Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Парламент комитети камактагы судья Осмоналиевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды.

Комитеттин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева "Азаттыкка" билдиргендей, эми парламенттин жалпы жыйынында бул маселе каралып, токтом кабыл алынгандан соң чечим күчүнө кирет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судьяны 14-декабрда кармаган. Атайын кызмат Камил Осмоналиевди мыйзамсыз баюуга айыптап жатат. Мекеменин маалыматына караганда судья киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттаткан. Өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган.

Жогорку соттон жана Осмоналиевдин жакындарынан бул айыптоолорго комментарий боло элек. (SE)

Башка кабарларга да назар салыңыз

XS
SM
MD
LG