Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

ЭЛЕТТИКТЕРДИ БУШАЙМАН КЫЛГАН “ТАЗА СУУ”


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Азия өнүктүрүү банкы тарабынан “Таза суу” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/EAEA5626-B7A0-4529-A994-8D23EA5A5A1E.asp программасы толук кандуу ишке ашкан жок деп эсептеген “Таза табийгат” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Анара айым, сиздер Чүй облусунун ондон ашуун айылында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып курулган кудуктарды текшерип чыккан экенсиздер. Анын жыйынтыгы кандай болду?

-Биздин уюм Чүй облусу боюнча төрт райондо мониторинг уюштурдук, анан ушундай жыйынтыкка келдик. Биринчиден, Азия өнүктүрүү банкы 1 миллион 200 миң кишини айылдарда, 300 миң кишини шаарда таза суу менен камсыз кылмак. Ал ишке ашырылган жок. Чүй облусу боюнча айтсам, долбоордун башында тургундар долбоор боюнча толук маалымат алышкан эмес жана беш пайыздык чогултулган акча иштетилген эмес. Экинчиден, Азия өнүктүрүү банкы өзүнүн саясатын бузган.

-Анара айым, сиздер текшергенде таза суу кудуктардан аккан суулар таза бекен? Экологиялык жактан кандай жыйынтык чыгардыңар?

-Экология жагы абдан начар. Үч эмчек айылы, Ысыката районунан 19-июнда курттар чыккан. Курттун өлчөмү 15-35 см экен. Ал боюнча бизде Медициналык академия жана Санэпидемстанциянын чечимдери бар. Ал курттар элге таасир келтирет.

-Анара айым, 21-февралда коомдук угуу өткөрбөдүңүздөр беле. Анын жыйынтыгы кандай болду?

-21-февралда коомдук угууларды биз үч айда Ысыката районунда өткөргөнбүз. Ошондо эл резолюция кабыл алган. Президентке жана Азия өнүктүрүү банкына. Президентке үч маселе менен кайрылган. Биринчиден, долбоордун негизиндеги карыздарды жокко чыгарылуусун. Экинчиден, Кыргызстандын прокуратурасы “Таза суу” долбоорун текшерүү боюнча жыйынтыгын коомго толук маалымат берсин. Үчүнчүдөн, “Хан-Тенгри” жалданма компаниясын куруу иштерин сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартуу. Азия өнүктүрүү банкына дагы үч талап койгон. Биринчиден, “Таза суу” долбоору боюнча чогулткан каражаттардын 5 пайызы элге кайтарылып берилсин. Экинчиден, Азия өнүктүрүү банкынын атайын миссиясын “Таза суу” долбоору аталган банктын аудитке киргизилсин. Үчүнчүдөн, курулуш иштери сапатсыз аткарылгандыгы үчүн Карагайбулак, Үч эмчек жана Ташбашат айылдарындагы кемчиликтер жоюлсун деген талаптар.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG