Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Жакиев: Роза Отунбаевадан өөн издегендер үчүн арданам


Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева

Аялдардын эл аралык тилектештик күнү Кыргызстанда да белгиленип жатат. Аны утурлай лидер аялдардын кыргыз коомундагы орду, кадыр-баркы тууралуу “Азаттык” коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев менен Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун пикирлерин сурады.

Коомдук ишмерлер Европа, Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде кыргыз коомундагы аялдарга, аял лидерлерге мамиленин оош-кыйыштары, 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийинки абал, ал татаал мезгилде мамлекетти башкарган Роза Отунбаеванын ишмердиги тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Бексултан Жакиев
Бексултан Жакиев

Бексултан Жакиев: Отунбаевадан өөн издегендер үчүн арданам

- Бексултан агай, кыргыз коомундагы аялдардын орду кандай эле? Кийинки муун кимдерге карап түзөнүп, кимдерди карап өсүшү керек деген ойдосуз?

- Бизде билимдүү, маданияттуу, ыймандуу, түшүнүгү бар кыз-келиндерибиз көп. Эми алардын ар бирине токтолуп отурууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер туура көрсөңөр Роза Отунбаева тууралуу айта кетсемби деп турам. Болобу?

- Албетте.

- Роза Исаковнаны университетке келип, сабак бере баштаган учурунан бери билем. Андан кийин тышкы иштер министри, элчи болгонун, мамлекетти жетектегенине чейин көрдүк, билебиз. Менин баамымда абдан билимдүү, түшүнүгү терең, интеллекти бийик. Эл аралык деңгээлдеби, ички маселелерибизде болобу абдан жеткиликтүү, түшүнүгү, ой-тилеги, максаты бар. Мен ошон үчүн бул кишини абдан кадырлайм. Муну жөн эле бекеринен айтып жаткан жокмун. Кыргыз элинин алдыга жылышы үчүн дайыма аракетин байкайм.

Кийинки учурда эле “Жайлоо бала бакчасы” дегенди уюштурбадыбы. Мындай эч кимибиздин оюбузга келген эмес. Ошондой эле жаңы конуштардагы чачыранды болуп жүргөн кыргыздын балдарын ыр, музыка менен таанышсын, боюна сиңирсин деп, ырчыларды консерваториянын оркестрин кошуп угузуп келди. Чымындуу акын кыз-жигиттерибиздин чыгармачылык кечесин Филармонияда дайыма өткөрүп келди. Мунун бардыгы жаштар келечекте өсүп-өнүксүн, интеллекти бийиктесин, маданияттуу болсун деген аракет. Элдин камын ойлоо деген ушул.

Чоң кызматта да туруп калды. Эркек саясатчылардын кимиси болбосун, анда бийлик башына келсе, оңбой калмакпыз. Булар тытышып атып кыргызды “ит” кылып салмак.

- 2010-жылды айтып атасыз да?

- Ооба, 2010-жылды айтып атам. Роза Исаковна бир жарым жылча башкарып турду го дейм. Ошондо кызматын чектеп коюшту, мындан кийин саясатка аралашпайсың деп. Макул болду, жакшылап жетектеп берди.

- Азыр эми Отунбаеванын ишмердигине карата коомчулукта ар кандай өөдө-ылдый сөздөр айтылып жатат...

- Кыргыз деген дайыма аялзатын сыйлап келген. Аялдар менен кыжылдашып, сөз талашкан эмес. Азыр эркектик касиеттер жоголуп баратат. Отунбаевадан жаманчылыкты, кемчиликти издеп жүргөндөргө арданам. Отунбаевадай тикесинен тик туруп иштеп берсе баарыбыз эле ыраазы болот элек да.

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Отунбаеваны эл аралык таанымы бар болгону үчүн, Кыргызстандын кадырын көтөрөт деген ой менен Убактылуу өкмөттү башкарууга дайындаганбыз деп айтып жүрүшпөйбү. Башка элдерде деле Отунбаеванын ошол учурдагы ишин кыргыз аялдарынын кыйындыгынын көрсөткүчү, эрдиги деп айтып жүрүшөт. Сиз кошуласызбы ушуга?

