Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Соттолгон жетекчи өкүмгө макул эмес


Насирбек Алмаматов. "НТС" телеканалынын буга чейинки тартылган тасмасынан алынган сүрөт.
Насирбек Алмаматов. "НТС" телеканалынын буга чейинки тартылган тасмасынан алынган сүрөт.

Пара алууга шектелип кармалган Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Ал өкүм менен макул болбой жогорку инстанцияга кайрылды.

Бөлүм башчысы жазага тартылганы менен "Унаа" деп кайра түзүлгөн бул мекемеде паракорчулук жана коррупциялык аракеттер тыйыла элек деп эсептегендер кардарлар арасында азайган жок.

12 жарым жылга кесилген Алмаматов

Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго карата чыккан сот өкүмү, иш шаардык сотко өткөндө гана белгилүү болду. Октябрь райондук соту аны бир ай мурда 12 жарым жылга кескен.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы “Азаттыкка” буларды билдирди.

“2019-жылдын 25-мартында Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Айыпталуучунун жактоочусу берген апелляциялык арызынын негизинде жана Бишкек шаарынын Октбярь районунун прокурорунун жардамчысынын берген сунушунун негизинде, иш 2019-жылдын 14-майында Бишкек шаардык соту тарабынан каралат”, - деди ал.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирген.

Алмаматовго Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга удаа эле бир катар маалымат каражаттары Насирбек Алмаматов пара алып жаткан учурда тартылган оперативдик видеолорду жарыялаган. Анда ал иш бөлмөсүнө кирген адамдардан түрдүүчө суммада акча алып, кандайдыр бир документтерге кол коюп берип жатканы тартылган.

Алмаматов кармалгандан кийин "Азаттыктын" кабарчылары Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментине барып, иликтөө жасаган.

Бул айыптоолор боюнча Алмаматовдун позициясын билүүгө, адвокаты Сумар Насизанын комментарийин алууга мүмкүн болгон жок. Адвокат иштеген Бишкектеги “Хо и корпорейшн” мекемесинин өкүлдөрү Насиза соттук процессте экенин, андан чыкса да медиага маек кура албай турганын билдиришти.

Насирбек Алмаматовдун ордунда иштеп жаткан Адылбек Рыскелдиев да мурдагы кызматташынын иши боюнча комментарий берүүдөн карманды. "Азаттыктын" “Сиз өзүңүз мыйзамсыз аракеттерге барып жаткан жоксузбу?” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

Адылбек Рыскелдиевдин иш-бөлмөсү.
Адылбек Рыскелдиевдин иш-бөлмөсү.

“Бизде андай нерсе жок. Жаңы кирген система ага жол бербейт. Азыркы күндө автоматташтырылган жаңы маалыматтык система менен иш алып барып жатабыз. Коррупциялык иштерге азыр жол берилбейт. Мурунку кетирилген кемчиликтердин баары жоюлду. Азыр бардыгы электрондук кезек менен болуп жатат. Кезек көбүрөөк болгон себеби, “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, айыппулдар келе баштаганы үчүн тургундар массалык түрдө автоунааларды кайра каттатуу менен чуркап жүрүшөт. Ошого бизге келгендер көбөйүп, узунураак кезек болуп калды. Бирок ошого карабай биздин кызматкерлер түшкү тамактанууга карабай элди тейлеп жатат.

Баса, Адылбек Рыскелдиевдин кызмат ордунун аталышы, аталган департаменттин кайрадан түзүлүшү менен чогуу өзгөргөн.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган.

Узун кезекке жана паракорчулукка нааразылык

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы ишкана боюнча кеңешме өткөрүп, машинелерди жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге, коррупцияга байланыштуу коомчулуктан көп нааразы пикирлер бар экенин билдирген. Ал “Унаа” мекемеси ошол нааразылыктарды, бюрократияны жана узун кезектерди жоерун убада кылган.

"Унаа" мамлекееттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү.
"Унаа" мамлекееттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү.

