Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Матраимов жашырган салык жана жаза


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлады.

Мынча каражат төлөнбөй калганы анын мүлкүн текшерүүнүн алкагында аныкталган. Бирок салыкты жашыруу кылмыш экенин айтып, Матраимовго жана анын жакындарына чара көрүлбөгөнүнө таң калгандар чыкты.

Түшпөй калган салыктардын изи

Ошентип жарым жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ишинин алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Анда негизги басым экс-бажычыга караштуу фирмалар төкпөй койгон салыктарга жасалды.

Финансы полициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур териштирүүнүн корутундусундагы маалыматтар менен бөлүштү.

“Райымбек Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары менен байланышкан (аффилирленген) компанияларды текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 24 миллион 275 миң сом салык төгүлдү. Анын ичинде «Д.Т.», «ТКА.» жана «Т.Т.» жоопкерчилиги чектелген коомдорунан 18 миллион 33 миң 267 сом алынды. Райымбек Матраимовдун жубайы, «E.E.S.» чет элдик коомпаниясында иштеген У.Т аттуу жарандын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында 6 миллион 241 миң 728,71 сом ордуна келтирилип, Финполициянын Бирдиктүү депозиттик эсебине салынды. Учурда калган чыгымдардын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүп жатат”, - деди Пискур.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын билдирүүсүндө андан ары Райымбек Матраимовдун декларациясында келтирилген мүлктөрү эсептелет.

Ага ылайык, Матраимовдун жубайына Ысык-Көлдөгү коттедж, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаа катталган. Мекеме Матраимовдун Бишкекте жана Ошто бир нече батири бар экенин, алардын айрымдары жакындарына тартууга берилип кеткенин кабарлайт.

Финансы полициясы ошондой эле Матраимовдун башка өлкөлөрдөгү мүлкү боюнча эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттерге суроо-талаптар жөнөтүлгөнүн билдирет. Алардан жооп күтүп жатканын айткан менен аталган кызмат канча өлкөгө кайрылганын тактаган эмес.

Бул маалыматтар боюнча Райымбек Матраимовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Адатта анын атынан билдирүү берип келген бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да бир канча ирет чалганыбызга карабай телефонун көтөргөн жок.

Бирок бир тууган Матраимовдор буга чейинки билдирүүлөрүндө мыйзамсыз иштерге аралашканын четке кагып келген.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айыптоолоруна жооп берген видеокайрылуусунда Райымбек Матраимов байлык ага кудайдан берилгенин айтканы бар.

“Менин байлыгымды өзүм эмес, элге сиз жарыя кылып жүрөсүз. Кудайга шүгүр, байлыгым сиздикинен көп болбосо да бардар жашоом бар, сиз сыяктуу мен дагы бай досторду күттүм. Бир туугандар менен бирге үй-бүлөлүк бизнес түздүк, аны өнүктүрдүк. Экөөбүздөгү байлыкты Аллахтын сыноосу деп билемин. Андыктан Аллах берген байлыгымдын теңин элим менен бөлүшүп, ар дайым элимдин жеңилин жерден, оорун колдон алуу менен бирге, бир катар соопчулук иштерди жасоого аракет кылып жүрөм. Таңкалычтуусу менин жана менин үй-бүлөмдүн байлыгы сизди 2017-жылга чейин кызыктырбай, сиз президенттиктен кеткенден кийин, тынчыңызды бузуп, кыжалат кылганына түшүнбөйм”, - деген ал.

Салыктан качуунун жоопкерчилиги барбы?

Албетте, “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимовдун байлыгы жана мүлкү тууралуу талаш-тартыштар аз эмес. Бирок коомчулукта текшерүүнүн жыйынтыгында анын башка мүлктөрү табылбаганына таң калгандар чыкты. Ошол эле кезде салык жашыруу аныкталганы менен аларга чара көрүлбөй жатканын айткандар да болду.

Күнболот Момоконов
Күнболот Момоконов

“Айкын саясат” гезитинин башкы редактору, журналист Күнболот Момоконов буларга токтолду.

“Булар өздөрү “жашырылган акча” деп алып, анан ошого чара көрбөй, күтүп олтурганы, кайра өздөрү ошону коргоп жатат деген сөз. Муну жөн эле калтырбай, тиешелүү органдар айыппул салып же башка жоопкерчиликке тартышы керек. Анткени мамлекеттин эсебине түшпөгөн, жашырылган салык да. Аны өз убагында төлөбөгөнү ачык кылмыш. Бул жерде аз акча эмес, 24 миллион сом тууралуу кеп болуп жатат. Биз жер салыгын, мүлк салыгын же автоунаа салыгын бир ай кечиктирип койсок, олчойгон айыппул салышат. Керек болсо жоопкерчиликке тартышат го. Эгерде чара көрүлбөсө, анда аларды бийликтеги адамдар коргоп жатканынан кабар берет”.

Чын эле, эгер салыкты жашыруу аракети болсо анда аталган фирмалардын жетекчилери жана ага тиешеси бар делген Райымбек Матраимовдун жоопкерчилиги кандай каралышы мүмкүн?

Адистер түшүндүргөндөй Салык кодексинде жана Жазык кодексинде буга байланыштуу чаралар бир аз гумандуурак каралган. Жазык кодексининин 231-беренесинде (“Бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу”) жана 232-беренесинде (“Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу”) салыктан качууга айыппулдан баштап, эки жарым жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок төлөнбөгөн салыкты белгиленген мөөнөттө төгүп койсо, баары кечилип кетет экен.

“Ишеним” консалтинг фирмасынын жетекчиси, салык иштери боюнча адис Алтынай Абдыкеримованы угалы.

Алтынай Абдыкеримова
Алтынай Абдыкеримова

“Эгерде 100 миң сомдон ашкан суммада салык жашырылганы аныкталып калса, иш дароо эле Финансы полициясына өтөт. Бирок Салык кодекси боюнча аларга 30 күн мөөнөт берилет. 30 күндүн ичинде төлөнсө, анда бүт жоопкерчилик алынат. Анүчүн төлөгөнүн далилдеген эсеп-дүмүрчөктөрүн, башка документтерин алып барып бериши керек болот. Эгер ушул мөөнөт ичинде да төлөбөй койсо анда Финансы полициясы башка чараларды көрөт. Жазык кодекси боюнча төлөнбөй калган сумма канча, ал канча мөөнөт төлөнбөй калганы аныкталып, анан ошого жараша айыппулдарды, санкцияларды салышы мүмкүн. Адатта көбүнчө акчалай түрдөгү жазалар чегерилет. Эгер иш кылмыш багытында ачылып, сотко өтсө, эркинен ажыратуу боюнча чараларды көрүшү мүмкүн”, - деди.

Кеп болуп жаткан текшерүү былтыр жыл аягында башталган. 2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерин айтып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) тапшырма берген. Бирок андан бери текшерүү аягына чыкпай жатканы коомчулукта нааразы пикирлерди жаратып келген.

Бул арада “Азаттык” «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө чыгарып, Ысмайыл Матраимов атындагы фондго келген каражаттар жөнүндө жаңы маалыматтарды жарыялаган.

Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытай жараны аркылуу бир нече жолу күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан аталган фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон. Финансы полициясы бул боюнча да иликтөө жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG