Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Айсулуу - алтын тагынган алгачкы балбан


Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти.

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.

Айсулуу: Элиме берген убадамды аткарам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Тыныбекова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алдыдагы пландары тууралуу айтты.

«Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарып, ушундай эле күжүрмөн даярдык көрөбүз. Эч кандай интервью бербей машыгам. Бишкекке келип ого бетер толкунданып жатам. Нур-Султандагы сезимдер таркай элек», - деди Тыныбекова.

Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду куттуктады.

«Айсулуунун ийгилиги машыктыруучунун ийгилиги. Нурбек Изабеков биздин белгилүү машыктыруучу. Көп жылдык эмгектин арты менен келген ийгилиги менен машыктыруучуну да куттуктайбыз. Биз айткан мамлекеттик колдоодон тышкары Күрөш федерациясынын, анын ичинде Кыз-келиндер федерациясынын жетекчиси Динара Шертаевнанын (Исаева) да эмгегин баалаш керек».

Айсулуунун алтыны

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова беттештин биринчи айлампасында 2:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи айлампа ортолоп калганда Айсулуу дагы бир упайга ээ болду. Андан соң болгариялык балбандын эсебине эки упай жазылып, эсеп теңеле түштү. Беттештин бүтөрүнө 20 секунд калганда Айсулуу упай алууга болгон аракетин күчөттү. 10 секунд ичинде эки упайлык ыкма жасоого жетишип, жыйынтыгында алтын байгенин ээси болду.

Айсулуу Тыныбекованын жеңиши тынымсыз машыгуунун үзүрү экенин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков журналисттерге билдирди.

"Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекованын кыз-келиндер арасында биринчиликти багындырганы - он жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. Маңдай терибиздин мээнети акталып, кубанычыбыз коюнга батпай турабыз.Күйөрмандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз ушул алтынды 10 жыл бою күткөнбүз. Айсулуу менен талыкпай эмгектенип, алтынга жетебиз деп эңседик эле, мына бүгүн жеттик. Биз үчүн абдан эле кубанычтуу болду. Бул кыргыз жарандарынын салыгынан келген каражатка турган алтын. Биз кыргыз элине, мамлекетибизге, жарандарга алкыш айтабыз".

Ал эми Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Айсулуунун жеңишин кыргыз спортунун жетишкендиги катары баалады.

"Дүйнө чемпионатындагы Айсулуунун алтын медалы – бул кыргыз спортундагы чон ийгилик. Олимпиадалык спорттун 29 түрүнөн эгемендүү мамлекет болгондон бери биринчи жолу алтын алдык. Мындан кийин биздин балбан кыздар келечекте чоң-чоң ийгиликтерди багындырат деп ойлойм. Бул жалпы эле федерациядагы жамааттын, команданын, күйөрмандардын ийгилиги. Эми Айсулууну келерки жылы Жапонияда өтө турган жайкы Олимп оюндарында чоң ийгилик күтүп турат деп ишенебиз".

Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков да куттуктады.

Өлкө башчы Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендик алгандан берки тарыхында алгачкы ирет кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгонун, анын жеңиши - бүт өлкө үчүн сыймык экенин баса белгиледи.

Спортчу өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында жагымдуу белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезгенин, өзүнүн жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын айтты.

Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Жарым финалда түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

62 кг. Жарым финал. Айсулуу Тыныбекова - Жоң Сим Рим 7:0

Айсулуу финалда жеңип алган болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин 28 жашта. 2018-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон. Европа чемпиондугун эки жолу жеңген. Андан сырткары дүйнө чемпионатында эки күмүш, эки коло, үч күмүш бир коло медал тагынган.

Айсулуу Тыныбекова 26 жашта. 16 жашынан баштап машыгып келген Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык кыз, андан тышкары дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Бул ирет Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барган. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет.

Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Канат Бегалиев (66 кг. 2006-ж.) жана Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын (55 кг. 2018-ж.) финалына чыгып, жыйынтыгында экөө тең күмүш байге алганы Кыргызстандагы эң мыкты көрсөткүч катары эсептелип келген.

Тыныбекованын жеңиши социалдык түйүндүн колдонуучуларын кубантты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG