиялык мыйзам талабынан четтеген эч нерсе жок деп тыянак берген», - деген. Анын каршысында эми чала курулган ишканаларды таштап салуу болсо андан жартылышка зыян ошолордон болот деп экологдор чуу баштаган дешет.
Келишим арибине ылайык Сахалин аралындагы табылган газ менен мунайзатты Shell менен Mitsubisi компаниялары 55 жана 45 пайыздагы үлүш менен ал жерге сооттор салдырып газдын суюктукка айлантылган түрүн даярдап, кемелер менен аларды кийин Жапон, Түштүк Корей, Кытай (Тайван – ММ) жана Кошмо Штаттарына чыгарып сатуу болмок экен.
Бирок Маскөө дүйшөмбү күнү кебинен айнып ишти токтотуу тууралуу сунуш киргизиши аларды иренжиткен. Анализчилерди кайсы бирлери «Кремл келишимдеги бааны жогорулатыш үчүн жазап атат», - дешет.
Ал эми орусиялык газ жана мунайзат институтунун жетекчилеринин бири Алексей Степанов болсо эки мамлекет ортосундагы салкын алака тоскоол экенин айтат:
«Маселени кыйындаткан бир нерсе бар. Орусия менен Жапония ортосунда тынчтык келишиминин жоктугу. Болбогондо Орусиянын бүтүндөй чыгышы небак эле Жапониянын көптөгөн миллиард инвестициясын алып дүркүрөп өсүп, гүлдөмөк», - дейт Степанов.
Чет элдик инвесторлорго жеңилдик бермек тургай алар менен мындан ары да кызуу талаш-тартыш болорун Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Герман Греф айтат:
«Мунун баары Орусиянын атын чыгарат. Мунсуз экономикабыздын абалын оңдоо жана аны андан ары жылдыруу такыр мүмкүн эмес», - дейт ал.