Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аттуу иликтөөсүндөгү фактыларды териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу «Медиа Полиси Институтуна» жооп берди.
Өкмөттүк эмес уюмдан кабарлашкандай, Финполиция анда Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү деп айтылган фирмалардан тинтүү учурунда алынган документтер салыктык текшерүүдөн өтүп жатканын ырастаган. Жоопто ишкерге караштуу башка юридикалык тараптарга карата да ыкчам-иликтөө иштери уланып жатканы айтылган.
Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү 17-апрелде обого чыккан. Берүүдө Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү “ППА”, “Ормош-Ойл”, “Жаңы доор”, “Токбай курулуш”, “ЖБК строй”, “Беш-Арча”, “Агро доор” жана “Айтук строй” фирмалары мамлекетке салык төлөбөй келгени келтирилген.
Буга байланыштуу бир катар депутаттардын жана коомчулуктун сын-пикиринен кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүү ишин баштаган. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталган. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.
Ишкер Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковдон 50 млн. сом өндүрүү өтүнүчү сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган. (ErN)