Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

MMA чемпиону, орусиялык мушкер француз мугалиминин өлүмүн кубаттады


Самюэл Пати.

Чеченстандык чемпион Зелим Имадаев өзүнүн жердеши, өткөн жумада Парижде француз мугалимин өлтүргөн Абдулла Анзоровду кубаттады.

Ал «Инстаграммдагы» баракчасына Анзоровду «ислам баатыры» деп жазды.

Дагы бир MMA мушкери, чеченстандык Альберт Дураев француз мугалиминин өлтүрүлүшү боюнча жазган пикиринде «Францияда сөз эркиндиги жоголо баштады» деп жазып, аягына күлгөн быйтыкча койгон.

Мушкерлердин мындай иштери үчүн жарандык активисттер Орусиянын Тергөө башкармалыгына кайрылып, алардын сөзү терроризмди актоо болуп эсептелер-эсептелбесин текшерүүнү өтүнүштү.

Петербургдук активист Павел Чупрунов Тергөө башкармалыгы чеченстандык мушкерлерге кандй чара көрө турганын текшериш үчүн кайрылганын билдирди. Мурдараак Тергөө башкармалыгы ФСБнын Архангелскидеги операциясына пикирин билдирген айрым адамдарга кылмыш ишин козгогон.

22-октябрда айрым маалымат каражаттарында UFC бул айткандары үчүн Зелим Имадаев менен келишимин бузганы кабарланды.

Мындан кийин Имадаев менен Дураев француз мугалиминин өлүмү тууралуу жазгандарын «Инстаграмдан» өчүрүп салышкан.

47 жаштагы Пати 16-октябрда ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ал бул окуядан мурун «Charlie Hebdo» журналына жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөтүп, сөз эркиндиги боюнча пикири менен бөлүшкөн. Бул кылмышка байланыштуу кылмыш иши козголуп, тогуз киши кармалганы кабарланган. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси. Кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен улутундагы 18 жаштагы Абдулла Анзоров экени айтылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG