Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

ИИМ: Өгөй баласын сабаган деп шек саналган адам кармалды


Сабалган бала. (Сүрөт Интернеттен алынды).
Сабалган бала. (Сүрөт Интернеттен алынды).

Алты жаштагы өгөй баласын сабаган деп шек саналган жаран кармалып, учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нургүл Нусупова 23-ноябрда «Азаттыкка» билдирди:

«Сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда А.Б. атуу жаранды кармоо жана ички иштер бөлүмүнө жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган».

Маалыматка караганда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганын айтып, 17-ноябрда арыз менен кайрылган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген.

22-ноябрда социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, анын кош бойлуу энеси уулун алып, качып кеткенин жазышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG