Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

ШАЙЛОО ЧЫГЫМЫ, КОШУЛУУ ДЕМИЛГЕСИ


2-августта Борбордук шайлоо комиссиясы алдыда өтчү парламенттик, айыл өкмөттөрүн, Боршайлооком мүчөлөрүн шайлоого сарпталчу чыгымдар тууралуу токтом кабыл алды. Комиссия шайлоо учурунда пайда болчу маселелерди мыйзам негизинде чечүү үчүн Боршайлоо комиссия мүчөлөрүнөн турган атайын жумушчу топту түздү. Мына ушул күзгү шайлоого удаалаш Кыргызстан Орусия биримдигин түзүү демилгесин колдоочулар референдум өткөрүүгө кол топтоого киришмек.

Керметоо, Каракулжа, Балыкчы шайлоочулары быйыл күзүндө парламентке талапкерлердин арасынан татыктуусун тандашат. Мыйзам чегинде ыйгарым мөөнөтү аяктап бараткан айыл өкмөттөрү менен Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн биртобу да көпчүлүктүн сынынан өтөт. Бул иш-чараларга Борбордук шайлоо комиссиясы 9 миллионго бираз жете бербеген акча кетерин эсептеп чыккан. БШК төрагаснын милдетин аткаруучу Акылбек Сариев Каржы министрлиги суралган акчаны түгөлү менен бериши күмөндүү экенин айтып, шайлоого кетчү чыгымды кийин дагы бир жолу тактап чыгышарын эскертти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова ушул жылдын 30-сентябрында Балыкчыда, 14-октябрда Керметоо менен Каракулжада, 7-октябрда болсо мөөнөтү аяктап бараткан айыл өкмөттөрүн, 16-сентябрда Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрүн шайлоо өтөрүн маалымдады. Акылбек Сариев шайлоо мыйзам чегинде өтүшү үчүн комиссия мүчөлөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлүп, анын милдети мыйзамдын так сакталышына көзөмөл жүргүзүү экенин маалымдап:

- Биз ушул максатта атайын топ түздүк,- деп айтты.

Күзгү парламент, айыл өкмөт, Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрүн шайлоого тушташ «Бириккен фронтчулардын» демилге тобу Кыргызстан Орусия биримдигин түзүү, парламентти таратуу, маалынан эрте президенттик шайлоо өткөрүү үчүн референдум чакырууга көпчүлүктү үндөп, элден кол топтоо ишин баштамак. Акылбек Сариев демилгечилер алып келген документтердеги эки ачакейликтен улам маселе чечилбей турганын мындайча түшүндүрдү.

- Жанагы демилгелүү топ бизге такталбаган, туура эмес кагаздарды өткөргөн экен. Мисалы, жыйналыштарында союз, конфедерация тууралуу маселе бекилген экен. Кагаздар боюнча, ошого добуш берилген экен. Алар эки маселени кошуп ийген. Биринчиси - Жогорку Кеңешти таркатуу. Экинчи - мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү деп. Өздөрүнүн чогулушу бекиткенде ал маселе жок болчу.

Анын айтуусунда, Кыргызстанды Орусияга кошууну көздөгөн демилге топтун кантип расмий катталыш керектиги да мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес.

- Демилгелүү топту каттоо боюнча да өзүнчө бир түшүнүксүздүктөр болуп жатат. 1991-жылкы референдумдар жөнүндөгү мыйзамда Адилет министрлиги каттайт деп жүрөт. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу мыйзамды кабыл алып жатканда каттоо БШК укугу сыяктуу, милдети болуп калабы, мыйзамга демилгелүү топту каттоо деп кирип калган экен. Негизинен референдумдар жөнүндөгү мыйзам баарынан жогору турат. Анда ыйгарым укуктар так көрсөтүлгөн. Экинчи маселеси, рефрендум өткөрүү боюнча чет өлкөдө жүргөн жарандардын колун чогултуу боюнча. Ал мыйзамда каралган эмес. Бул жерде да түшүнүксүз маселелер чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков да ортодогу бүдөмүк маселелерди тактап берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылышканын, талаштуу маселеге азырынча чекит коюла электигин билдирди.

- Эң орчун маселе Орусия менен Кыргызстанды бириктирүү болуп жатпайбы. Ошого байланыштуу ал толук четке кагылган жок. Себеби бизде референдум жөнүндө жобо кабыл алынган. Анан биз ошол 2004-жылы кабыл алынган жобону жокко чыгардык. Азыр ошол жобонун үстүндө иштеп жатабыз. Анан да Орусия чет мамлекет болгондуктан, Орусия менен Кыргызстандын бириге тургандыгы тууралуу суроо менен Жогорку Кеңешке атайын суроо менен кат жөнөттүк. Ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Арнамыс партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев азыркы бийлик чынында эле демилгелүү топтун аракетине жолтоо болуп жатканын айтып, референдум тууралуу мыйзамдын негизинде Адилет министрлиги демилгелүү топту каттоодон өткөрүшү керек эле, дейт.

- Биздин топтун каттоодон өтүшүнө жол бербей жатат. Өзү мыйзам чегинде болсо Адилет министрлиги каттоодон өткөрүп иштетиш керек болчу. Адилет министрлиги өзүнүн мойнуна албай, Борбордук шайлоо комиссияга жиберип коет. Борбордук шайлоо комиссиясы муну чече албайт.

Ошентип күз келери менен парламент, айыл өкмөттөрүн шайлоо, ага кошумча Кыргызстан менен Орусия биримдигин түзүү демилгеси кыйла талаш-тартыштарды жаратарын байкоочулар эмитен эле белгилешүүдө. Конституциялык сот бүтүмүн чыгарып берсе парламент жаңыланган Башмыйзамды кароого киришип, конституциялык реформа уланганы туру.

XS
SM
MD
LG