Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өткөн президенттик шайлоо менен референдумдагы добуштарды кол менен да эсептеп бүттү.
16-январдагы расмий кабарга ылайык, кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,33% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,34%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,24% түзгөн.
Президенттикке ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,20% добушка ээ болду.
Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган. Добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады.
Ал арада «Клооп» басылмасынын байкоочулары добуш берүүдө 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын каттаганын билдирип, учурда БШКда териштирүү жүрүүдө. (SE)