Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Трамп орус адвокат менен жолугушуунун максатын түшүндүрдү


Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая, 8-ноябрь, 2016-жыл
Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая, 8-ноябрь, 2016-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп 2016-жылы Нью-Йорктогу Трамп Тауэрде Кремль менен байланышы бар адвокатка саясий атаандашы тууралуу маалымат берилгенин мойнуна алып, бирок анын баары “мыйзамдуу” болгонун айтты.

5-августта "Твиттердеги" билдирүүсүндө Трамп мындай жолугушуулар “саясатта дайыма эле болуп келгенин” бышыктады.

2016-жылы Трамптын уулу Дональд Трамп, күйөө баласы жана азыркы кеңешчиси Жаред Кушнер, ал маалдагы Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт орусиялык адвокат Наталья Весельницкая жана башкалар менен жолуккан. Бул тууралуу Конгресстеги угуу маалында белгилүү болгон.

Москвалык адвокат менен жолугушуу орусиялык ортомчу Трамптын уулуна Хиллари Клинтонду “айыптай” турган маалыматты жана документтерди берүүнү сунуш кылгандан кийин уюштурулган.

Весельницкая Трамптын командасына жолукканда Кремль менен байланышта эместигин, “эч кандай мамлекеттик мекемеге” тиешеси жоктугун, өз алдынча иш жүргүзөрүн айткан.

27-июлда “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги Весельницкая Орусиянын мамлекеттик аткаминерлери менен тыгыз иштешкенин көрсөткөн документтерди жарыялады.

Трамптын "Твиттердеги" билдирүүсү бул жолугушуунун максатын түшүндүрүү менен анын уулу жана башка шайлоо штабындагылар хакерлер Клинтондун электрондук каттарын чыгарып жибергенден кийин ал тууралуу маалымат жыйноону көздөшкөнүн көрсөтөт.

Трамп буга чейин орусиялык адвокат менен анын штабындагылар америкалык үй-бүлөлөрдүн орусиялык жетим балдарды асыроосун талкуулашканын айткан эле.

XS
SM
MD
LG