Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Издөөгө алынган депутат үй камагына чыкты (видео)


Бычак көтөргөн депутат үй камагына чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Бычак көтөргөн депутат үй камагына чыкты

Токмок шаардык соту 27-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансеитовду үй камагына чыгарды.

Сегиз айдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов 25-апрелде милицияга өзү келген.

Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурган депутатты 27-апрелде Токмок шаардык соту үй камагына чыгарды. Сот жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Жансеитовдон бычак жеген Тилек Жамангуловдун атасы Касымбек Жамангулов сот өкүмүнө нааразы экенин жашырган жок. Ал тийиштүү инстанцияларга кайрыла турганын айтты:

"Кечээ кармалган адам, бүгүн дароо бошоп жатат. Бул киши сегиз айдан бери издөөдө жүрөт. Адамга кол салып, өлтүрүп коё жаздаса, эмненин негизинде чыгарып салышты? Мен эми президентке да арыз менен кайрылам".

Токмок шаары.
Токмок шаары.

Тургундар депутатты колдоп чыгышты

Жергиликтүү тургундар арасында жабыркаган тарап фактыларды көбүртүп, иш саясатташып кеткенин айткандар жок эмес. Алар депутат Жансеитов саясий оюндардын курмандыгы болгонун билдирип чыгышты.

Чүй районундук жайыт комитетинин төрагасы Жумагазы Бекжанов соңку жылдары Токмоктогу КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын так талашуусунун аркасында жергиликтүү депутаттар арасында да ырк кеткенине токтолду. Ал чырга парламент депутаты Урматбек Самаевди күнөөлөдү.

"Тынай Жансеитов менен Тилек Жамангулов бир айылдын, бир уруунун балдары. Ич ара эле элдешип алмак. Ишти Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев козутуп жатат. Ал Токмоктогу мэрдин кызматына жана шаардык кеңештеги төрагалык орунга “Кыргызстан” партиясынан өкүлдөрдү коюу үчүн КСДПнын депутаттарын куугунтуктап, соттотуунун аракетин көрүп жатат. Тынай Жансеитовдун соттолушуна биринчи ирет ошол адам жана анын тегерегиндегилер кызыкдар".

​“Азаттык” парламент депутаты Урматбек Самаевдин өзү менен байланышты. Депутат бул ишке тиешеси жоктугун, өзүнө карата каралоо күчөгөнүн белгиледи.

Урмат Самаев.
Урмат Самаев.

​"Туугандар экен, анын үстүнө бычакташа кетишиптир. Ал жерде мен болбосом, же бирөөсүнө бычак бербесем... Же аларды мен арыз жаздырдымбы? Ич ара эле араздашып жатышат, бири өлүм алдында калды. Экинчиси депутат башы менен колуна бычак алып жатса. Ушул жерден мени жөн эле каралагандарын туура эмес деп ойлойм".

Партия кармашы элди бөлдү

Ал ортодо Токмок шаарынын Мээнеткеч айылынын тургундары шаардык кеңеште жана эл арасындагы саясий кырдаалды жөнгө салып берүү үчүн президентке чейин кайрылуу жолдошту.

Айыл тургуну Данияр Дыйканбаев Токмок шаары ушу күнгө чейин КСДП жана “Кыргызстан” партиялары деп экиге бөлүнүп, жаштар арасында тирешүү күчөгөнүн айтып берди.

"Биздин айыл аксакалдары жаштар арасындагы араздашууну басып, элди бир сыйра ынтымакка чакырып жараштырган. Партиялык бөлүнүү айынан минтип айылдашыбыз Тынай Жансеитовду куугунтуктап, атүгүл биздин өмүрүбүзгө дагы кол салуу болуп жатат. Президент кырдаалды өзү көзөмөлгө албаса, Токмок шаарында кырдаал барган сайын курчуй берет. Керек болсо жаш балдар дагы көчөгө чыга албай калды. Бардыгы ушу саясаттын айынан болуп жатат, куугунтук күчөдү..."

​2018-жылдын 26-августунда Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөнү тууралуу кабар тараган. Кийин жараат алган тургун Тилек Жамангулов экени белгилүү болгон. Бул факт боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитовго эл аралык издөө жарыяланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG