Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ИРАНДЫН ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИ КАЗА БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 1-август Иранда аза күтүү күнү болуп жарыяланды. Анткени өлкөдө 30-июлда белгилүү аятолла Али Мешкини каза болду. Көп жылдар бою ал Ирандын Эксперттер кеңешине төрагалык кылып келген, ал кеңеш болсо өлкөнүн руханий жетекчисин тандайт.

Ирандын саясий системасы бир топ татаал, аны айрым байкоочулар эки баштуу система деп да атайт жана мурдагы СССРдеги система менен салыштырат. Коммунисттердин маанисине Иранда динаятчылар ээ жана эң негизги маселелерди "рахбар" деп аталган өлкөнүн руханий жетекчиси чечет, аны коммунисттик партиянын борбордук комитетинин баш катчысы менен салыштырса болот. Дал ошол рахбарды Эксперттер кеңеши деген уюм тандайт, ага азыр 86 депутат мүчө жана алар өздөрү элдик шайлоо аркылуу аныкталат.

Аны менен катар өлкөдө парламент дагы бар, бирок Иран саясатынын негизги багыттарын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш деген уюм аныктайт, аны руханий жетекчинин көзөмөлү алдында президент башкарат. Алардын чечимдерин болсо ишке Исламдык революциянын сакчылары деген уюм ашырат, алар динаятчыларга өтө жакын.

30-июлда 85 жашта каза болгон ятолла Али Акпер Мешкини - Иранда Ислам жумурияты түзүлгөн 1979-жылдан бери Эксперттер кеңешин башкарып келген жана Мешкини - ал революцияны уюштурган аятолла Рухолла Хомейнинин жакын шериги болгон.

Мешкининин өлүмү тууралуу 31-июлда Иран сыналгысы аркылуу жарыяланганда, ал улуу илимпоз болгону жөнүндө дагы айтылды: "Улуу аятолла Мешкини - Ислам дининин бардык тармактары боюнча көптөгөн макала жана китеп дагы жазган",- деп айтылды сыналгы аркылуу.

Мешкини улуту боюнча азербайжан болгон жана өз кезегинде Куранды азербайжан тилине которгон. Ирандын азыркы руханий жетекчиси Сейед Али Хаменеи дагы улуту боюнча азербайжан жана ал 1989-жылы рахбар болуп шайланганында Мешкининин салымы бир топ. Эреже боюнча, Эксперттер кеңеши руханий жетекчиге ишеним көрсөтпөй, аны кайра шайлоого да укуктуу, ошондуктан бошогон жогорку орунга ким келээри Иран үчүн азыр өтө маанилүү.

Кеңештин жаңы төрагасы августтун аягында шайланууга тийиш. Ага талапкерлер катары ар башка саясатчылар жана динаятчылардын ысмы аталууда, мисал үчүн, белгилүү журналист Ахмад Зейнабадинин пикиринде, бошогон орунга эми өлкөнүн мурдагы президенти Али Акбар Хашеми-Рафсанжани шайланышы мүмкүн, ал азыркы мезгилде өлкөнүн Жөндүүлүк кеңешин жетектейт жана Эксперттер кеңешинде Мешкининин биринчи орун басары болчу, ошондуктан азыр төраганын милдетин аткарууда. Акыркы президенттик шайлоодо Хашеми-Рафсанжани азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддын атаандашы болгон.

Бирок катуу динаятчыларга Хашеми-Рафсанжани көп жакпайт жана айрым башка байкоочулардын пикиринде, Мешкининин ордуна алар - Кеңештин дагы бир мүчөсү аятолла Мохаммад Таки Мешбах-Яздини көрсөтүшү мүмкүн. Ал болсо президент Ахмадинежадка жакындыгы менен белгилүү.

Андан тышкары дагы бир башка аятолла Мохаммад Яздинин ысмы да аталууда. Ал мурда - рахбардын Экспертер кеңешинде шайланганын - буддизм дининде жаңы далай-ламанын тандалганы менен салыштырган. Далай-лама каза болгондо, будда ламалары дал ошол мезгилде төрөлгөн жаш балдардын ичинен жаңы далай-ламаны тандашат, анткени өлгөн жетекчинин жаны жаш балага кирет деп ишенилет.

XS
SM
MD
LG