Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Талапкер Жапаров: Аспеков шайлоо штабымда иштебейт


Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков. 8-октябрь, 2020-жыл.

Президенттикке талапкер, премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакка алган Мелис Аспеков тууралуу комментарий берди.

Жапаров 10-январда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып жарандык активист катары таанылган Аспеков анын шайлоо штабында иштебегенин айтты жана мыйзам бузса ким болбосун жооп бериши керектигин кошумчалады.

«Менин шайлоо штабыма анын тиешеси жок. Буга чейин 10 миң доллар берип «биздин атыбыздан» деген видео чыгып кетпедиби. Ошондон кийин штаб БШКга чейин арыз берип бул боюнча териштирген. Анан биздин ишенимдүү өкүл эмес болуп чыккан».

Ал бул тууралуу 10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берип чыккандан кийин айтты.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров добуш бергенден кийин. Бишкек, 10-январь, 2021-жыл.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров добуш бергенден кийин. Бишкек, 10-январь, 2021-жыл.

УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда Мелис Аспековду жана Улан Жураевди кармаган. Алар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мелис Аспеков буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын айткан. Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин өткөн айда Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген.

Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары абактан бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган. Шайлоонун үгүт маалында Жапаровду колдоп келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG