Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

ИРАК БОЮНЧА ЖАҢЫ АМЕРИКАЛЫК СТРАТЕГИЯГА ПИКИРЛЕР АР КЫЛ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 10-январда жарыялаган жаңы Ирак стратегиясы ар башка кабыл алынууда. Конгресс мүчөлөрү аны катуу сынга алып жатса, Ирак өкмөтү ага колдоо көрсөттү, бирок жалаң аскерий аракеттер менен абалды оңдоо кыйын деп билдирүүдө.

Ирак өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али ал-Даббаг 11-январда билдиргенге караганда, америкалык президенттин жаңы планы Ирак жетекчилигинин пикирине жалпысынан төп келет: "Жаңы пландын жакшы жери - Ирактагы абал үчүн жоопкерчилик ирактыктардын өздөрүнө берилиш керек экенинде. Жабдылып жана машыккандан кийин Ирактын өзүнүн күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү болот", - дейт Даббаг.

Андан тышкары, Иракка кошумча америкалык аскер жиберүү аракеттерине жети миллиард долларга жакын каражат бөлүнүүгө тийиш, анын бир миллиард 200 миллиону Ирактын эл чарбасын оңдоого жана жаңы жумуш орундарын ачууга жумшалыш керек. Ошондуктан, мисал үчүн, вице-премьер Бархам Салих жаңы стратегияга колдоо көрсөтүүдө.

Бирок вице-президент Тарик ал-Хашиминин жардамчыларынын айтымында, кошумча аскер жиберүү менен Ирак маселесин чечүү кыйын, чындыгында саясаттын өзүнүн ыкмаларын өзгөртүш керек. Ислам окумуштуулар асссоциациясынын басма сөз катчысы Мухаммед Башар ал-Файдинин пикиринде болсо, Иракка кошумча аскер жиберүү менен кошумча маселе гана пайда болот, анткени алар кошумча каршылык жаратат.

Андай пикирге Ирак парламентинин депутаты Нуралдин ал-Хайали да кошулат: "Биздин оюбузча, кошумча аскер жиберүү Ирактын саясатчыларын да, карапайым калкын да канааттандырбайт. Ал убактылуу гана чара боло алат жана коопсуздук маселелеринин чегинен чыккан кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - дейт Ирак депутаты.

Президент Буштун планы АКШнын өзүндө алда канча катуу сынга алынууда. Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Жозеф Байдендин айтымында, президент эл күткөн чечим чыгарган жок: "Биз баарыбыз - жаңы планда эки негизги нерсе болот деп күткөнбүз - артыбызда стабилдүү Иракты калтыруу менен кошо америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарыла баштайт деп күткөнбүз. Чындыгында болсо согушту күчөтүүгө багытталган план жарыяланды. Жана ал согуш эми жалаң эле Иракта эмес, Сирия менен Иранга да тарашы мүмкүн. Менин пикиримде, президенттин бул планы маселени чечпейт, ал өтө кайгылуу ката", - деди сенатор Байден 11-январда.

Конгрессмен Чак Хэйгелдин айтымында болсо, президент Буштун планы - Вьетнам согушунан кийинки мезгилдеги эң опурталдуу саясаттын бөлүгү: "Кечээ күнү президент жасаган сунуштар, эгер ишке ашырылса, Вьетнам согушунан кийинки тышкы саясаттагы эң коркунучтуу ката болот", - деди 11-январда конгресмен Хэйгел.

XS
SM
MD
LG