Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Баланын оозуна түкүргөн жөрөлгөгө орун жок

Өзбекстандын Наманган облусунда. 2020-жыл.
Өзбекстандын Наманган облусунда. 2020-жыл.

Ар кыл өлкөлөрдөгү коомдордо, анын ичинде мусулман жамааттарында да, айрым эски көнүмүш адаттар, көөнө жөрөлгөлөр коронавирустун коркунучуна байланыштуу кайра каралууда.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы бир катар азилдер айтылып келет.

Алардын бири –– дүрбөлөң кырдаалда жөнсүз айылчылоого жана аты тескери вируска чалдыккандарга жабалактап барып учурашууга каршы пикирди камтыйт:

«Эй, туугандар! Коронавирустан чочулап, кээде онлайн гана учурашып калабыз го...»

«Айтканыңда калет жок. «Төлөнчө деген коронавируска кириптер болуптур. Барып, эки бетинен өөп учурашып, көз көрсөтүп койбосок, таарынат» дей берсек, мүлдө туугандар менен досторубуз кырылып калып жүрбөйлүк!»

Бул сыяктуу тамашалар аркылуу элдик инстинкт ушундай кооптуу кырдаалда котолошуп жолугушпай туруудан, курулай меймандостуктан качууну сунуш кылып тим болбостон, башка да айрым эски жөрөлгөлөрдү сын көз менен кароого да түртөт.

Коронавирус коомдук турмушка таасир этти

Ош базарындагы беткап кийген сатуучу.
1/21 Ош базарындагы беткап кийген сатуучу.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар тамак-ашты адаттан көп сатып ала баштады. 
2/21 Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар тамак-ашты адаттан көп сатып ала баштады. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.
3/21 Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. 
4/21 Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
5/21
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.
6/21 Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө барды.
7/21 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө барды.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Өкмөт эл керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин билдирди. 
8/21 Өкмөт эл керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин билдирди. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр&nbsp;<strong>Алтынай Өмүрбекова</strong>&nbsp;өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
9/21 Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.
10/21 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Эл эң көп талап кылган азык-түлүккө ун, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет.&nbsp;
11/21 Эл эң көп талап кылган азык-түлүккө ун, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду.&nbsp;
12/21 Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу бул илдет катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.
13/21 Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу бул илдет катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде кезек күткөн жарандар.&nbsp;
14/21 Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде кезек күткөн жарандар. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Коомдук транспортту дезинфекциялоо. Ош шаары.
15/21 Коомдук транспортту дезинфекциялоо. Ош шаары.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Баткендеги чек ара: вируска каршы көзөмөл. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет табылган эмес.
16/21 Баткендеги чек ара: вируска каршы көзөмөл. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет табылган эмес.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Социалдык тармактарда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.
17/21 Социалдык тармактарда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Жекшемби күнү Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкса, Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго жетти.&nbsp;
18/21 Жекшемби күнү Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкса, Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго жетти. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров &laquo;Азаттыкка&raquo; Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.
19/21 Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Базарларда узун кезектерди көрүүгө болот.
20/21 Базарларда узун кезектерди көрүүгө болот.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Ат-Башыдагы базар.&nbsp;
21/21 Ат-Башыдагы базар. 
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Артка
Алдыга

Мусулман өлкөлөрүндөгү коом турмушу дегенде жалаң гана кыргызстандык мусулмандарды ойлобостон, жалпы Евразия, Африка жана башка аймактардагы мусулмандардын турмуштук тажрыйбалары назарыбызга келет.

Айрым чыгыш мусулман коомдорунда жаңыдан ажыга барып келгендер өз парызын аткарып келген момундар катары жогорку деңгээлде ызаатталат. Мындай учурда ажылар менен учурашуу өзүнчө эле той-торопого айланып кетет.

Анан калса, айрым карыя ажылар өз небере-чөбөрөлөрүнө жана учурашып келгендердин тестиерлерине бата берип, алкап, кээ бир балдардын ооздоруна ырым кылып түкүрүп койгон жөрөлгөлөр да кездешет.

Кыргыз коомунда мындан 40 жылдай илгери оозго түкүрүү жөрөлгөсү анда-санда учурап, медициналык сабаттуулуктун өсүшү менен кийинчерээк жок болуп кетти. Илгерки кыргыз коомунда, негизи, «эми тийчү касиети бар» деп жоромолдонгон айрым карыялар - чоң ата же чоң энелер жана бүбү-бакшылар гана бул оозго түкүрүү жөрөлгөсүн жасачу. Азыр ушул саптарды окуган киши деле ичиркенип, жийиркене калышы мүмкүн, бирок Азиянын жана Африканын башка аймактарында бул жөрөлгө дагы эле күчүндө болгон кыштактар жок эмес.

Кээ бир мусулман элдеринде бири-бири менен саламдашып, көрүшүп жаткандар сөзсүз түрдө эки бетинен же чекесинен берилүү менен өөп же эки жаагын тийиштирип учурашкан адат бар. Учурашканда тамашалашып баштары менен сүзүшүп койгон жаштар да кездешет.

Айрым элдерде (маселен, муну Түркиядан учураттым) жаш балдар-кыздар кадырман карыя кишинин колун өөп, анан анын колун өз чекесине тийгизип коюшат.

Эми беделдүү имамдар момундарды эч кол алышпастан, бири-бирине баш ийкеп же жүрөгүнө оң колун коюп ийилип коюу сыяктуу аралыктан учурашуу жөрөлгөлөрүн колдонууну сунуш кылып жатышат. Мындай жүрүм-турум жөрөлгөлөрү кээ бир чөлкөмдөрдө унутулуп бара жаткан.

Бларни сепилинин жанындагы «Чечендик ташын» өбүү жөрөлгөсү. Ирландия. 2004-жыл.
Бларни сепилинин жанындагы «Чечендик ташын» өбүү жөрөлгөсү. Ирландия. 2004-жыл.

Ар бир эле коомдо, ар башка диндердеги калайык топторунда ушундайча жаңылануу аракеттери болуп жатат.

Айрым жөрөлгөлөр христиандык коомдордо деле биротоло же убактылуу токтотулууда.

Маселен, жылдын дал ушул айында Ирландиянын Корк жергесиндеги «Чечендик ташы», «Бларни ташы» (ирландча Cloch na Blarnan) аттуу аска ташты өбүү жөрөлгөсү жасалып келген.

Айрымдары «бул салтка 600 жыл болду» дешсе, кээ бирлери 200 жылдын ары-жак - бери жагы деп санашат. Бул жөрөлгө ташты «тазалыкка өзгөчө коркунуч туудурган туристтик жай» катары сындагандар да бар.

Айтор, коронавирустун жайылышынан чочулаган ирланд бийлиги 2020-жылы ушул салтка убактылуу тыюу салды.

Европада сүйүшкөн жаштар айрым ажайып көпүрөлөргө келип, сүйүү антын берип, көпүрөнүн темирине кулпу салуу сыяктуу жөрөлгөлөрдү жасап келишет.

Италияда жашаган кыргызстандык Гүлнара Арыкбаева Прагадагы Карл көпүрөсүндө. 16-ноябрь, 2008-жыл.
Италияда жашаган кыргызстандык Гүлнара Арыкбаева Прагадагы Карл көпүрөсүндө. 16-ноябрь, 2008-жыл.

Праганын Карл көпүрөсүндө татаал айкелдин бөлүгү болгон барельефтеги иттин боорун сылап коюу жөрөлгөсү да бар. Анын христиан динине эми тиешеси жок. Дүйнөнүн чар тарабынан келген ар кандай турист өзүнүн кайсы бир кыялы ишке ашса экен деп тилек кылып, иттин айкелинин кишилер көп сылагандыктан жылтырап калган бооруна алакан тийгизип коёт. Мындай жөрөлгөнү аткаргандардын арасынан христиан динине тиешеси жок далай коомдордун саякатчы өкүлдөрүн (кыргыз, казак, жапон, ж.б.) учураттым.

Сауд Арабстан падышалыгынын бийлигинин кичи ажылык сапарларды, Мекедеги Каабанын кара ташын сылоо сыяктуу жөрөлгөлөрдү убактылуу токтоткон чечими, демек, дүйнөдөгү коронавируска каршы башка коопсуздук чараларынын алкагында аңдалышы керек.

Теңирчилер, бутпарастар, айрым ханафий мусулмандар ыйык деген дарактарга чүпүрөк байлап жүрүшөт. Бул жөрөлгөгө да азыркы маалда кооптуу катары тыюу салынышы абзел.

Кытайлык тарыхчы, теги монгол Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Таштын жанында. 12-июнь, 2019-жыл.
Кытайлык тарыхчы, теги монгол Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Таштын жанында. 12-июнь, 2019-жыл.

Адамзат жогоруда саналып өткөндөр сыяктуу жүз миңдеген жөрөлгөлөр менен кылымдарды карытып, ар кыл маданий очокторду өнүктүрүп келди.

Каргашалуу коронавирустун (таажы вирусунун) жаңы түрү араанын ачып турган азыркы тапта, албетте, башка кишиге дене бөлүгүн жакындатууну талап кылган айрым учурашуу жана ызаат көрсөтүү жөрөлгөлөрүнө жана таажы вирусунун тымызын таркашына түрткү болчу башка жөрөлгөлөргө эч кандай муфтийдин, имамдын, поптун же башка динаятчынын уруксаты жок эле чекит коюш керек экенин коомчулук жакшы түшүнүп калды.

Орто кылымдарда, Европада Кайра жаралуу доору баштала элек кезде, мусулман өлкөлөрүнүн көп улуттуу, көп диндүү, сабырдуу чөйрөсүндө илим алда канча жогорку тепкичте турган. Ошол чакта ибн Сина сыяктуу дарыгер аалымдар жугуштуу ооруларды айыктырыш үчүн кеселдерди убактылуу бөлүп коюу сыяктуу чараларды сунуш кылышкан (мындай бөлүп коюу ислам дини чыга элек же таптакыр бул дин таркалбаган чөлкөмдөрдө деле коомдук тарыхый тажрыйба аркылуу жүзөгө ашырылып турган). Мисалы, Борбор Азияда «ала» оорусуна чалдыкты деген бүтүндөй кыштактар же шаарчалар башкалардан бөлүндүдө калган.

Бирок илгерки замандарда мындай обочодо калтырылгандар көп учурда укуктары ар тараптан бузулган, кодуланган, жек көрүндү болгон коомдук катмарларды түзүп калышчу.

Азыркы илимий илгерилөө жана гуманисттик көз караштын үстөмдүгү доорунда вируска кабылгандарды дарыгерлик көзөмөлгө алуу бейтаптын бардык укуктарын кадырлоо менен айкалыштырылып уюштурулат.

Архив. Леонид Брежнев менен Эрих Хонеккердин саясий ынтымакты тастыктаган өбүшүүсү. 1979.
Архив. Леонид Брежнев менен Эрих Хонеккердин саясий ынтымакты тастыктаган өбүшүүсү. 1979.

Соңку окуялар айгинелегендей, бул коронавирус сыяктуу алааматтуу илдеттерге чалдыккандарды дарылоо жана обочо кармап көзөмөлдөө жагдайлары - өзгөчө сабаттуулукту жана коомдук тартипке мыйзам чегинде баш ийүүнү да талап кылат.

Бул - эч кайсы динге, расага, тилге, идеологиялык түзүлүшкө багынбай турган убактылуу сактануу тартиби. Коронавирус алааматы кишилерди христиан, мусулман, бутпарас, теңирчи, конфуцийчи ж.б. деп бөлүп отурбай турганын Кытай, Иран, Сауд Арабстаны, Италия сыяктуу өлкөлөрдөгү соңку окуялардан улам айгинеленди.

Бардык эле мамлекеттерде жана элдерде тазалык, аруулук жогору бааланып келген.

Албетте, этнография илиминде «улуттук сокур ишеним» деген түшүнүк бар.

Айрым элдер өздөрүнүн чөлкөмүндөгү же чет жактардагы башка тарыхый коңшуларына караганда өздөрүн «тазараак эл» деп үстүрт баалашы ыктымал. Мунун тарыхый-этнографиялык кыртышын түшүнбөгөндөрдүн ар кыл расачыл, нацисттик, фашисттик, шовинисттик, тар улутчул маанайга жетеленип кетишинин коркунучу да жок эмес.

Илгери совет доорунда Ыраакы Түндүктө изилдөө жүргүзүп кайткан бир этнограф бизге, аспиранттарга, дарс окуп калды.

Ал Ыраакы Түндүктөгү бир эл өздөрүнүн тарыхый коңшусу болгон башка элди «ыплас жүрүшөт» деп мурдун чүйүрүп айтканын эскерди да, «иш жүзүндө гигиеналык көз караштары жана салттары боюнча бул эки эл эгиздин түгөйлөрү болчу» деди.

Мурда кайсы бир макалабызда колдонгон башка бир мисалды да айта кетелик.

Совет доорунда, 1930-жылдары, советтик дарыгерлер Ыраакы Түндүктөгү элдерге наристе баланы кышында балык майы менен майлап коюу салтын токтотуп, самын колдонуп киринтүүгө өткөрүүнү сунуш кылышкан. Бул кышы узак, суук, жаратылышы катаал тундралык аймактагы наристелер жаңы тажрыйбанын жүрүшүндө улам-улам чарчап кала баштаган. Ошондо гана дарыгерлер кышында наристенин денесин балык майы менен улам жаңыртып майлап туруу ысык аймактардагы самындуу сууга киринтүүдөн тундра шартында алда канча натыйжалуу экендигин аныкташкан. Демек, балык майы менен шыбагандар самындуу коомдордон тазалык жагынан артта эмес болгон. Албетте, азыр тундра калкы деле самынды башка элдердей эле колдонуп калышты деңизчи.

Айтор, коронавирус коркунучу кээ бир жөрөлгөлөрдү убактылуу гана токтотушу ыктымал (маселен, өбүшүп, эки жаагын тийиштирип учурашуу, алгач көрүшкөндө карыянын колун өз чекесине тийгизүү, ж.у.с.)

Жума намазды сөзсүз түрдө жамы мечитте окуу, жаназага абдан көп кишини катыштыруу, көп сандаган кишилерди чакырып той же түлөө өткөрүү, илимий жыйындарды, музыкалык фестивалдарды, жармаңкелерди, спорт мелдештерин, концерттерди өткөрүү сыяктуу иш-чаралар да убактылуу токтотулду.

Коронавирус коркунучуна каршы сунушталган аргалардын айрымдары илимде таптакыр четке кагылууда. Маселен, айрым кыргызстандык имамдар «Фатиха» сүрөөсүн бир нече жолу окусаң эле, вирус жукпайт дешсе, өлкө муфтийи М.Токтомушев «садага берүү, түлөө өткөрүү менен көйгөй чечилет» деп чыкты.

Абдышүкүр Нарматов ажы болсо ушул опурталдуу учурда да көптөгөн киши катышкан жамаат алдында сүйлөп, даарат алуунун зарылдыгын белгилеп, «вирустан эмес, кудайдан корккула» деп чыкты (тасмада 5-мүнөттөн тартып).

Бирок коронавирус алааматы эч кандай диний жөрөлгөгө байлануу менен чектелбестен - демек, намаз окуунун алдындагы даарат сыяктуу жөрөлгөлөрдү гана сактоо менен чектелбестен - сырттан имаратка кайтканда колду тез-тез самындап жууш керек экенин көрсөтүүдө. Беткап тагынып көчөгө чыгуу, жамы мечиттерге имамдарды угуш үчүн чогулбай коё туруу, эл көп жыйылчу той-торополорду өткөрбөөнү жана башка тазалыкты жана коомдук коопсуздукту сактоо чараларын талап кылууда.

Ал эми айрым индус улутчулдары болсо «коронавируска каршы күрөштө уйдун заарасынан өтөөр даба жок» деп үгүт жүргүзүштү. Айрым кыргыздар тамаша-чыны аралаш койдун куйрук майын, чучукту миңдин бири болгон баалуу дары деп санашты. Коронавирусту жугузуудан качуу максатында эт азыктарынан таптакыр баш тартууну сунуш кылган вегетариандар да болду.

Бирок дарыгер окумуштуулар мындай сокур ишенимге жетеленген түшүнүктөргө эч азгырылбоого чакырышууда.

Албетте, азыркы опурталдуу кырдаал артта калгандан кийин кээ бир көөнө жөрөлгөлөр этнографиялык адабиятта гана эскерилип калышы ыктымал (мисалы, айрым жамааттарды жаш балдардын оозуна түкүрүү жөрөлгөсүнүн эч пайдасы жоктугуна коронавирус коркунучу аяктаган шартта деле ынандырыш керек). Башка убактылуу токтотулган жөрөлгөлөр кайра жаңы күч менен жандана бериши ажеп эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Куржундар
XS
SM
MD
LG