Бирок узун кезек жана коррупциялык көрүнүштөргө карата нааразылыктар толук жоюла электигин "Азаттык" «Унаа» мамлекеттик мекемесинин республикалык башкармалыгына жана Бишкек шаардык бөлүмүнө барган учурда туш болду. Мында документ бүткөргөнү келгендер минтип даттанышты.

Үсөналы Жапаров: Мен машинеге жаңы номер алганы келгем. Бул жердин кабыл ала турган жерлери көп эле экен, бирок баары бир жетишпей жатышат. Түшкө чейин келгем, азыр мына түштөн ооп кетти, кезегим келе элек. Кызматкерлер тез-эле иштеп жаткансыйт, бирок мындан да ыкчам иштешсе болмок.

Дамир Сулайманов: Мурдагыга караганда бир аз ылдамдагандай көрүнүп жатат. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, баягыдай эле кезек, баягыдай эле ортомчулар нары-бери чуркап жүрөт. Паланча-түкүнчө деп көрсөтө албайм, бирок кезек күтпөйм дегендердикин бүтүрүп эле жатышат. Сыналгыдан айтып атышат го, “барсаң эле, документиңди жеңил берип коет” деп. Андайды азыр көргөн жокмун. Балким бара-бара түзөлөттүр.

Таалай Байтемиров: Мына айлананы эле карасак, билинип эле турат да, кимиси чуркап жүрөт, кимиси документти жең ичинен бүтүрүп жатат. Факт менен, көрсөтүп бере албасак да чыгып-киргендер көрүнүп эле турат. Кыргызчылыкта ушу “тааныш-билиш” деген нерсе баары бир калбайт окшойт. Алар кезек-пезеги жок эле, дароо бүтүрүп жатышат да.

Мураталы Орозматов: Бул жерде эл өзү ишин эртерээк бүтүрүш үчүн акчасын берип жатат. Өз каалоосу менен эле берип жатышат. Ошого акча берип, жумушуңду тез бүткөрүүнү мыйзамдаштырып эле коюш керек болуп калды окшойт.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү.
"Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү.

Ооба, азырынча автоунаа документтерин жана айдоочулук күбөлүктү каттаган мекемеге карата мындай дооматтар аз эмес. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги узун кезекти жоюу, жарандарды ыкчам тейлөө жана башка аракеттер боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдиришти.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү.
"Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү.

Бирок сынайткандар мекеменин аты өзгөргөн менен жалпы тейлөө ошол эле бойдон калганын белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев буларга токтолду:

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

“Финполицияны түздү, Коррупцияга каршы кызматты, соттук департаменттерди жана башка органдарды ишке киргизди, коррупция азайдыбы? Мамлекеттик каттоо кызматын түздү, тейлөө жеңилдеп, убарагерчиликтер азайдыбы? Өзгөрүү болдубу? Мунун баарына “жок” деген эле жооп келип чыгат. Эми «Унаа» мамлекеттик ишканасы деле ушундай. Бул мекеме автотранспортторду каттоодо ишти жакшы жолго коет, үзүрүн берет дегенге мен көп ишене албайм. Керек болсо он жолу, жүз жолу түзсүн, структуралык өзгөртүү жасасын, тартип болбосо бекер. Өкмөт, ар бир министр, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери өздөрү баш болуп, ишти жеңилдетүүнү үстүндө иш алып барып, бекем болушу керек. Ансыз эч нерсе оңолбойт”,-дейт.

Бул арада Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, камактагы Насирбек Алмаматовдун аты киши болдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште да атала баштады. 24.kg жана Kloop.kg басылмалары, тургундар Дүйшөбаеваны акыркы жолу көргөн эс алуучу жайдын кожоюну Алмаматов болгонун, бул иште ал негизги күбө катары өтүп жатканын жазышты.

Маалым болгондой, "киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Бул ишти иликтөө аягына чыга элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG