Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Президенттин сын коштогон сапары


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады.

«Президенттер шайлоо сайын Орусияга барат»

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 28-сентябрда Сочиде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтты.

Орусиянын жетекчисинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты».

Ошону менен катар Путин кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий аракеттерин колдой турганын билдирип: «Биз, өз кезегибизде, мамлекет башчысы катары сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракетибизди көрөбүз», - деди.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана өлкө президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын айтты.

Ошону менен катар ал Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады.

«Владимир Владимирович, Кыргызстандын эли сиз менен болгон жолугушуубуздан көп нерсени күтөт. Айрыкча парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине (кол салууга) аракет кылып, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет. Албетте, биз аларга жол бербейбиз, алар ийгиликке жете алышпайт. Анткени Орусиянын бизди колдоосу абдан маанилүү жана бул үчүн сизге ыраазымын. Биз ар дайым тарыхый достук мамилелерибизди баалайбыз, ал кылымдар бою сыналып келген», - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Орусияга жумушчу сапары менен барып Владимир Путин менен жолугары 25-сентябрда белгилүү болгон. Анын бул сапары Кыргызстанда парламенттик шайлоого беш күн калган учурга, ошондой эле «Биримдик» партиясынын депутаттыкка талапкери Марат Аманкуловдун эгемендикке жана Орусияга байланышкан талаштуу билдирүүсү талкууланып жаткан кезге туш келди.

Жээнбековдун 28-сентябрда Сочиде кыска убакыт гана болору айтылган. Анткени ушул эле күнү анын Венгриядагы эки күндүк расмий сапары башталып жатат.

Ошондуктан президенттин орто жолдо кыска убакытка Владимир Путин менен жолугушуусу Кыргызстанда ар кандай бааланууда. Жазуучу, журналист Олжобай Шакир мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы жумушчу сапарын алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырды:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Жумушчу сапар – бул жөн гана көз боёмочулук. Чындап келгенде ал кыргыз бийлиги Орусиянын ишараты, кабак-кашы менен жүргүзүп жаткан саясаты. Себеби, Кыргызстандагы 2010-2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо жана президенттик шайлоолордо ушундай сапарлар кокусунан эле уюштурула калат. Бул Орусиянын саясатынын таасиринен чыга албагандык. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун Орусияга барышы кокустук эмес. Шайлоо алдында Кремлдин «ушундай-ушундай болот» деген шахматтык жүрүштөрү».

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин акыркы жолу февраль айында Москвада жолугушкан. Ал эми июнь айында Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгы боюнча парадга катышуу үчүн Москвага барган. Бирок кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнөн коронавирус чыккандыктан Жээнбеков иш-чарага катышпай эле Бишкекке кайтып келген. Кийин үч жолу телефондон сүйлөштү.

Дал келүүбү же даярдалган сапарбы?

Жээнбековдун жумушчу сапары бийликчил деп айтылып келаткан «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун «эгемендикке шек келтирди» деп сынга кабылган билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкууланып жаткан учурга да туш келип калды.

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сынга кабылып, Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары өттү.

Эгемендикти коргогондордун акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук инститтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда эгемендикке байланыштуу талаш-талкуу басыла электе уюштурулган сапарды кадыресе көрүнүш катары баалады:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«ЕАЭБдин алкагында буга чейин келишилген, кол коюлган маселелер, ортодогу соода жүгүртүү, транспорттук каттам боюнча чечилбей келаткан иштер көп. Акча жүгүртүү, илимий мекемелердин өз ара катышына байланыштуу маселелер бар. Ошондуктан эки президент талкуулачу нерсе көп. Аманкуловдун билдирүүсү боюнча эгемендикке байланыштуу ишке бул жолугушуунун азырынча тиешеси жок. Шайлоону болсо президенттин иш графигинин дал келиши катары эле караса болот».

Венгрия менен Кыргызстандын кызматташтыгына токтолсок, маалыматка ылайык, экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы президент катары Венгрияга расмий сапар менен барган.

Андан бери Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен 2018-жылы расмий сапар менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан.

Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде 50 млн. евро капиталы менен кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөрүн кабарлады.

Евробиримдиктин мүчөсү Венгрия Орусияга ыктап, түрк тилдүү мамлекеттер менен алака түзүп келет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов президент Жээнбековдун эки өлкөгө барышы тууралуу мындай деди:

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

«Биринчиден, дүйнөдө коронавирус эпидемиясы жүрүп жатканда биздин чоңдор өрнөк көргөзүп айылчылабай эле койсо жакшы болмок. Экинчиден, президент Орусияга конуп жолдон май куюп алаар. Биздин стратегиялык өнөктөш өлкөнүн жетекчиси менен учураша кетер. Андан кийин Венгрияга эмнеге баратканын мен түшүнгөн жокмун. Венгрия менен эч кандай деле алыш-беришибиз жок. Венгрия Евробиримдикке мүчө болгону менен аларга оппозиция болуп, Орусияга ыктап жүрөт. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга чет өлкөлүк демократиялуу өлкөлөрдүн жетекчилери барбайт деле. Биздин президент анын легитимдүүлүгүн бекемдеш үчүн баратат го деп ойлойм. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда шайлоо өткөнү жатат. Анын үстүнө бийликтин партиясынын лидери «30 жыл эгемендиктен эч нерсе тапкан жокпуз» деп эгемендик маселеси талкууланууда. Ошол учурда президент үн катып, Марат Аманкулов талапкерлердин тизмесинен чыгарылса жакшы болмок. Тилекке каршы, бийлик унчуккан жок. Шайлоодо өзүңдүн акылың жетпесе «улуу агадан» сурап туруш керек болот тура. Бардык эле президенттер ушундай кылышчу».

Кыргызстанда кандай гана бийлик келбесин, Орусияны «стратегиялык өнөктөш» деп атап, тышкы саясатта артыкчылык берет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши ачыкка чыккандан кийин да Москвага барып Путин менен жолугушуп келди. Андан көп өтпөй эле Кой-Таштагы үйүнөн атайын операцияда камакка алынды. Саясат талдоочу Эсен Өмүракунов муну «кыргыз саясатчыларынын Кремлдин таасиринен чыга албаганы» деп мүнөздөдү:

«Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында Орусияга тийип өтүп жатканы - албетте шайлоо маселесине байланыштуу. Бирок шайлоо алдында Орусияга кулдук уруп барган азыркы эле бийлик эмес да. Бийликке жарым-жартылай оппозиция болуп жаткан саясий топтор деле Орусияга жакындыгын билдире албай, орус тараптын алдынан өтүү «салтын» улап келатышат».

Кыргызстан менен Орусия Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу бирикмелерге мүчө жана ушул уюмдардын алкагында кызматташат.

XS
SM
MD
LG