Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Иранда "Улуу Пайгамбар" аскерий оюну башталды


Ирандын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгы менен Перс булуңунда ири аскерий машыгууну баштады.

Үч күндүк аскерий оюндарга аба жана деңиз күчтөрү, ошондой эле кургактагы аскерлер тартылган. Машыгуу Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран-Батыш ортосундагы тирешүү курчуп турган кезде өткөрүлүүдө.

"Улуу Пайгамбар" машыгуусуна "Я Мехди" кемеси да катышат
Ирандын согуштук күчтөрү Ормуз кысыгындагы аскерий оюндарда. 22-апрель


Ирандын тандалма ынкылапчыл корпусу баштаган үч күндүк аскер оюндарынын ырасмий аталышы - “Улуу пайгамбар”. Машыгуу Перс жана Оман булуңдарын бириктирген Ормуз кысыгында өткөрүлмөкчү. Бул кысык дүйнөлүк экономика үчүн абдан маанилүү. Анткени, ал аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөр дүйнөлүк базарга саткан мунайдын дээрлик 40 проценти ташылат.

Кабарларга караганда, эгерде Ормуз кысыгынан өткөн мунай ташуучу кемелерди токтотуу зарыл болсо, буш ишти Ынкылапчыл гвардия деңиз күчтөрүнө жүктөйт кейпи.

Тегерандын маалымдашынча, машыгуу Ирандын куралдуу күчтөрү стратегиялык региондун коопсуздугун камсыздоодо негизги оюнчу экенин даңазалоого тийиш.

Өкмөттүк телеканалдын билдиришинче, машыгууга ылдам жүрчү жана радарлардан көрүнбөчү “Я Мехди” деп аталган катер болуп, бардыгы 300дөн ашуун кеме-кайыктар катышат жана алар ракета атып машыгышат.

Иран 2006-жылдан бери ар жайда Ормуз кысыгында аскер оюндарын өткөрүп келет. Бирок, бу ирет машыгууну эмнеге эртелеп өткөрүп жатканы жөнүндө түшүндүрмө берген жок.

Иран. Куралдуу күчтөрдүн "Улуу Пайгамбар" машыгуусунан бир көрүнүш. 22-апрель
Машыгуу өлкөнүн ядролук программасы боюнча Иран менен Батыштын тирешүүсү күчөп турган чакта өтүүдө. АКШ жетекчилиги Иран уранды байытууну токтотпосо, мурдакыдан да катаал чара көрүүнү сунуш кылууда. Буга чейин Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга үч жолу санкция киргизген.

АКШ-Иран тиреши күчөөдө

Шаршемби күнү Пентагон эгерде дипломаттык жана экономикалык чаралар үзүрүн бербесе, Ирандын ядролук ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн күч колдонуу мүмкүнчүлүгү али да күн тартибинде турганын билдирди. Тегеран болсо ядролук ишканаларына сокку урулса, Израил менен АКШнын региондогу обьектилерине чабуул жасалып, Ормуз кысыгы бууларын эскертти.

Ал эми Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи непада чатак чыкса, Батыш тийиштүү жообун алат деди:

-Биздин ядролук саясатыбыз ачык-айкын. Биз массалык кыргын салчу куралдарды колдонбой турганыбызды көп жолу айтканбыз. Бирок биз менен чатакташып жана берегидей коркутуп, пайда көрбөсүн (батыштыктар) билиш керек. Иран эли береги өлкөлөрдү тизелетет.

Иран жетекчилиги президент Барак Обама ай башында жарыялаган АКШнын жаңы ядролук саясатына да нааразы. Анда Вашингтон ядролук куралы жок өлкөлөргө каршы атомдук курал колдонулбай турганы айтылган. Бирок андай өлкөлөрдүн катарына Иран жана Түндүк Корея киргизилген эмес.

Жакынкы Чыгыштагы бирден бир ядролук держава саналган Израил да Ирандын ядрролук программасы өлкөгө каршы багытталган деп коркушат жана Тегерандын ядролук обьектилерине кол салуу мүмкүндүгүн четке какпайт.

XS
SM
MD
LG