Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

MH17 боюнча иликтөө: Орусияга кысым күчөдү


Амстердам - Куала-Лумпур MH17 каттамын аткарган учактын сыныктары табылып жаткан учур. 18-ноябрь, 2014-жыл.
Амстердам - Куала-Лумпур MH17 каттамын аткарган учактын сыныктары табылып жаткан учур. 18-ноябрь, 2014-жыл.

Орусия төрт жыл мурда Украинанын чыгышында малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу жоопкерчиликти алуу чакырыктарын четке какты. 298 кишинин өмүрү кыйылган бул окуяда орус армиясынын ракетасы колдонулганын соңку иликтөө көргөзгөн эле.

2014-жылы Украинанын жикчилдер менен кармаш жүрүп жаткан аймагында атып түшүрүлгөн малайзиялык учактын маселеси боюнча Орусияга кысым күчөдү. Бул окуяда каза тапкан жүргүнчүлөрдүн көбү Нидерланддын жарандары болчу.

Андыктан бул өлкөнүн тышкы иштер министри Стеф Блок МН17 каттамындагы учакты орус армиясынын ракетасы атып түшүргөнү аныкталганын шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгилеп, Москваны бул тыянакты кабыл алууга чакырды:

Стеф Блок. БУУнун Коопсуздук кеңеши. 29-май, 2018-жыл.
Стеф Блок. БУУнун Коопсуздук кеңеши. 29-май, 2018-жыл.

- Нидерланд менен Австралия Орусияны бул маселеге олуттуу түрдө аралашып, жоопкерчиликти алууга чакырып жатат. Ошондой эле Орусия жүрүп жаткан кылмыш иликтөөсү боюнча биргелешкен иликтөөчүлөр тобу менен толук кызматташа башташы керек.

24-майда биргелешкен иликтөө тобу Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын Курск шаарында жайгашкан №53 зениттик-ракеталык бригадасынан келген" деген тыянагын жарыялаган. Андан көп өтпөй Австралия менен Нидерланд бул окуяга Орусия жооптуу деп билдиришкен.

Орусиянын жообу

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя орус тарап Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерланддын жана Украинананын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен иликтөө тобунун "эч негизи жок" корутундусун кабыл албай турганын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да талаптарды четке какты.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Бул трагедияга байланыштуу басма сөз жыйынында "иликтөө азырынча бүтө элек" деп айтылганы жана алар күнөөлүүлөрдү дагы эле издөөнү улантып жатканы кызык. Бирок ушул стадияда эле "Орусия Австралия жана Нидерланд менен кенемте боюнча сүйлөшүшү керек" деп жатышат.

Орус тарап бул окуя боюнча ишеним жараткан иликтөө жүргүзүлүшү керек экенин айтып жатат. Нидерланд Москванын бул айтканына жооп берип, БУУнун Коопсуздук кеңешинин көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү тууралуу резолюциясына Орусия вето койгонун эске салды.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Нидерланд менен Австралиянын позициясын колдоп, Орусия бул кейиштүү окуядагы өз ролун мойнуна алып, жооптуу адамдарды жазага тартышы зарыл экенин айтты. Ал Орусия ушул күнгө чейин Украинадагы жикчилдерди колдогонун моюнга албай жатканын да кошумчалады.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айында тутанган кармаштан баш-аягы 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды. Украин тышкы иштер министри Павел Климкин MH17 каттамындагы учактын атып түшүрүлүшү "террордук акт" болгонунда күмөн жоктугун, бирок Орусиянын дооматтарды четке какканы аны "таң калтырбаганын" айтты.

Украин өкмөтү кийинки айда "Орусия террорчулукка каршы келишимдерди бузуп жатат" деген жүйө менен эл аралык сотко кайрылууну көздөп турганы белгилүү болду.

Ачык булактар ашкерелейт

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Буга чейин Британиядагы “Беллинкат” уюму да учакка тийген ракета Орусиядан келгенин ачык булактардын негизинде аныктаган болчу.

Эл аралык комиссиянын корутундусун жарыялаган жыйын. 28-сентябрь, 2016-жыл.
Эл аралык комиссиянын корутундусун жарыялаган жыйын. 28-сентябрь, 2016-жыл.

Орусия жана Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер Малайзиянын учагын алар атып түшүргөнү тууралуу маалыматтарды төгүндөп, бул кырсыктын башка бир нече версияларын билдиришкен. Бирок алардын баарын эл аралык иликтөөчүлөр четке кагышкан.

Малайзиялык жүргүнчү учак “Бук” ракеталык системасынан Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан атылганын эл аралык иликтөө тобу 2016-жылы эле аныктаган.

Андагы баяндамада “Бук” системасы Украинага Краснодон аркылуу киргизилип, учак атып түшүрүлгөндөн кийин кайра дароо эле артка алынып кеткени көргөзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG