Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

ПЕТЕРБУРГДА ОППОЗИЦИЯЛЫК «МАРШ» БОЛУП ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Москва Петербургда 3 миңден ашуун оппозицияны колдоочулар ишемби күнү бийликтен уруксаты жок өткөрүлгөн «Келише албагандар маршына» катышышты. Биздин радионун кабарчысы маалымдагандай, жүрүш учурунда милиция тараптан ондогон анын катышуучулары токмоктолуп, кармалган. Алардын арасында Улуттук большевиктик партиясынын лидери -Эдуард Лимонов, «Кызыл жаштар алдыңкыларынын» лидери - Сергей Удальцов бар. Жүрүш жасагандарды милиция эч жакка жылдырбоо аракетин жасаган, бирок, демонстрацияга чыккандар алардын тобун бузуп өтүп, Невский көчөсү менен «маршын» уланткан. Петербургдагы «Келише албагандар маршын» биргелешкен оппозициялык «Башка Орусия» кыймылы уюштурган.

Алардын талабы – саясий камакта жаткандарды бошотуу, шайлоо мыйзамына киргизилген оңдоолорду алып таштоо, коомуналдык тейлөөдөгү кымбатчылыкты арзандатуу болууда. Орусиянын түндүк ордо калаасында 3-мартта өткөн жүрүш бийлик уруксат бербегенине карабай өткөн. Андай болуусуна көчөгө чыккандардын санынын арбын болушу мүмкүндүк берди дешет. Тартип сактоо органдары таркаткан маалыматта маршка катышкандар эсеби үч миңден беш миңге жеткен.

"ИНТЕРФАКС" агенттиги жазганга караганда ОМОН кызматкерлери улам бир жерден жүрүштө бараткандардын жолун тороп, нааразылык ураан айткандарын кармап алып кетип турушкан. Ошого карабай «Келише албагандар жүрүшү» жарым чакырымдай жерге чейин милиция такыр таркатып ийгенге чейин уланган.

Ошол эле ишемби күнү, Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко "Келише албагандар" жүрүшүн, шайлоо алдында атайын чатак чыгаруу үчүн көкүтүү жасалды деп мүнөздөдү:

- Москвадан эки вагон толгон 120 чакты экстремисттик маанайдагы жаштар кайраштыруучу ураандары менен келишти.

Анализчилер Петербургда өткөн жүрүштөн бийликтин кыйла сестенгенин айтышууда. «Башка Орусия» кыймылы ээрчитип чыккан «макул эместер» арасында оңчулдар менен солчулдар өкүлдөрүнүн болушу, ал акыры келип кубаттуу жаранык кыймылга айланып кетүүсү бийликти коркутууда дешет.

Нааразылыгын билдиргени чыккандардын бир канаты, так айтканда, Элдик – демократиялык союздун лидери Михаил Касьянов менен Бириккен жарандар фронтунун жетекчиси Гарри Каспаров митинг өткөрүшкөн.

Ал эми жүрүшкө чыгышкан канатынын үстүндө бийликке каршы чакырык жазылган ураандар менен кошо Бириккен жарандар фронту, «Яблоко» партиясы, улутчул большевиктер партиясынын байрактары желбирегенин жазышат.

Бириккен жарандар фронтунун Санкт-Петербургдагы бөлүгүнүн жетекчиси Ольга Курносова айтканга караганда азыркы кезди ар кыл саясий күчтүн биригип аракет жасоосу гана ийгиликке жеткирет:

- Бүгүнкү жагдайда ар кандай оппозициялык уюмдардын күчүн бириктирип туруп гана утушка жетсе болот.

Жекшемби күнү "ИНТЕРФАКС" таркаткан маалыматта Петербургда өткөн «Макул эместер маршына» катышкандар арсынан 113 кишини күч орагндары кармаган.

XS
SM
MD
LG