Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Арменияда оппозиционерлер үстүнөн сот жүрүүдө


Армениянын мурдагы тышкы иштер министри Александр Арзуманян сотто коргонууда.
Армениянын мурдагы тышкы иштер министри Александр Арзуманян сотто коргонууда.

Арменияда оппозициянын таанымал жети өкүлүнүн үстүнөн сот башталды. Алар быйыл март айында оппозициянын президентикке талапкери Левон Тер –Петросяндын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү Ереванда кагылышкандан кийин камалышкан. Оппозиция өкүлдөрүнө өкмөттү күч менен кулатууну көздөгөн деген айып коюлууда.

2008-жылдын 20-февралында Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы ал кездеги премьер- министр Серж Саркисянды президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялагандан көп өтпөй эле оппозиция талапкери, мурдагы президент Левон Тер- Петросяндын шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеген миңдеген жактоочулары башкааланын Эркиндик аянтына топтолушкан. Расмий маалымат боюнча февралдагы шайлоодо Серж Саркисян 52%, Тер –Петросян 21,5% добуш алган. Ал эми Тер-Петросяндын өзүнүн ырастоосунда аны бери дегенде элдин 65%ы колдогон.

Тер –Петросяндын жактоочуларынын Еревандагы нааразылыгы 1-мартка чейин уланып, бул күнү полиция демонстранттарды күч менен таратуу аракетин баштагандан кийин эки ортодо кагылыш чыгып, натыйжада он адам: сегиз жөн –жай тургун, эки полицей мерт болгон, ондогондору жаракат алган. Кандуу кагылышуунун соңунан кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Роберт Кочерян Ереванда 20 күнгө өзгөчө абал киргизген.

1-2 марттагы кагылышуулардан бир апта мурда жана андан кийин жалпысынан 100дөн ашуун киши камакка алынган. Мурдагы президент жана талапкер Тер-Петросяндын жактоочулары алардын кеминде 70ин саясий айыпкерлер катары кароого болот деп эсептешет.

Армениянын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, октябрь айынын орто ченине чейин ошол кармалгандардын 43ү ар кандай мөөнөткө абакка кесилип, 37си шарттуу соттолгон. Октябрдын ортосунан бери да Левон Тер-Петросяндын эки белгилүү жактоочусу түрмө жазасын алды. Анын дагы бир жактоочусу Баш прокурордун мурдагы орун басары Гагик Жахангирияндын үстүнөн 1-сентябрда башталган сот али уланууда, ал бийликти күч менен кулатууну көздөгөн деп айыпталууда.

Сот залына биринчи жолу 19-декабрда алынып келинген жети оппозициячыга да ушундай айып тагылууда. Алардын эң белгилүүсү -өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Александр Арзуманян. Арзуманян февралдагы шайлоодо мурдагы президент жана талапкер Левон Тер-Петросяндын штабын башкарган. Андан сырткары иши сотто карала баштаган бул топто парламенттин мурдагы алты мүчөсү бар. Айыпкерлердин баары тергөөчүлөрдүн дооматары менен макул эмес, саясий жүйөөдөн улам камакта отурабыз деп эсептешет.

Маселен сот жараяны ачылган күнү Александр Арзуманян төрагалык кылып жаткан судья Мнатсакан Мартиросянга кайрылып, буларды айтты:

-Кагаз жүзүндөгү өтүнүчтөрдүн баарын алып, тигил бөлмөгө барыңыз, президенттик администрацияга телефон чалып, бул иши кароодон баш тартууга уруксат берер-беришпесин сураңыз. Эмне кылуу керектигин сизге айтышат, анан бизге маалымдаңыз. Башка маселелерге андан кийин өтөлү. Себеби бизде бул өтүнүчтөрдү бир нече айга талкуулагыдай убакыт жок. Сот жараяны канчалык бат жылса, биз бул абсурд айыптоолордун ток этер жерине тезирээк келебиз. Ошондо бул кылмышты жасагандарды биз айыптоочу болуп калабыз. Бул биздин жалпы кызыкчылыкка жооп берет.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун армян кызматынан алынган маалыматка караганда, соттун кийинки отуруму 27-декабрга белгиленди.

Бул аралыктагы марттагы кандуу кагылышуу боюнча кош иликтөө уланууда. Армениянын парламенти өз комиссиясын июнь айында түзгөн. Ошондой эле Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы –ПАСЕнин кысым астында армян бийликтери көз карандысыз комиссия уюштурууга да мажбур болгон.

ПАСЕ октябрь айындагы билдирүүсүндө камактагылардын үстүнөн тергөөнүн узакка созулганына камтамачылыгын, ал эми түрмөгө кесилгендердин иши сотто адилет каралганына күмөн саноосун билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG