Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Пандемия өкмөттүн кудуретин сынады


Өкмөт Үйү. Бишкек.
Өкмөт Үйү. Бишкек.

Кыргызстанда эпидемологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар дагы 18 адамга көбөйүп, 298 адамга жетти. Беш адам каза болду. Учурда өлкө аймагында айыккандар 34 адамды түздү.

Өлкөдө илдетке чалдыккан адамдар көбөйүп, ага каршы күрөштө кемчиликтер ачыкка чыккан сайын учурдагы өкмөттүн аткарып жаткан иштерине суроолор жаралууда. Буга аткаруу бийлигинин пандемия шартында улам-улам кадрдык өзгөрүүлөргө барып, антикризистик планды жарыялоону кечеңдеткени да себеп болуп жатат. Өкмөт учурда бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп, кризистин кесепетин азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.

10-апрелде өткөн жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердикти калыбына келтириш үчүн кошумча чараларды иштеп чыгууну тапшырганы дайын болду. Анда өкмөт башчы чыгымдарды кыскартуу зарыл экенин билдирген:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биз мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу түрдө азайтууга барышыбыз керек. Биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу, ишкерликти колдоо».

Өкмөт буга чейин кризистик шартта ишкерлерди колдоонун финансылык жана фискалдык чараларын жарыялаган. Мындан сырткары калктын аялуу катмарларына азык-түлүктөн жардам берилип жатканын билдирүүдө.

Бирок бул чаралар көбүнесе формалдуу мүнөздө болуп, бизнес менен жарандардын «жеңилин жерден, оорун колдон алууга» жөндөмсүз болду деген пикирлер арбын.

Учурда өлкөнүн Бишкек баш болгон үч шаары менен үч районуна киргизилген өзгөчө абал режими аяктап баратат. Кырдаал жөнгө салынбаса, кандай чара көрүлөт деген да маселе турат. Ал эми карантин абалы узарган сайын өлкөдө экономикалык жана социалдык кыйынчылыктар курчушу мүмкүн.

Өкмөт учурда экономикада абал начар экенин моюнга алууда. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө бюджети 20% кемиши мүмкүн экенин айтты. Учурда бул кемтикти толтуруш үчүн президент баш болуп эл аралык институттарга кайрылып, каражат издеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев пандемия кыргыз өкмөтүнүн чыныгы деңгээлин көрсөттү деген пикирде. Анын айтымында, кризистик шартта аткаруу бийлиги ыкчам кадамдарга барууга жөндөмсүз болуп жатат.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Өкмөт жалтак болуп, өз алдынча саясат алып бара албай жатканы, аны жетектеген премьер-министрдин кризистик абалда экономиканы башкарууга жөндөмү жок экени, чабалдыгы көрүнүп атат. Муну биз мурдатан эле айтып келгенбиз. Коронавирустун коркунучу өлкөгө келгенде өкмөт команда катары иштей албай жатканы даана көрүндү».

Жээнчороев азыркыдай шартта бийлик стандарттуу эмес, батыл кадамдарга барбаса, кризистин кесепети мындан да оор болорун эскертип жатат.

Азыркы тапта өкмөттү радикалдуу кадамдарга барууга мурдагы премьер-министр Темир Сариев да чакырууда. Анын айтымында, ушу тушта экономиканы сактап калуунун чукул планын жарыялаш керек.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Азыр кадам-кадам болгон чукул жана орто мөөнөттүү план кабыл алуу зарыл, - деди ал. - Шашылыш кадамдар кайсы? Ишкерлер жалаң насыя алып жашашчу, мына ушул насыяны төлөөнү үч-төрт айга узартышы керек. Жок деген үстөк пайыздын жарымын өкмөт жапкандай болушу зарыл. Мындан сырткары чакан жана орто бизнести түзгөн ишкерлерге алты айдан бир жылга чейин күрөөсү жок 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин насыялар берилиши керек. Мындан сырткары майда, чакан ишканаларга социалдык төлөмдөрдү карап чыгуу зарыл. Эгер мындай кадамдарга барбаса, ишкерликти толугу менен кудуретсиз кылып, эртең оор кесепеттерге алып келет».

Темир Сариев бул каражаттарды табыш үчүн резервдер бар деп эсептейт. Ага мисал катары баалуу кагаздарды сатыкка чыгаруу, алтын-валюталык резервдин кайсы бир бөлүгүн жана «Центеррадагы» акциянын бир бөлүгүн азыркы шартта колдонууну атап жатат.

Бирок коронавирус инфекциясы күчөп турган учурда өкмөткө жөнү жок сын айткандар көбөйүп жатканын белгилегендер да бар.

Парламенттин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев азыркы бийликке Кыргызстан эгемендик алгандан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүү шабыгасы туш келди деген ойдо. Анын айтымында, учурда өкмөткө сын айтуудан мурун, жалпылап жардам көрсөтүү маанилүү.

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Үйдө отуруп алып, баа берип, акыл айткан эң оңой жана туура эмес, - деди ал. - «Өкмөттү сындагандын ордуна келгиле, салымыбызды кошолу»​ дегендер аз болуп жатат. Кайда, саясатчылар? Кайда, Жогорку Кеңештин депутаттары? Азыркы маселелердин баары көптөн бери топтолуп келген. Четинен чыгып атат. Өкмөттө деле биздин жарандар иштейт. Алар деле күйүп бардык ишти кылып жатышат. Андан көрө биз аларга азыр жардам берели».

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус пандемиясы былтыр декабрда башталган. Андан бери дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнө тарап, 1,5 миллиондой киши жугузуп алды. 95 миңден ашык адам каза болду.

Кыргызстан бул илдеттин алдын-алуу боюнча январь айында иш-аракеттерди баштаган. Бирок даярдык начар болгонун президент баш болгон Коопсуздук кеңеши ачык айткан. Бул кырдаал үчүн жооптуу катары вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жумуштан кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG