Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

«Баш мыйзамды шашып өзгөртүүгө болбойт»


Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөр жана Брюссель менен Борбор Азиянын кызматташтыгы тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

- Кыргызстанда конституциялык реформа маселеси боюнча эки ача пикирлерди жаратууда. Коомчулуктун бир бөлүгү парламенттик шайлоо өткөндөн кийин гана Баш мыйзамды талкуулаш керек экенин айтып жатышат. Садыр Жапаров башында турган өкмөт жана анын тарапкерлери парламенттин ролун чектеген, президенттик бийликти күчөткөн Конституциянын долбоорун сунуштап жатат. Бул өнүгүүлөргө кандай көз караштасыз?

- Биз Кыргызстандагы шайлоолорго абдан тынчсызданып турабыз. Албетте, биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыккан элди түшүнөбүз. Жарандык коомдун, жаштардын жигердүүлүгү, алардын кырдаалды көзөмөлгө алуу аракети бизди абдан таң калтырды.

Абал тез өзгөрүп жатты. Кээде бул өзгөрүүлөр туура багытта кеткен жок. Алар шайлоонун бурмаланышына себеп болгон маселелерди түп-тамырынан чечүүгө эмес, кыска мөөнөттүк чечимдерге көңүл буруп жатты. Өлкөнүн ички талкууларына терең сүңгүп киргим келбейт.

Бирок биз Кыргызстандын күчү – жигердүү жарандык коомунда экенин мурдатан бери кайталап келе жатабыз. Конституциялык укук боюнча күчтүү адистер, салмактуу саясий топтор чогулуп, азыркы кризиске эмне түрткү бергенин талдап, бардык тараптарды камтыган жана парламенттик демократияны жокко чыгарбай тескерисинче күчтөндүрө турган процесске жол ачуу керек. Европанын жогорку комиссары биздин мындай позициябызды бир ай мурда да айткан.

Венеция комиссиясынын корутундусу боюнча да ушундай билдирүүнү кайталайт болушубуз керек. Кыргызстандын Конституциялык палатасы шайлоолорго байланыштуу Венеция комиссиясынын позициясын сураган болчу. Натыйжада ал комиссия Кыргызстандын мөөнөтү бүтүп бараткан парламенти радикалдуу чечимдерди, өзгөчө конституциялык түзөтүүлөрдү кабыл ала албай турганын так белгиледи. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн бардык тараптын пикири камтылган чоң талкуу керек. Шашылган болбойт. Мындай диалог үчүн жетиштүү убакыт жана шарт керек.

Конституциялык реформага каршы акция, Бишкек, 29-ноябрь, 2020-жыл.
Конституциялык реформага каршы акция, Бишкек, 29-ноябрь, 2020-жыл.

Биз таза жана акыйкат шайлоодо шайланып келген парламент бул процесстин башатында турушу керек жана зарыл болсо ошол парламент Конституцияны өзгөртүшү керек деп эсептейбиз.

Биз азыр кандайдыр бир элементтерди көрүп жатабыз. Конституциялык кеңешме түзүлгөнүн көрдүк. Бирок бул жетишсиз. Кеңири саясий топтордун, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана юристтердин башын бириктирген процесс болушу зарыл.

Биз Венеция комиссиясы аркылуу да өз кеңештерибизди бергенге даярбыз. Акыркы чечим кыргыз элинин өзүнүн колунда. Бизди Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги кызыктырат. Мындай башкаруу модели башкалар үчүн да үлгү болот деп ойлойбуз. Бул модель иштебейт экен деп андан оолактабай аны бекемдөө зарыл деп эсептейбиз.

- Эгер Кыргызстан күчтүү президенттик башкарууга багыт ала турган болсо, бул өлкөдөгү демократиялык күчтөр үчүн гана эмес, Евробиримдик жана ЕККУ сыяктуу демөөрчүлөр үчүн да артка чегинүү катары эсептелбейби? Себеби Европа Биримдиги 2010-жылдан бери өлкөдө парламенттик системаны орнотуу аракеттерин кубаттап келбеди беле. Кыргызстандын ошол дымагын колдоо үчүн жетиштүү аракет көрө алдык деп ойлойсузбу?

- Дагы жакшыраак аракет көрүү мүмкүнчүлүгү дайыма бар. Бирок анын баары жардамды кабыл алуу жөндөмүнө жана элдин дилгирлигине жараша болот. Андыктан биз демөөрчү деп аталгыбыз келбейт эле. Биз Кыргызстандын өнөктөштөрүбүз.

Биз кызматташтыкты бекемдөө боюнча келишимдин алкагында мындай өнөктөштүктү дагы жогорку деңгээлге алып чыгууга аракет кылып жатабыз. Булардын баары кыргыз тарап менен абдан ачык жана теңата сүйлөшүүлөрдүн алкагында макулдашылган. Муну биз таңуулаган жокпуз. Кыргызстандагы саясий күчтөр жана жарандык коом муну жакшы түшүнүп турганы бизди кубандырат.

Андыктан биз кызматташтык программаларынын алкагында сот системасынын реформасына чоң колдоо көрсөткөнбүз. Жарандык коом бул реформага сарпталган каражат каалагандай натыйжа бербегенин айтып, мурдагы өкмөттү сынга алганын билебиз. Албетте, мындай жыйынтык бизди өкүндүрбөй койбойт. Бирок өнүгүүнүн кайсы бир процесстерин аттап өтө албайсың. Ошондуктан биз дайым кеңеш берүүгө даярбыз. Бирок акыркы чечимди дайыма кыргыз эли өзү кабыл аларын түшүнүп турабыз.

Биз өлкө алган багыт боюнча камтама болуп турганыбызды жашырбайбыз. Себеби, биз Кыргызстандагы эле эмес, чөлкөмдөгү да туруктуулукка кызыкдарбыз. Биз Борбор Азиянын башка төрт өлкөсүнүн лидерлеринин билдирүүсүнө кубандык. Алар да “бул маселелер Конституциянын жана мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында чечилиши керек” деген сыяктуу биз ойлоп турган нерселерди айтышты. Ал өлкөлөр да бир топ оор реформаларды баштан кечирип жатат.

- Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын былтыр жарыялады. Ага чейинки стратегия 12 жыл мурда, 2007-жылы кабыл алынган болчу. Анда чөлкөмдөгү мунай-газга кызыгуу бар эле. Ошондой эле Ооганстан маселеси да күн тартибинде турган. Азыр алар анчейин актуалдуу эмес. Учурда расмий Брюсселдин Борбор Азиядагы кызыкчылыгы эмнеде?

- Мен көнүмүш болуп калган сөздөрдү айткым келбейт. Бирок биз чындап чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого кызыкдарбыз. Бул стратегиялык жактан бардык тарап үчүн маанилүү. Европа менен Азиянын ортосундагы байланыш жолдору күчөгөн сайын мындай стратегиянын мааниси да артып жатат.

Биз Борбор Азиянын чоң саясий оюндардын же атаандаштыктын эмес, кызматташтыктын чөлкөмү болушуна тилектешпиз. Биздин бул чөлкөмгө болгон мындай кызыгуубуз артып жатат. Биз бул өрөөндүн оң жана терс потенциалын да түшүнүп турабыз. Эгер биз бул регионго көңүл бурбасак, ал терс атаандаштыктын аймагына айланышы мүмкүн. Бул биздин коопсуздугубузга терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Эгер жаштарга иш орунун түзүп бербесең, алар башка өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө аргасыз болот. Алар радикалдуу, террордук уюмдардын кылтагына илиниши мүмкүн. Мындайды көрүп жатабыз.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (ортодо), Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышкан видео конференциясы, 17-ноябрь 2020-жыл.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель (ортодо), Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышкан видео конференциясы, 17-ноябрь 2020-жыл.

Андыктан биз позитивдүү кызматташтык аркылуу Европа менен Азиянын карым-катышын, эки тараптын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүргүбүз келет. Алардын арасында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш сыяктуу жергиликтүү жана глобалдык маселелер да бар. Себеби, биз бул күрөштө бир тараптабыз.

Биз чөлкөмдүн өз ара кызматташтыгына да колдоо көрсөткүбүз келет. Мындан баарыбыз эле пайда табабыз. Бул регионго кызыккан башка өлкөлөр да мунун пайдасын түшүнөт деп ойлойбуз. Билим берүү, мыйзам үстөмдүгү, реформалар жана жарандык коом сыяктуу бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана мамлекеттин ар кыл кыйынчылыктарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну көздөйбүз. Жеке бизнестин жана жаңы технологиялардын өнүгүшүнө шарт түзүүнү каалайбыз.

Акыркы беш жыл ичинде өрөөндөгү позитивдүү өзгөрүүлөр бизди кубандырып жатат. Чөлкөмдөгү өлкөлөр чогуу иш алып бара баштады. Өзгөчө коронавирус маалында Борбор Азия өлкөлөрү бири-бирине көмөк көрсөтүп жатты. Биз мындай кызматташтыкка өзүбүздүн экономикалык платформабыз аркылуу колдоо көрсөткүбүз келет.

XS
SM
MD
LG