Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

«Бир Болдун» тизмесиндеги саясий «винегрет»


«Бир Бол» партиясынын тизмеси.
«Бир Бол» партиясынын тизмеси.

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жеке кызыкчылыгын кечип, бул жолку шайлоодо саясатка жаңы жүздөрдү алып келүүгө аракет кыларын жарыялады.

Бирок анын тизмесинде деле Кыргызстандагы ири, тектүү жана таасирдүү саясий кландар менен туугандык байланыштары бар, капчыктуу жана ошол эле кезде саясий келечеги күмөндүү жаш талапкерлер бул жолку парламенттик шайлоого аттанганы тууралуу маалыматтар коомчулукка чыга баштады.

Курамы ар түрдүү көз караштагы жана коомдун ар кайсы катмарынын кызыкчылыгын чагылдырган «Бир Болдун» партиялык тизмесин айрым журналисттер «саясий винегрет» деп сыпатташты.

«Кнопка» баскандан тажаган Сулайманов

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзү биринчи жолу 2007-жылы ошол кездеги бийликтин «Ак жол» партиясынын курамында парламентке депутат болуп келген. Кезинде анын чоң саясатка келишине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев себеп болгону тууралуу ошол кездеги басма сөзгө маалыматтар чыккан. Андан кийин ал 2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2015-жылы Алтынбек Сулайманов өзү «Бир Бол» партиясын негиздеп, аны шайлоого баштап барып, парламентте 12 депутаттык мандат алган.

Алтынбек Сулайманов эмнеге бул жолу партиянын курамын тазалап, жаңы жүздөр менен шайлоого баратканын мындайча түшүндүрдү:

«Мурдагыдай эле парламентке барып, бир нерсени өзгөртүү колумдан келбей турганын толук мойнума алышым керек. Менин буга чейинки саясий санаалаштарым да муну мойнуна алышы зарыл. Бирок өлкөнү өзгөртүүгө алып бара ала турган жаңы жүздөрдү эч ким саясатка келтирбей турганын түшүндүм. Ошондуктан менин тарыхый миссиям - ошолорду саясатка алып келүү. Азыр биз партиянын курамын 98% жаңылап, заманбап билимге ээ болгон жаратман, кесипкөй уул-кыздарыбызды чогултуп, жаңы жүздөр менен парламенттик шайлоого барууну максат кылдык. Менин мурдагыдай эле оңой жол менен, кайсы бир ири партиянын тизмесине кирип же болбосо мурдагыдай эле партияга капчыктуу бай олигархтарды чогултуп алып, акчанын күчү менен парламентке келүү мүмкүнчүлүгүм деле бар эле. Анда мен азыркыдай болуп кыйналбайт элем. Себеби азыр менин мойнумда көп жүк турат. Каржы маселеси, уюштуруу иштери... Бардык жагынан ушул балдарга жол ачып берүүгө аракет кылып жатам. Мурдагыдай эле капчыктуулар менен парламентке келип, башкаруучу коалицияга кирип, балдарымды 1-2 министрликке жайгаштырып алып, бирок өзүмдү-өзүм тушап, өзүмдү өзүм «кнопкачы депутат» кылып, элге каршы иштегенден өзүмдү тартканга аракет кылдым».

Жаңы жүздөргө «жашырылган» кландык байланыштар

«Бир Бол» партиясынын тизмесине ишкер чөйрөдө, өкмөттүк эмес уюмдарда жана коомдук турмушта жигердүү жарандардын талапкерлиги киргизилген. Тизменин алдыңкы сабын Жоомарт Жолдошев, Фарходбек Алимжанов, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек, Жоодар Сайдилканов, Зарина Чекирбаева, Нурсултан Кубанов, Гүлнура Төралиева сыяктуу жаштар толуктаган.

Партиянын мурдагы мүчөлөрүнөн тизмеде экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев, депутат Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулайманов өзү калган. Партиянын курамы жаңыланганы менен анын арасы күмөндүү саясий байланыштары бар өлкөдөгү ири жана таасирдүү кландардын өкүлдөрү менен да толукталганы тууралуу маалыматтар чыккан.

«Жетинчи каналдын» журналисти Азамат Абдиев түз эфирде Алтынбек Сулаймановго ошол ири саясий кландардын ортосундагы күмөндүү байланыштар жана алардын партиянын болочок ишмердигине тийгизчү таасири тууралуу суроо узаткан болчу:

«Сиздердин партиянын тизмесин толук карап чыктым. Коомчулук өкүлдөрү да бир топ пикирлерин жазып жатышат. Деги эле жалпы тизмени караганда, чынында эле «винегреттей» көрүнүп жатат. Андан кийин бул жерде партиянын тизмесинде Бакиевдердин, Отунбаеванын таяке-жээндери жүргөнүн кантип түшүндүрөсүз? Мисалы, Айжан Кененбаева. Анан партиянын тизмесинде болбосо да «Бир Бол» партиясынын штабында иштеп жаткан Сымбат Марат кызы Марат Бакиевдин кызы экени факты да. Анан тизмеңиз боюнча кримдүйнөгө тиешеси бар адамдардын бар экени тууралуу да айтылып жүрөт. Партияңызда №13 орундагы талапкер Дүйшөн Төрөкулов. Каймана аты «Душка» экен. Ошол кишинин дагы бир жолу сиздин партиядан баратканына кандай комментарий бересиз?»

Өткөн айларда партиянын штабында мурдагы президенттин иниси, экс-элчи Марат Бакиевдин кызы Сымбат Марат кызы финансалык директор болуп иштей турганы боюнча маалымат чыккан. Бирок анын партиянын саясатына эч кандай тиешеси жок экенин айткан Алтынбек Сулайманов бакиевдик кландын өкүлү кандайча партиянын штабында иштеп калганын түшүндүргөн эмес.

Партиянын тизмесиндеги төртүнчү талапкер Айжан Чыныбаева мурдагы аким Адамкалый Чыныбаевдин кызы, башка бир аким Болот Кененбаевдин келини жана экс-президент Роза Отунбаеванын жээни экени белгилүү болгон. Анын үй-бүлөсүнүн мындай ири туугандык байланышынын арты менен күйөөсү Асланбек Кененбаев былтыр чатак чыккан Кызыл Омпол уран кенин иштеткен «Юр Азия» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири деген маалымат чыккан. Кийин Арсланбек Кененбаев негиздөөчүлөрдүн курамынан эбак эле чыгып кеткенин, анын уран кенине ээлик кылуу укугу жок экенин жарыялаган.

Мына ушундай шартта Алтынбек Сулайманов партиянын күмөндүү каржы булактары тууралуу маалыматты четке какты:

«Эми бул такыр чындыкка туура келбейт. Бакиевдер биздин тизмеде жок. Тескерисинче, эгерде бакиевчилер десеңер мен да «Ак жол» партиясынан депутат болгом. Ошондуктан Бакиевдин командасын издесеңер, аларды башка партиялардын төрүнөн тапсаңыздар болот. Ал кыз биздин партиянын штабында иштеп жатат. Ал штабдагы жүздөгөн кызматкерлердин эле бири. Ошол ызы-чуудан кийин деле ал кыз азыр бизде иштеп келе жатат. Экинчиден, Айжан Чыныбаеваны «Роза Отунбаеванын сиңдиси, тууган-туушканы» деп айтып жатасыңар. Ал да биздин катарыбызда. Отунбаева бүгүнкү күндө Кыргызстанда элеби? Ал биздин экс-президент болуп, алдыңкы эжелерибиздин бири катары азыр деле арабызда иштеп жүрөт. Ал киши менен бирге иштегендер же жакын туугандары эмне үчүн куугунтукталышы керек?».

Ал эми «Достук» холдингинин башкы директору, бизнес-машыктыруучу Айжан Чыныбаева бир катар бизнес жана социалдык долбоорлордун демилгечиси. Айжан Чыныбаева Бишкектин Свердлов районунун мурдагы акими Болот Кененбаевдин келини болсо, анын бир тууган кайын сиңдиси Айжан Кененбаева мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге турмушка чыкканы белгилүү.

Депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева мындай туугандык байланыштарды кландык кызыкчылыктагы байланыштар катары эсептебейт.

«Азыр кайсы гана фамилияны албагыла, бардыгы кандайдыр бир кландан болуп чыгат, - деди ал. - Бир эле балдар үйүнөн чыккандардын кланы жок болбосо... Бирок бир балдар үйүндө чоңойгондордун да кланы бар деп уктум. Ошондуктан мага бул сөз жакпайт. Мен бир уруу деп айтам. Ошондуктан мен Жангарач атанын уруусунан болом. Кененбаевдердин келинимин. Бул нерсени мен эми өзгөртө албаймын да. Башка күйөөнү таба албайм да. Мен Кененбаевдер менен жашабай же Отунбаевдер менен жашабай коё албайм да. Бул эми жөн эле саясат болуп жатат.

Акаев, Бакиев, Масалиев, Усубалиев менен иштеген кишилер арабызда жүрүшөт. Анда эмне, ошолордун баарын атышабы же эмне кылышат? Бул абдан туура эмес суроо. Менин кайын сиңдим турмушка чыккан. Биз куда болуп калдык. Бирок ошондон бир айдан соң, Бакиев менин атамды Сокулук районунун акимдигинен алып, кызматтан кетирген. Кудалар болсо да. Анткени менин атам Сокулуктагы жер тилкелерин трансформация кылганга уруксат берген жок. Бакиевдер болсо жерди трансформацияга берүүнү талап кылышкан. Менин атам «ал туура эмес, мыйзамсыз болуп калат, Сокулуктун жерлерин трансформацияга бербейм, ал элдики» дегени үчүн куда болсок да аны кызматынан кетирген. Бул маселеде бизде тууганчылык жок. Бири-бирибизди колдогон эмеспиз. Мен Бакиевдерди билбейм же алардын тойлоруна барып, бир үстөлдө отуруп көргөн эмесмин. Менин кайын сиңдим күйөөгө чыкканда деле биз алар менен катышкан эмеспиз. Биз керек болсо каршы болгонбуз. Бирок ал «бул менин турмушум, мен аны сүйөм» деп биз уруксат бербесек да ага турмушка чыккан. Анан биз эмне кылабыз? Андан кийин Бакиевдер биздин эжебиз Роза Исаковнага кандай гана кыйынчылыктарды жасашты...»

Партиянын тизмесиндеги экинчи талапкер Жоомарт Жолдошев - жер казынасы жана коммерция боюнча Бишкектеги эл аралык арбитраждын төрагасы. Ал эми жеке ишкер, атасынын атындагы кайрымдуулук фондунун төрагасы Фарходбек Алимжанов - Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, маркум Айбек Алимжановдун уулу. Өзбек маданий борборунун жетекчиси, шаардык кеңештин депутаты Айбек Алимжановго 2006-жылы Ош шаарында кол салуу болуп, окко учкан.

Тизмеде жетинчи номердеги талапкер Жоодар Сайдилканов «INTEGRA Engineering Group» курулуш компаниясынын директорунун кеңешчиси экени көрсөтүлгөн. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Сапар Исаковдун өкмөтүндө басма сөз кызматын жетектеген Гүлнара Төралиева тизмеде №12 талапкер.

Тизмедеги алтынчы талапкер, медиа эксперт Руслан Акматбек партиянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектейт. Ал тизмедеги талапкерлер депутат болуп келишсе, кландык кызыкчылыктарга жол бербөө чарасы тууралуу мындай дейт:

«Шайлоого бараткан соң партия тууралуу, анын талапкерлери жөнүндө ар кандай сөздөрдү угуп, окуп жатпайбызбы. Мисалы, мен жөнүндө деле «ал гүленчи» деген ар кандай сөздөр болуп жатпайбы. Бул деген эми баарыбыз Кыргызстандын күзгүсү экенибизди көргөзөт. Айжан Чыныбаева да, Гүлнур Төралиева да, Мурашев да, Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов да - Кыргызстан. Бул биздин бир бөлүкчөбүз. Бизде жамандыр-жакшыдыр парламентаризм түптөлүп калды. Сөз эркиндиги бар. Бизде ушул эки демократиялык баалуулук болгону үчүн мурда жашырылган кандайдыр бир кыңыр иштер бат эле ачыкка чыгып калат. Биз аны канчалык жашырып-жаап каткан күндө деле ал нерсе тез эле коомчулукка чыгып, анан биз уят болуп калабыз. Ошондуктан мындайга эч ким баргысы келбейт. Бизде принципиалдуу маселелерди чогуу-чаран талкуулап, бирге чечим кабыл алабыз. Биздин партияда чечим кабыл алууда бирөөлөрдүн үстөмдүгү деген маселе жок».

Чоң муштумдуктан калган чоң саясат

Ал эми тизмеде 11-орунда турган экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев коомчулуктун эсинде ашкере чоң муштумдугу тууралуу маалыматтар менен эсте калган. Анткени ал 2014-жылы Улуттук госпиталдын дарыгерин урганы тууралуу маалымат чыкса, 2017-жылы президенттик шайлоо маалында шайлоо тилкесинде бир жаранды токмоктогону тууралуу арыз түшкөн.​

Алтынбек Сулайманов анын партиясынын курамында дагы эле чоң муштум спортчулар калганы, алардын бири «Душка» деген каймана ат менен белгилүү депутат Дүйшөн Төрөкулов экени тууралуу суроого төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

«Ал жигит кримдүйнөгө эч качан аралашкан эмес. Эгерде ал андай иштерге катышкан болсо, анда анын кайсы уюшкан топто болгону, кайсы иштер менен ошол кримдүйнөгө аралышып калганы боюнча эч кандай далил жок. Себеби ал андай иштерге тиешеси болгон эмес. Ал болгону спортсмен болгон. Спорттун чебери. Анан ал тентек бала. Жаштыгында тентектикти кимдер гана кылбайт, эмне деген гана тентектик болбойт. Ошонун негизинде айтылып, жазылып келди. Ал турсун мына мени деле кримдүйнөгө байлашат... Ал эми мен өзүм бир да күн милицияга сурак берип, түшүнүк кат жазган бала эмесмин. Бирок мени деле ошентип жүрүшөт».

«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы башчысы Алмамбет Шыкмаматов жетектеп баратат. Алмамбет Шыкмаматов партияны алмаштырган менен саясий көз карашында анча деле өзгөрүү болбогонун айтып, аны эки партиянын багытынын окшоштугу менен байланыштырды:

«Экөөнүн ортосунда чоң деле айырма жок, партиялык идеология боюнча. Анткени «Ата Мекен» менен «Бир Бол» партиялары экөө тең социалдык либерализмге жакын партиялар. «Ата Мекенди» деле радикалдуу социалисттик партия деп аташ кыйын. Ал эми «Бир Бол» партиясы да социалдык мамлекет, ошол эле маалда жеке менчиктин кол тийбестиги, рынок экономикасы жана ишкердиктеги эркиндик маселесин туу көтөрүп келе жатат. Бизде азыр бир гана өзгөчө эреже бар. Ал чечим кабыл алууда азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек деген принцип. Партия бир адамдын жеке менчиги болбойт, аны чогуу-чаран, ийри отуруп, түз чечүү».

«Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн микрофон сунууга даяр.

XS
SM
MD
LG