Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

НАТО Навальныйга байланыштуу Москвага талап койду


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссел, 4-сентябрь, 2020-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссел, 4-сентябрь, 2020-жыл.

НАТО Орусиядан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландырууга катышы бар адамдарды жоопко тартууну талап кылат. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун элчилер деңгээлиндеги кеңешинин Брюсселдеги бүгүнкү жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле Москва «Новичок» программасы тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмга (OPCW) ачык маалымат бериши керек экенин айтты.

«Бүгүн өнөктөштөрдүн баары бир ооздон бул чабуулду айыпташты. Кайсы жерде болбосун химиялык куралдын колдонулушу адам өмүрүн сыйлабастык жана эл аралык нормаларды одоно бузгандык деп эсептелет. НАТОдогу өнөктөштөр Орусия олуттуу суроолорго жооп бериши керек деп эсептейт», - деди Столтенберг.

2-сентябрда Германия орус президенти Владимир Путиндин башкы каршылашы Алексей Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүн кандайдыр бир тыянак чыгарууга шашылбай турууга чакырган. 44 жаштагы Навальный 20-августта уулануунун белгиси менен Омск шаарындагы ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

XS
SM
MD
LG