Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө баруунун түйшүгү көбүнесе Алматыдан башталчу эле, бул ирет ага жолдун алыстыгы кошулганы туру. Чехиянын элчилиги консулдук кызматы менен Казакстандын түштүк борборунан Астана көчүүгө камынууда.
- Виза ачуу мөөнөтү мурдагыдай эле кала берет, беш жумушчу күнү. Бул чакыруу боюнча кыска мөөнөткө баруучулар үчүн. Алматыда өкүлчүлүк болгондо Астанага барыштын кажаты жок эле. Өкүлчүлүк Алматыда болбойт, айла жок, Астанага барууга туура келет,- деп билдирди өзүн Евгения деп тааныштырган Чехиянын Алматыдагы элчилигинин кызматкери.
Элчилик октябрдын экинчи жарымында Астанага көчүп, «Арман» комплексиндеги Сарарка көчөсүндөгү №6-үйгө жайгашмакчы.
Такталбаган маалыматтарга караганда, Чехияда миңге жакын кыргызстандык атуулдар мыйзамдуу-мыйзамсыз жүрүшөт. Алардын арасында чех жарандыгын алгандары да бар. Анткен менен Европанын так ортосундагы өнөр жайы мыкты өнүккөн, мамлекеттик бюджетинин кыйла бөлүгүн туризмден чогулткан Чехияда, айталы, Улуубритания, Италияга салыштырмалуу мекендештерибиз аябай эле аз экенин айрым маалымдоо каражаттары кабарлап жүрүшөт.
Лондонго сапар тартканы калган жүргүнчү визаны ошол эле Алматыдан же Шенген келишимине кирген мамлекеттер үчүн ушул эле Бишкектен ачуу мүмкүндүгүнө ээ.
Астанадан Чехияга виза ачуу кыргызстандыктар үчүн кошумча түйшүк алып келерин «Озодлик» радиосунун кабарчысы Элмурад Жусубалиев мындайча билдирди.
- Бишкектен Алматыга барыштын өзү чоң проблема эле. Алматыга барып алып таңкы саат алты-жетиден тартып, суукка карабай, дилдиреп туруп кезек күтүшкө туура келчү. Азыр эми элчилик менен консулдукту Алматыдан Астанага көчүрүш кыргыз жарандары, кыргызстандыктар үчүн абдан чоң проблема болот. Астанага барып-келиш үчүн жок дегенде 500 – 600 доллар акча кетет экен. Анан Астанада бир жума жашашка туура келет. Ага да 500 – 600 доллар кетет. Бир виза алыш үчүн эле Кыргызстандын бир жараны, кыргызстандык атуул 1000 – 1500 доллар артыкбаш акча сарпташына туура келет. Мен ойлойт элем, Чехия өкмөтү Бишкекте да консулдук бөлүм ачып, ушул жерден кыргызстандык жарандарга виза берүүнү уюштуруп койсо абдан жакшы болмок.
Астанага барып-келүү кыйынга туруп каларын бишкектик менеджер Айнура да ырастады.
- Ал жерге барып-келиш кыйын болуп калды. Алматы жакын эле. Астанага поезд, автобус менен барса жолу бир сутка. Учак менен барайын десең эң арзан билети 250 доллар экен. Анан да учак Алматыдан гана учат. Бишкектен Астанага түз учак каттамы жок. Бишкектен Алматыга да учак каттабайт.
Ушу тапта Европада канча кыргызстандык жүргөнүн так билген киши жок. Кыргызстандын миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин атын атагысы келбеген кызматкерлери андай маалыматты толгон-токой документтер арасынан издеш үчүн кеминде эки күн кетерин айтышты.
Миграция комитетинин басма сөз катчысы Капар Исаков чет жерде иштеп жүргөн мигранттар маселесине алар кайрылганда да кийлигишерин билдирди.
- Бизге кайрылганда гана бул ишке кийлигишебиз. Мисалы, «Мен Улубританияга бардым эле момундай болуп кетти, өзүм ал жакта иштегем», деп арыз менен келсе, ошондо кайрылабыз.
Чехияга барууга камынган кыргызстандыктардын айрымдары «шылтоо менен Астананы да көрүп алат экенбиз» деп кубанычтарын жашырган жок. Анткен менен узак жолду, артыкбаш ыгым-чыгымды ойлонгондордун көбү андай жайдары тамашаны жактырышкан деле кейпи жоктой.