Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Журналист А.Политковскаянын өлүмүнүн артында ким турат?


Москванын округдук аскер соту Анна Политковскаянын ишин жүргүзүп жаткан сотту алмыштыруу тууралуу Баш прокуратура киргизген сунушту шаршемби, 26-ноябрь күнү четке какты. Ошону менен катар соттун олтуруму маалымат каражаттары үчүн ачык боло тургандыгын да жарыялаган.

19-ноябрь, сот иши жаңы башталган күнү, ишти башкарып аткан Евгений Зубов, присяжныйлар журналисттер катышпасын деген чечим кабыл алды деген шилтеме менен отурумдардын жабык өтө тургандыгын жарыя кылаган.

Тергөөгө алынып аткан төрт кишиге Политковскаяны өлтүрүшкөн деген айып тагылууда. Журналист Анна Политковская 2006-жылы октябрда үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.

Москванын Арбат көчөсүндө аскер округдук сот маркум Политковскаянын ишин жүргүзүүдө аны журналисттерден жашырып-жаппай өткөрмөк болду. Ага дейре төрагалык кылып аткан сот Евгений Зубов жабык өтөт деп чечим чыгарган. Бирок ага присяжныйлар арасынан Колесов каршы билдирүү жасаган. Ал «Эхо Москвы» үналгысы аркылуу айтканга караганда, эч ким журналисттерден коркуп-үрккөн эмес жана андай шылтоону Зубов ойлоп тапкан. Андан соң арыз жазып присяжныйга мүчө болууну таштап атканын Евгений Колесов мындайча билдирди:

- Анын баары жалган экенин көргөздүм. Биз эч кандай билдирүү жасаган эмеспиз. Ошондуктан мындай, бейадилет соттун ишине катышкым келбейт деп жаздым.

Орусиянын Баш прокуратурасы да ал сотту алмаштыруу сунушун киргизген, бирок андай талапка аскер округдук сот макул болбой ишти мындан ары да Зубов улантмак болгон.

Политковскаянын ишинин аскердик сотто каралып жатышы – кармалгандар арасында ФСБнын офицери Павел Рягузовдун болушунан улам болууда. Тергөөнү жабык өткөрүү сунушу да ошондон улам болгон. Айып тагылып аткандардын башкалары - милициянын мурдагы кызматкери Сергей Хажыкурбанов жана ага-ини Жабраил, Ибрагим Махмудовдор. Баары тең айыптоолор менен макул эмес.

«РБК-daily» жазган макалада, Анна Политковскаяны өлтүрүүгө буйрук берген киши бар экени - аты-жөнү айтылбаса да – айкын болот. Айып тагылып аткандардын биринин адвокаты Мурад Мусаев мындай дейт:

- Каралып аткан иштин материалдарында анын көзүн тазалоого бирден бир себеп – Политковскаянын кайсы бир саясий ишкерлердин бетин ача сындап жазган репортаждары болгону көрсөтүлгөн.


Бирок бул иш колго жаңыдан алына баштаганда Башкы прокуратура аны өлтүрүүгө буйрук берген ким экени бизге белгилүү ал азыр чет өлкөдө, европалык бир мамлекетте жашап жүрөт деген маалымат таркаткан.

Азыр ошол өлтүрүүгө буйрук берген саясий ишкер Орусиянын ичинде деп айтылганда The Guardian гезити «Орусиялык бийлик 2006-жылы октябрда Политковскаянын өлүмүн уюштурду деп Лондондо жашачу олигарх Борис Березовскийди кинелеген. Өткөн жылы башкы прокурор Юрий Чайка журналисттин өлүмүн Британияда жашап атып, Березовский, Владимир Путинди жаманатты кылыш үчүн уюштурду деп кыйыткан. Путинди катуу сындап келаткан олигарх болсо ага тийешеси бар экенин четке кагып келет» - деп жазат.

Маркум журналист иштеп келген «Новая Газета» жетекчилеринин бири Сергей Соколов болсо жүрүп аткан сот ишинде мындай дейт:

- Анна Политковскаяны өлтүрүү себептеринин негизи айтылган. Андай негиз Аннанын кесиптик ишкердиги экени айкын болот.


Ошону менен катар ал аты аталбаган орусиялык саясатчынын тийиштиги бар деген Мусаевдин божомолун көңүлгө аларлык деп эсептейт. Ал Кремл бийлигин ачуу сындоо жагынан аты чыккан. Андан сырткары Чеченстанда адам укугун тебелеп тепсөөнү иликтөөгө алуудан тажабаган журналист болгон.

Кызык жери, шаршемби күнү, сот өтүп аткан жерге, ИНТЕРФАКС жазганга караганда, айып тагылып аткан Ибрагим Махмудовду, ал отурган абактан тартып келаткан машинени бир жеңил машине сүзүп алган. Натыйжада аскердик округдук сотун иши бир жарым саат кечигип башталган.

XS
SM
MD
LG