Инвестициялык кеңештин катчысы Таалай Койчуманов аталган кеңештин өткөн отурумунда кабыл алынган беш чечимдин аткарылышы, ишкерликти өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан көрүлүүчү колдоолор, электрондук консулдук виза киргизүү боюнча түзүлгөн эксперттик топтун иштери тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле ишкерлердин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында да аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев болсо ишкерликти жана экономиканы өнүктүрүү багытында президент тарабынан кол коюлган бир катар маанилүү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу керектигин белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик көзөмөлдөөчү оргнадардын тынымсыз текшерүүлөрү ишкерликти өнүктүрүүгө кедерги болуп келүүдө.
- 2006-жылы ар кандай 41 миң текшерүү жүргүзүлүптүр. Анын жыйынтыгында бюджетке эки млн. сомдон ашуун каражат түшсө, текшерүүгө кеткен чыгым 72 млн. сомду түзгөн. Мындай натыйжа бербеген текшерүүнүн деле кереги жок.
Атамбаев белгилегендей ишкерлер биримдиги жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен жолугушканда, алар ыгы жок текшерүүлөргө чек коюуну колдой тургандыктарын айтышкан.
Инвестициялык кеңештин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жеке эле кеңешке жүктөлбөй, президенттин администрациясы, өкмөт тарабынан да көзөмөлдөнсө натыйжалуу ишке ашып, ишкерлерге бир топ жеңилдик болот дейт аталган кеңештин мүчөсү, ишкер Чыныбай Турсунбеков. Ишкердин пикиринде Инвестициялык кеңештин чечимдери кагаз жүзүндө калбай турмушка ашырылса, экономикага байланыштуу бир топ масллер оңдуу чечилет.
- Жөнү жок текшерүүлөр боюнча, уруксат берүүчү жөнгө салуучу система боюнча кабыл алынган жардык, мыйзамдар акырында түшүм берерин эми жакынкы мезгил көрсөтөт деп ойлойм. Эми сентябрь айында текшерүүлөр боюнча мыйзам күчүнө кирет. Күчүнө киргенден баштап мыйзамды бузгандарга тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Бүгүнкү күндө ишкерлер өздөрү дагы сабаттуу, юристтер менен иш жүргүзүшөт. Алар бул мыйзамдарды өздөрүнүн иштеринде курал катарында пайдалант деп ишенем, -деди Чыныбай Турсунбеков.
Президент Курманбек Бакиев Инвестициялык кеңеште козголгон маселелерди натыйжалуу ишке ашыруу керектигин, мыйзамдын аткарылышына катуу көзөмөл болоорун баса белгиледи. Өлкө башчысы ошондой эле мыйзамдардын аткарылышына, жаңыча жашоого маани бербеген чиновниктерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Инвестициялык кеңештин кийинки отурумун август айынын соңунда өткөрүү болжолдонду. Эскерте кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында мамлекет башчысынын жардыгы менен бизнес чөйрөсүн жана инвестициялык абалды жакшыртуу максатында Инвестициялык кеңеш түзүлүп, анын курамына ишкерлер, эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү кирген.