Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Лукашенко "элдик курултай" өткөрүп, оппозицияны айыптады


Александр Лукашенко советтик доордон калган “Бүткүл беларустардын элдик курултайын” ачты. Эки күндүк жыйында реформалар, алдыдагы беш жылга өнүгүү программасы, Конституцияга ыктымал түзөтүүлөр талкууланмакчы.

Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан 66 жаштагы Лукашенко 2 миңден ашуун делегатка кайрылып, чет өлкөлөрдүн Беларуска каршы “чагылгандай чабуул” планы ишке ашпай калганын айтты.

“Биз өлкөбүздү коргоп калдык. Азырынча. Биз ар кандай жолдор менен өлкөнү кармап калышыбыз керек. Быйылкы жыл чечүүчү болмокчу”, - деди Лукашенко.

Курултайга негизинен өкмөтчүл кызматкерлер жана бийлик өзү тандап алган кишилер катышууда. Лукашенконун оппоненттери жыйынды анын бийликте калуу амалы катары сыпатташты.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени жарыяланганы менен оппозиция жана Батыш добуш берүүнүн бурмаланганын айтып, аны тааныган эмес. Ошондон бери нааразылык акциялары уланып жатат. Бийлик катышуучуларга күч колдонуп, аёосуз таркатып, куугунтуктап келатат. Оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү камалса, башкалары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

АКШнын Минскидеги элчилиги 11-февралда курултай “Беларус элинин көз карашын чагылдырбайт, демек өлкөдөгү саясий кризисти чечүүгө тиешеси жок” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG