Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

АКШдагы акциялар эки талапкерди айтыштырды


АКШysy президенти Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден (оңдо).
АКШysy президенти Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден (оңдо).

АКШда зомбулук менен коштолгон акцияларга байланыштуу демократтар менен республикачылар бири-бирине доомат артууда.

АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында расалык теңсиздикти айыптаган жана полициянын реформасын талап кылган акция 1-сентябрга караган түнү да уланды. Шаардагы мындай нааразылык акциясы май айында афроамерикалык Жорж Флойд полициянын колунан каза тапкандан бери токтобой жатат. Дем алыш күндөрү Портлендде демонстранттар менен президент Трампты жактаган жүрүштүн катышуучулары кагылыша кетип, ашкере оңчул топторго тиешеси бар деп эсептелген бир адам окко учкан.

Расалык теңсиздикке каршы жүрүштөр 23-августтан бери Висконсин штатындагы Кеноша шаарында да өтүп жатат. Буга 29 жаштагы афроамерикалык жаран Жейкоб Блейктин полициянын огунан жараланганы себеп болду. Өткөн аптада Кеношада митингчилер полиция менен кагылышып, автоунаалар, имараттар өрттөнгөн.

Мындай каршылык акцияларына байланыштуу республикачылар менен демократтар бири-бирине доомат артып жатышат.

Кеноша шаарындагы нааразылык. 25-август, 2020-жыл.
Кеноша шаарындагы нааразылык. 25-август, 2020-жыл.

Демократтардын талапкери Жо Байден 31-августта Пенсилваниядагы кайрылуусунда демонстрациялар тополоң жана талоончулук менен коштолуп жатканын айыптап, президент Трампты «саясий зомбулукту козутту» деп күнөөлөдү.

«Бул президент бул өлкөдө лидер болуу вазыйпасынан эбак ажыраган. Ал зомбулукту токтото албайт. Себеби, жылдар бою аны козутуп келатат. Ал мыйзам жана тартип тууралуу сөздөрдү айтса эле күчтүү болум калам деп ишениши мүмкүн. Бирок өз тарапкерлерин куралчан жоочу болуудан токтотуп кала албаганы анын канчалык алсыз экенин көрсөтүп турат. Дональд Трамп кайра шайланса, Америкада зомбулук азаят деп ким ишенет?», - деп суроо салды Байден.

Трамп жана республикачыл саясатчылар бул шайлоодо «Мыйзам жана тартип» деген ураанга басым жасап жатышат.

1-сентябрда Трамп демократтардын эскертүүсүнө карабай нааразылык уланып жаткан Кеноша шаарына барганы жатат. Өткөн аптада бул шаардагы жүрүштөр маалында үй-мүлкүн коргойм деген кошуундардын 17 жаштагы мүчөсү аткан октон эки демонстрант каза болгон эле.

Портленд шаарындагы расалык теңсиздикке каршы акция. 20-июль, 2020-жыл.
Портленд шаарындагы расалык теңсиздикке каршы акция. 20-июль, 2020-жыл.

Трамп 31-августтагы билдирүүсүндө ок аткан адам өзүн коргош үчүн ушул кадамга барганын айтты. Ошондой эле Байден баш болгон демократтарды «көчөдөгү башамаландыкка шыкак берди» деп айыптады.

«Тополоңчулар менен Жо Байден бир тарапта. Алар радикалдуу оңчулдардын тарабында. Бул айдан ачык. Мындай абал жөнгө салынмайынча, демократтар башкарган аймактарда коопсуздук болбойт. Бир нече айдан бери Жо Байден бейбаштарга жардам берип, аларды тынч митингчилер деп мүнөздөп келди. Алар тынч демонстрациялар эмес. Бул - анархия», - деди Трамп.

Коронавирус пандемиясынын кесепети жана экономиканын солгундашы президент Дональд Трамптын рейтингин төмөндөтүп койгону белгилүү. Акыркы сурамжылоолор демократтардын талапкери Жо Байден алдыда келе жатканын көрсөтүүдө. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Эки талапкер тең бул шайлоону «тагдыр чечүүчү» деп мүнөздөп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG