Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Матраимов ооруканадабы?


Райымбек Матраимов жана ага таандык делген 1 гектар жердеги анын мүлкү.
Райымбек Матраимов жана ага таандык делген 1 гектар жердеги анын мүлкү.

УКМКнын тергөө абагына камалган бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов жеке менчик клиникалардын бирине дарыланууга чыгарылганы кабарланууда.

УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн да, ошол эле кезде расмий түрдө ырастаган да жок. Талдоочулар кылмышка шектелип, абакка камалган адам ооруп калса, аны түз эле абактан жеке менчик клиникага жаткырган учур болбогонун мисал келтиришти.

Бул арада OCCRP менен "Клооп-Медианын" журналисттери Райымбек Матраимов зыяндын ордун толтуруу үчүн мамлекетке өткөрүп берген кыймылсыз мүлктөрүн бир күндүн ичинде сатып алганын иликтеп чыгышты.

Маалымат агенттиктери күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына таянып, жакында экинчи ирет кармалып, камакка алынган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Бишкектеги жеке менчик клиникалардын бирине дарыланууга чыгарылганын жазып чыгышты. Анын кандай себеп менен ооруканага түшкөнү белгисиз.

Үн катпаган УКМК

Райымбек Матраимов тергөө абагында Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү менен жолукканда кан басымы жогорулап жатканына даттанган. Аны абактын дарыгерлери көрүп жатканы айтылып, Матраимов өзү кан басымынын көтөрүлүшүн бөйрөгүндөгү көйгөй менен байланыштырганы көрсөтүлгөн. Мурдагы бажычынын саламаттыгынын абалы боюнча расмий маалымат тарай элек. УКМКнын басма сөз кызматы муну төгүндөгөн да, ошол эле кезде расмий түрдө ырастаган да жок.

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Матраимов жеке менчик клиникага, дарыланууга чыгарылганы тууралуу маалымат ырас болушу мүмкүн экенин айтып, бирок кандай гана ооруканада болбосун, аны күзөт кызматы кайтара турганын белгиледи:

Артур Медетбеков. 2019-жылы 13-августу
Артур Медетбеков. 2019-жылы 13-августу

- Аны "ооруканага жатып калыптыр" деген маалымат чыгып жатат. Балким, ал үчүн бул нерсе чоң стресс болгон чыгар. Себеби ал "коррупция боюнча ишти моюнума алдым, карыздын бардыгын төлөдүм, эми мени жөн коёт" дедим эле эми кандай болот" деген учурда катуу стресс болуп, ооруп калышы мүмкүн. Мындай учурда адам катуу инсульт же инфаркт алышы дагы ыктымал. Бул жагдайда мамлекеттик ооруканаларда аны дарылап, караганга мүмкүнчүлүк жок болсо, анда тергөөчүнүн жана тергөө сотунун уруксаты менен оорулууну жеке менчик клиникага деле жаткызып, ошол жерде атайын коюлган конвой аны күзөтө берет.

Ошол эле кезде Райымбек Матраимовду жеке менчик клиникилардын бирине дарыланууга чыкканы тууралуу маалымат коомчулукта эки анжы пикирди жаратты. Анткени кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоого шектелип, экинчи ирет кармалган Райымбек Матраимовду сот жакында эле 2 айга УКМКнын тергөө абагына камоого бөгөт чарасын тандаган. Ал мындан мурун коррупция боюнча кармалып, мамлекетке келтирилген 2 млрд. сом зыянды төлөп, тергөө менен кызматташуунун негизинде сот ага 260 миң сом айып пул чегерип, жоопкерчиликтен кутулган.

"Артыкчылык" берилген абакчы

Саясий мүнөздө абакка камалып чыккан саясатчы Бектур Асанов Матраимовдун жеке менчик клиникага жаткырылышын ага карата артыкча мамиле катары мүнөздөдү:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

- Мисалы үчүн бизди ооруп, өлүп кала турган болгондо дагы мына ошол абактын эле ооруканасына алып барган. Анан бийлик менен жакшы сүйлөшө алган, оппозициячыл маанайда болбогондордун бир тобун мамлекеттик ооруканаларга которуп, ошол жактан дарылоого мүмкүнчүлүк беришчү. Эми Матраимовго ушундай артыкчылык берип, аны жеке менчик клиникада дарылоого которуптур. Мындай Кыргызстандын тарыхында болгон эмес эле. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден дагы артыкчылыгы жогору киши бар экен. Ал Матраимов болду. Аны жеке менчик клиникага чыгарыптыр. Бул деген азыркы бийлик жүз пайыз Матраимовдон көз каранды дегенди түшүндүрөт. Бул деген азыркы президент Садыр Жапаровдун Райымга "эптеп отуруп тур, анан ооруканага чыгарабыз" деген эле шоусу.

Бул арада Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору менен "Клооп-Медианын" журналисттери Райымбек Матраимов зыяндын ордун төлөп, мамлекетке өткөрүп берген кыймылсыз мүлктөрүнүн таржымалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Анда аталган мүлктөрдүн Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупциялык чийимдерге байланыштуу сот ишине бир нече күн калганда ага катталганы аныкталган. Райымбек Матраимов келтирилген зыяндын 1,4 млрд сомун акчалай төккөн (17 млн. АКШ доллары). Калган 600 миллион сомун (7 миллионов доллар) кыймылсыз мүлк түрүндө - жалпысынан мамлекетке 9 батир жана бир соода борборун өткөрүп бергени жарыяланган.

Бирок иликтөөдө тергөө эмнеге таянып, аталган кыймылсыз мүлктөр 600 млн. сомго же 7 млн. АКШ долларына бааланганы түшүнүксүз экени, алардын азыркы учурдагы базар бааларын салыштырып, жалпылап, кошуп эсептегенде эле алардын наркы орточо 5,6 жана 6,7 млн доллардын айланасында боло турганы көрсөтүлгөн.

"Ашыкча баалоонун аракети"

Иликтөөдө зыян эмнеге акчалай төлөнбөй, кыймылсыз мүлк түрүндө алынганы жана аларды баалоонун ачык эмес жүргөнү белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мында кыймылсыз мүлктөрдү ашыра баалоо аракеттери жүргөн болушу мүмкүн деп эсептейт:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

- Негизи, зыяндын ордун акчалай түрдө эле төлөтүш керек болчу. Себеби бул жерде мына ошол мүлктөрдү кайсы компания баалаганын биз билбейбиз. Менимче ал батирлер мүмкүн эски, ремонту барбы же жокпу - анысын биз азыр билбейбиз. Ал мүлктөрдүн базар баалары дагы башкача болушу мүмкүн. Алардын баалары 1 млн сомго же 500 миң сомдон ашыкча көрсөтүлүп калганын биз билбейбиз. Бул жерден дагы коррупция чыгышы мүмкүн. Бизде биринчи жолу батирлер менен зыяндын ордун төлөтүү болуп жатат. Мындай учурларда акчалай гана төлөтүлүп келген. Ал эми соттун чечими аркылуу конфискация болгондо гана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке алынышы мүмкүн эле.

Матраимовдун сот ишинде прокурордун айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөн Ысык-Көлдөгү коттеджи менен Бишкектеги пентхаусу мамлекетке алынган мүлктөрүндүн тизмесинде жок болуп, ошол эле кезде сотто айтылбаган кыймылсыз мүлктөрү ага кирип калганы иликтөөдө көрсөтүлгөн. Анан дагы мамлекетке өткөн тогуз батирдин бардыгы 25-январда - бир күндө сатылып алынганы көрсөтүлгөн. Алар 1-февралда Матраимовдун сот ишин кароого он күн калганда мамлекетке өткөрүлгөн.

"Жагдайлардын жөнөкөй жообу болушу мүмкүн"

Бирок Артур Медетбеков мүлктөрдүн бир күндө сатылып алынганын мурда алар башка адамдардын каттоосунда туруп, аларды кайра өзүнө каттаган болушу мүмкүн деген пикирин ортого салды:

- Мына ошол мүлктөрдүн көпчүлүгү кезинде анын ага-тууганы, таяке-жээнине же кудаларына жазылып калышы мүмкүн. Анан алардын бардыгын буга кошуп, зыяндын орду үчүн төлөп берүү үчүн аларды кайра өзүнө каттап, берген жагдай дагы болушу мүмкүн. Анан дагы мүлктөр ар кайсы үй-бүлөгө жазылса, аларды алды-сатты кылып кайра каттоо үчүн аялынан же болбосо күйөөсүнөн уруксат ала турган юридикалык көп маселелер бар. Мына ошондой укуктук процедураларды жүргүзгүчө эле бир топ убакыт өтөт. Анан баалоо компаниясы мүлктөрдү баалап, анан кайра Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду тарабынан түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, алар кайра текшерип чыкканча эле бир топ убакыт өтүп кетет. Бул иште мына ошондой мүлктөрдү мамлекетке өткөрүүгө чейинки мына ушундай укуктук маселелер болушу ыктымал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда өткөргөн маалымат жыйында кайсы кыймылсыз мүлктөр жана кандай баада мамлекетке өткөрүлгөнү тууралуу маалымат берген. Камчыбек Ташиев мамлекетке өткөн кыймылсыз мүлктөр базар баасынан бир топ ылдый бааланып, алынганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG