Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жапайы аңчылык баш ооруга айланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык тыйылмак турсун, кийинки күндөрү браконьерлер Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салган фактылар катталууда. 12-сентябрда Таласта аюу аткан адам кармалса, ушул эле күнү Нарында кайберенди канжыгага байлап келе жаткан тургун колго түштү.

Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьерди милиция 12-сентябрда кармаган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Окуяны Талас облустук биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти да ырастады.

Талас облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын, бир-эки күндө кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасы караларын билдирди:

«Талас облустук милиция кызматкерлери жана Аңчылык департаментинин кызматкерлери мыйзамсыз аңчылык кылып келе жаткан адамдар түшкөн автоунааны токтотушкан. Андан эки баш аюу, алардын терилери жана эти табылган. Кылмышка шектүү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну, 1984-жылы туулган К.У. камакка алынды».

Жаныбарлардын териси жана эти Аңчылык департаментине өткөрүлүп берилген. Таласта минтип Кызыл китепке кирген жаныбарга кол салуу болгон күнү Нарында тоо теке аткан адам кармалды.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча жапайы аңчылык кылып жүргөндөр Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынан колго түшкөн. Алардын жанында үч мылтык жана бир тоо текенин эти болгон.

Мекеменин адиси Аскат Жакшылыков бул окуя териштирип жатканын билдирди.

«Терек-Суу айылынын тургундары «тоо тарапта ок атылып жатат, аңчылык кылгандар окшойт» деген маалымат түшкөн. Биз Ат-Башы районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен ошол жерге барганыбызда ок атуучу куралдары менен үч атчан киши тоодон түшүп келе жаткан экен. Милиция кызматкерлери акт түзүп алардын мылтыктарын алышты. Алар келе жаткан жолдо бир нече гилзалар жана бир тоо текенин эти табылган. Учурда бул ишти райондук милиция териштирип жатат», - деди ал.

Мыйзам боюнча жапайы аңчылык кылгандарга 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле браконьерлер табиятка зыян келтиргени үчүн да айып төлөйт, тактап айтканда атылган ар бир тоо теке үчүн 100 миң сом айыпка жыгылат.

Кыргызстанда аңчылык сезону август айынын ортосунда башталган. Ага ылайык, тоо текеден 700 баш жана 120 аркар-кулжа атууга лицензия берилген. Тоо текени атыш үчүн кыргыз жарандары 10 миң сом, чет элдиктер 100 миң сом төлөйт. Ошого карабай мыйзамсыз аңчылыктын аягы тыйылбай жатат.

Учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрү бар. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашкан.

Ал эми Тянь-Шань күрөң аюсунун саны Кыргызстандагы 100гө жетпейт. Ошондуктан бул жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Аны кармоого, сатууга, терисин үйүндө сактоого тыюу салынган. Аюуга аңчылык кылгандар бир миллион сом айыпка жыгылат. Дегеле Кызыл китепке кирген жаныбарларга зыян келтиргендер үчүн айып эле эмес, кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

Эркин эксперт, эколог Гамал Сооронкулов «браконьерлерге жазаны күчөтмөйүн жапайы аңчылык тыйылбайт» деген пикирин ортого салды:

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

«Биринчиден, ошол эки аюуну аткан адамдан эки миллион сом сөзсүз өндүрүлүшү керек. Бирок анын анча акчасы жок болушу ыктымал. Анан «ал кембагал экен» деп карап отурбаш керек. Керек болсо үйүн саттырып болсо да төлөтүү зарыл. Экинчиден, аны камаш керек. Кызыл китепке кирген жаныбарды аткан бир да браконьер камалган эмес. Мыйзамда аларга кылмыш иши козголуп, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул мыйзамды колдонбосок болбойт. Айып менен чектелип калуу болбойт. Ошондо башкаларга сабак болот. Мындан тышкары адамдын аң-сезими өзгөрмөйүнчө аңчылык тыйылбайт. Мектептерге сабак киргизип, жаратылышты коргоону жакшы окутуш абзел».

Ушул жылдын башында өзгөчө коргоого алынган ак илбирс да аңчынын огунан жарадар болгону айтылып, аны аткандарга издөө салынган. Окуя Талас облусунда катталып, бул жаныбарга Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында операция жасалган. Адистер ак илбирстин башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынганын кабарлаган эле. Бирок бул жаныбарга зыян келтиргендер аныкталбаган бойдон калган.

Ошондой эле кайберенге аңчылык кылууга чектөө киргизүүнү экологдор байма-бай сунуш кылып келатышат. 2019-жылы бул демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлүп 40ка жакын депутат мыйзам долбоорун алып чыккан.

Ага ылайык, 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагындагы жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкиге, эликке, маралга жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Ага 109 депутаттын 82си каршы добуш берген.

Бул мыйзам долбоору парламентте эки ача пикир жараткан. Демилгечилер кайберенди чаржайыт кырбай сактап калуу маселесин көтөрсө, айрым депутаттар «турфирмалардан акча түшпөй, токойчулардын айлыгы төлөнбөй калат» деп жүйө келтиришкен.

Аңчылыкка каршы мыйзамды колдойсузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

XS
SM
MD
LG