Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ЖОЛ КЫРСЫК: 10 АДАМ КАЗА ТААП, 32 АДАМ ООР ЖАРАКАТ АЛДЫ


Жазгүл Жамангулова, Чүй 20-июлдан 21-июлга караган түнү Бишкек-Торугарт автожолунун алтымыш төртүнчү чакырымында оор авто кырсык катталды. Маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган автобус эс алуучуларды жеткирип Чолпон-Ата шаарынан Казакстанга бараткан. Жогорку ылдамдыкта келе жаткан автобус Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында “Мерседес 220-Е” жеңил автоунаасы менен кагылышкан. Соңку маалыматка караганда кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болуп, отуздан ашыгы жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген. ИИМдин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда учурда бул окуяга карата кылмыш иши козголуп, териштүрүү иштери жүрүп жатат.

Кырсыкка учураган “СЕТРА” маркасындагы автобус алтымыш жүргүнчүгө өлчөнгөн. Автобустун айдоочусу Алмаз Абылаев саатына 150 чакырым ылдамдыкта баратып, Токмок шаарынын этегиндеги Дунларов көпүрөнүн жанында “Мерседес 220-Е” (B 18-63 X) жеңил автоунаасы менен кагылышкан. “Мерседестин” айдоочусу Токмок шаарынын тургуну Алмазбек Молдобеков кырсык болгон жерде каза болгон. Автобустагы 49 жүргүнчүнүн жетөө дагы кырсык болгон жерде жан берген. Экөө Токмок аймактык ооруканасына жетип көз жумган.

Калгандары оор абалда жергиликтүү ооруканаларга жаткырылган. Азыр борбордогу бир катар даарыгерлер аталган ооруканаларга жиберилди деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев:

- Үчөө эс учуна келе элек. Ону хирургияда жана жетөө травматологияда. Биз азыр борбордогу нейрохирург, нейротравматолог, травматолог жана хирургдарды Токмокко жөнөттүк. Булардын көпчүлүгү Казакстандын жарандары болгондуктан алар тарапта кандай жардам керек, деп кайрылышууда.

Кырсыкка кабылгандардын жыйырма беши Токмоктогу аймактык ооруканага жетөө Чүй облустук бириккен ооруканасына жаткырылган болсо алардын ичинен бешөө жакын арада үйлөрүнө жиберилет. Автобустун айдоочусу да азырынча оор абалда ооруканада жатат. Көптөрүнүн ким экендиги, кайсыл өлкөнүн атуулу экени такталып жатат. Бул туурасында Токмоктогу аймактык оорукананын директорунун орун басары Бектур Чеңгеловдон сураганыбызда:

- Баарына жардам көрсөтүлдү. Бирөөнө ичеги карындары жарылып кеткендиктен операция жасалды. Ал эми эс-учун билбей жаткандардын ичинен эң оор абалдагысы Кыргызстандын жараны экени белгилүү болду.

Учурда аталган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду жана тергөө иштери жүргүзүлүп жатат деп билдирди ИИМнин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

- Автобустун айдоочусу түн ичинде мынчалык ылдамдыкта айдабашы керек эле. Анын үстүнө автобуста 49 жүргүнчү болгон. Алдын ала тергөө көрсөткөндөй айдоочунун толук түрдө күнөөсү бар. Азыр соттук-медициналык, авто-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

ИИМнин басма сөз кызматы, «алдына ала тергөө иши көрсөткөнгө караганда авто кырсыкка автобустун айдоочусу күнөөлү, себеби түн экендигине карабай жогорку ылдамдыкта бараткан», - деп билдирет. Бирок бул аралыкта Мамлекеттик авто инспекциясынын кызматкерлери кайда жүргөн, алар кандай жоопкерчиликке тартылыш мүмкүн, деген суроо туулат. Басма сөз кызматынын башчысы буларды белгиледи.

- МАИлердин жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралышы керек. Себеби министр Молдомуса Конгантиев Ысык-Көл-Бишкек жолун өзгөчө текшерүүгө коюп, өзү да бир нече ирээт карап чыккан. Күчөтүлгөн талап коюлган. Бул үчүн тиешелүү МАИ кызматкерлери жооп берет.

Кыргызстанда туристик сезон болгон жай айларында авто кырсыктар өтө арбын катталат. Бирок соңку жылдар кырсыктын мындай оор түрү катталган эмес, деп билдирет ИИМнин басма сөз кызматы. Ал эми айрым Интернет сайттарда чагылдырылган маалыматка таянсак, 2002-жылы августь айында Казакстанга бет алган автобус Ысык-Ата районунан авто кырсыкка учурап, 12 жүргүнчү каза болгон экен.

XS
SM
MD
LG