Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Сот Канатбек Исаевди 30-январга чейин камакта калтырды


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди дагы эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. 25-ноябрдагы жараян жабык өткөнүн эл өкүлүнүн жубайы Жамила Исаева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Исаевди быйыл 30-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27-беренеси (кылмышка даярдануу), 233-беренеси (калайман башаламандык) жана 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) боюнча иш козгогон.

2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаевдин баш коргоо чарасын аныктап, 30-ноябрга чейин камакта калтырган. Ишемби күнкү сот отурумунда камак мөөнөтү 30-январга чейин узартылды.

Исаевдин жакындары бул кармоодо саясий негиз бар экенин айтып, депутатты коргоо комитети да түзүлгөн.

Канатбек Исаевге алгачкы кылмыш иш ушул жылдын май айында козголгон. Ага Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган деп айып тагылган. (SE)

XS
SM
MD
LG