Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Баш мыйзам долбоору: президенттин укуктары жана милдеттери


Президент Садыр Жапаров инаугурация учурунда. 28-январь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров инаугурация учурунда. 28-январь, 2021-жыл.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилгени менен кошо эле анын жеке жоопкерчилиги да күчөтүлгөнүн белгилешүүдө.

Президенттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги

Баш мыйзам долбоорундагы мамлекеттик бийлик органдары жөнүндө үчүнчү бөлүмдө президенттин милдеттери, укуктары жазылган. Андагы 68-беренеге ылайык, президент – мамлекет башчы жана аткаруу бийлигин да жетектейт.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев президент мамлекеттик башкарууда жоопкерчиликти алып жатканына жараша ыйгарым укуктары да кошо берилип жатканын билдирген.

«Эң биринчи себеби - биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Ошон үчүн президент өзүнүн администрациясы менен жоопкерчиликти алат. Экинчи себеби - азыркы учурда көп маселе «Ак үйдүн» аппаратында чечилет. Бирок жооп берген дайыма өкмөт болуп келген. Кош бийлик түзүлүп калбасын деп жатабыз. Өкмөт деген жок, министрлер кабинети болуп калат».

Мамлекеттик катчынын кызматы пайда болот

Президенттин кызматы жөнүндө 72-беренеде кенен жазылган. Президент министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын дайындап, курамын аныктап, Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт жана кызматтан бошото алат. Президенттин алдында эки жаңы кызмат пайда болду. Алар - мамлекеттик катчы жана балдардын укугун коргоочу ыйгарым укуктуу өкүл.

Президент аткаруу бийлигине жооптуу, бирок отчёт бербейт

Аткаруу бийлиги жөнүндө жазылган бөлүмдөгү 91-беренеде «президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жеке жооп берет» деп жазылган. Бирок жыл сайын Жогорку Кеңешке, Элдик курултайга жана элге кайрылып, парламентке ишмердүүлүгү боюнча маалымат гана берет.

Министрлер кабинети азыркы өкмөттүн милдеттерин аткарат. Аткаруу бийлигине кирген министрлер кабинетинин төрагасы президенттин аппарат жетекчиси болот. Финансы министри ошол эле кезде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары да болот. Ал республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Жогорку Кеңешке отчёт берет. Парламент анын отчётун канааттандыраарлык эмес деп тапса, президент министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.

Президенттин жарлыгы жана мыйзам чыгаруу

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча президент мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу. Ошондой эле 73-беренеге ылайык, мамлекет башчы Кыргызстандын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алып, өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

Буга чейинки Баш мыйзамда президент Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизүүгө укуктуу болсо, эми курамынын жарымынан көбүн сунуш кыла алат.

Президент кантип кызматтан четтетилет?

Долбоордун 75-беренесине ылайык президент Конституцияны жана мыйзамдарды бузса, Жогорку Кеңештин жана сот системасынын укуктарына кийлигишкен учурда кызматтан четтетилет.

Мамлекет башчыны кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан кем эмес курамы, парламентте түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу менен демилге көтөрүп, эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин сунушу Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет. Эки орган президенттин кылмыш жасаганы аныкталганы жөнүндө корутунду чыгарса, парламенттин үчтөн экисинен кем эмес добуш менен президент кызматтан кетет.

Азырынча Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомчулукка жарыялана элек. Конституциялык кеңешменин жыйындарында «Азаттык» радиосунун кабарчысынын колуна тийген Конституциянын долбоорундагы айрым маалыматтарга таянып, президенттин укук-милдеттеринин негизгилерин түшүндүрүп берүүгө аракет кылдык.​

Президенттин укуктарынын кеңейтилиши эмне үчүн коркунучтуу?

«Кыргызстан юристтеринин коомчулугу» уюму 1993-жылдагы Конституциядан 2020-жылы сунушталып баштаган Баш мыйзамдын долбоорундагы президент менен парламенттин ыйгарым укуктарын талдап чыкты.

Уюмдун юристтери 17-ноябрда Жогорку Кеңеш коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунунун жана аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жыйындарындагы маалыматка таянып, президенттин укуктары кыйла кеңейтилгенин айтып чыгышты. Алардын бири Таттуубүбү Эргешбаева:

«Президентке мыйзам чыгаруу демилгеси кошулуп жатат. Демек президенттин аппараты мыйзамдардын 80% өткөрө берет. Андан сырткары Конституциялык палатанын сотун, Тартип комиссиясынын сотун толугу менен президенттик институт аныктап жатат. Бир да бийлик бутагы президенттен өз алдынча иштей албайт. Бул өтө коркунучтуу», - деди.

Анткен менен 28-январда мамлекет башчылык кызматка расмий түрдө киришкен Садыр Жапаров анын башкаруусунда башка бийлик бутактарынын укуктары чектелбей турганын жана өзү бардык иштерге жоопкерчиликти аларын баса белгиледи:

«Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укуктарын басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө деген кеп эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү».

27-январда Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун бекитти. Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алып парламентке жиберсе, ал Жогорку Кеңеште дагы талкууланабы же жокпу, азырынча расмий жооп боло элек. Болгону парламент Конституциянын долбоорун рефрендумга алып чыгары белгилүү. Ал апрель айында өтөрү кабарланган.

Соттук-укуктук реформалар боюнча жыйын. 29-январь, 2021-жыл

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG