Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Коронавирус жуктуруп алган 1137 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алды


Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 19-январда билдирди.

Бул кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча. Ал эми 11-январдан баштап ооруну жуктуруп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон берилет.

Кенемте төлөө жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.

19-январдагы расмий эсепте өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и сакайып, 93ү кайтыш болду.

Өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн документтерди кабыл алууну ноябрда убактылуу токтотуп, жаңы жылдан кийин кайра кабыл алынарын билдирген. Документ чогултуу жараяны татаал болгондуктан, айрым медиктер кенемте ала албай жүргөнүн билдиришкен.

Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG