Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ыкчам кызматкери - Р. Б. аттуу жаран жүз миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) маалымдады. Ага ылайык, мурдараак Финполицияга Т. Б. аттуу жарандан милиция кызматкерине каршы арыз түшкөн.
21-декабрь күнү Финполдун кызматкерлери ИИМдин Ички тартип кызматы менен кошо атайын операция жүргүзүп, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү Р.Б. аттуу жаранды кармашты.
Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)
Дагы караңыз