Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Ыкчам топ: Президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуу фактылары каралып жатат


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө түрдүү мүнөздөгү мыйзам бузуу фактылары боюнча талапкерлерден, байкоочулардан кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Кайрылууларга БШК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги менен чогуу түзүлгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ өз учурунда карап, тиешелүү баа берип жатат.

Ыкчам топту координациялоочу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун журналисттерге билдиргени боюнча катталган 45 мыйзам бузуу фактысы текшерилүүдө.

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду соңку бир жумада административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган 27 учур катталганын билдирди. Фонд анын ичинен 12си далилденип, баа бериш үчүн кайра текшерүүгө БШКга караштуу ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилгенин маалымдаган.

Урмамбетовдун айтымында 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдум күнү 11 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Аларга коомдук коопсуздукту сактоого башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери көмөктөшөт.

10-январда Кыргызстандын президентин шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болот. Президенттик жарышка 17 талапкер катышып жатат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун нааразылык акциялары башаламандыкка өтүп, 6-октябрда бийлик күч менен алмашкан. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан 16-октябрда кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG