Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

В.ЯНУКОВИЧ: УКРАИНА ГАЗСЫЗ КАЛБАЙТ


Украинада келерки жылы Россиядан канча газ аларын, анын баасы канча болорун эч ким билбейт. Бул маселеде сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады деп тынсызданып, шейшемби күнү өлкөнүн тышкы иштер министри президентке жана премьерге кайрылган эле. Анын эртеси өкмөт башчысы жагдай жайында экенине ишендирди.

Украинанын тышкы иштер министри Арсений Яценюк сүйлөшүүлөр иш жүзүндө үзгүлтүккө учураганы тууралуу президентке жана премьерге маалымдаганын айткан эле. “Өкмөт аралык макулдашууга ылайык, 2008-жылда алына турган газ боюнча быйыл 1-июлдан кечикпей контракт түзүп, кол коюушубуз керек эле, - деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына. –

Бирок бул жасала элек, анткени алиге чейин көрсөтмө ала элекпиз, сүйлөшүү жүргүзө турган делегация да аныктала элек. Балким,кандайдыр бир талкуулар болуп жаткандыр,бирок алардын баары бейырасмий иштер”.

Министрдин сөзүн президент Виктор Ющенко да ырастады. Газ жана мунай сатып алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөт өкүлдөрүнө мамлекет башчысы гана мандат берерин айтып, Ющенко азырынча эч кимге мындай милдетти табыштай электигин билдирди.

Мунун алдында өлкөнүн “Нафтогаз” компаниясынын башчысы Евгений Бакулин орустар менен тийиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, кыйынчылыктар бар экенин, бирок баары белгиленген режимде баратканын жана келерки жылы миң куб.метр газдын баасы 143 доллардын тегерегинде болорун кулак какты кылган. Ал эми отун жана энергетика министри Юрий Бойко сүйлөшүүлөр жабык мүнөздө болорун,антпесе былтыркыдай ызы-чуу көбөйүп,иш создугуп кетерин эскерткен. Бу позицияны экономика министри Анатолий Кинах да колдогон.

Шаршемби күнү бу маселеге премьер Виктор Янукович атайын кайрылды. Ал баарыдан мурда газ жана мунай туруктуу баа менен сатылып алынарын, орустардын “көгүлтүр отуну” Европадагы керектөөчүлөргө өксүтпөй өткөрүлүп турарын белгиледи. ”Украина Европа менен Россиянын ортосунда бекем көпүрө бойдон калат”, - деп ишендирди ал. Янукович быйылкы жылы Украина Россиядан газды КМШга жана Европага салыштырганда эң арзан баада сатып алып жатканын да эске сала кетти. Бирок эмдиги жылы “көгүлтүр отундун” баасы канча болорун айткан жок. Болгону анын өкмөтү былтыркы кыйын жагдайды оңдоп, кырдаалды туруктуу абалга жеткиргенин кайталап эске салды.

Януковичтин бу сөзү алдыдагы парламенттик шайлоодон кийин кокус башка өкмөт куралса, газ маселеси Украинанын кайрадан башкы проблемасына айланарын эскерткен каңкуудай да угулду.

XS
SM
MD
LG