- Туура. Кыргызды Кудай дайыма колдойт. Колдогон үчүн Отунбаеваны бизге башчы кылып койду. Анын дагы бир таң кала турган жагы маданиятта эле эмес, эл аралык мамилелелерде дагы, ким менен кимдин, кайсы өлкө менен кайсы өлкөнүн кандай мамилеси бар – ошонун баарын көрүп тургандай. Ушундай билимдүү, түшүнүктүү, интеллекти жогору адамдын биздин башыбызга туруп калганы Кудайдын колдогонунан эле болгон.

Роза Отунбаева
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:51:22 0:00

- Отунбаева Убактылуу өкмөттү башкарып, президент болуп турушу кошуна өлкөлөрдө да аябай чоң даңаза болбодубу. Азыр деле Отунбаева мамлекетти кыйын учурда башкарды, бизде аялдар андай деңгээлге жете элек деп жүрүшөт. Анан жанагыдай өөдө-ылдый сөздөр кошуналарга кандай сигнал берет?

- Кошуналар өзүбүзгө караганда калыс айтат. Алар туура айтып атат. Анан алар ачык айтпаса да, Отунбаевага тийишип, асылып, кемчилик издеп аткандарын байкаганда “аялга атаандашкан бу кандай кокуйкүн немелер?” дейт да. Кичине эркек эркектей жашаш керек да, кудай урбадыбы.

- Европадагы бир форумда жакында Меркелди (Германиянын канцлери) баш кылып, тың чыкма саясатчы, коомдук ишмер аялдарды интернетте кодулоо, мазактоо эркектерге караганда жети эсе көп экени айтылды. Эмне үчүн стереотиптерди буза алган күчтүү аялдарды басмырлоо көп?

- Бул илгертен калган эски калдык. Ыраа көрбөгөндүк. Аялга жанагыдай жакшы сапатты, кыйын түшүнүктү, билермандыкты, билимдүүлүктү ыраа көрбөгөндүк. Ыраа көргөн эркектер - билимдүүлөр. Алар аялдарды, кыздарын сыйлайт, өздөрүнөн жогору коёт. Бардык элде, Европада, кыргызда деле калыстар калыс болот. Түшүнүгү тарлар байкуштун көз карашын түрткүлөй берет.

Мисалы, Роза Отунбаевадан алып салыш керек (экс-президенттик макам – ред.) дегенди окуп калдым. Эми бул – ичи тарлык. Ошон үчүн жанагы макамын алып салса деп сунуш кылып жатат. Жигитчилиги бар адам кенен болот. Отунбаева толгон эркектерге караганда кенен, март, кечиримдүү дагы менимче.

- Коомчулуктагы пикирлерден улам дагы бир суроо бергим келип атат. Мисалы, уучубуз куру эмес, Курманжан даткадай, Кондучаловадай, Отунбаевадай болом дегендер дагы эле чыгат да, туурабы? Анан Отунбаевага басым жасалып жаткан сыяктуу коомдогу басмырлоолор лидер болот элем деген кийинки муундагы кыз-келиндердин үмүтүнө суу сеппейби?

- Эл болгон жерде кыз-келиндердин арасынан мыктылар чыга берет. Бирок ошолорду көрө албагандар да жоголуп кетпейт. Эл болгон жерде мыктысы да, начары да, калысы да, кокую да болот. Кенени да, ичи тары да болот. Аларды Кудай да жогото албайт. Адам баласы жаралганга көп кылым болду. Билим-илимдүү болуп, космостон ары кетти. Бирок көралбастык менен ичи тарлык илгери кандай болсо ошол бойдон калды. Ошондуктан аларга өчөшпөй, теңелбей, алардан бийик жашоого аракет кылуу керек. Алар менен кызаңдашып баркты кетирүүнүн кажети жок.

- Коомдо, элде даанышмандык барбы?

- Коом ишенчээк болот. Жалган, кокуйкүн саясатчылар бар. Ошолорду ээрчип кетмей жактарыбыз бар. Эл жамандыгынан тетири кетип жаткан жок. Адашып кетип атат. Эл өзү - айкөл, калыс, адилет. Ошого умтулат, ошол жол менен жашоого аракет кылат. Бирок адашат. Мына 30 жылда кандай адашуулар болду? Эл адашайын деп адашкан жок. Адаштырышты. Чала саясатчыларыбыз көп. Бийлик калыс болсо, саясатчылар калыс болсо, эл ачка-тогуна карабай жакшы жашап берет. Ушундай.

Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы
Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы

Курманбек Осмонов: Эркектерде эгоизм күчтүү

- Бүгүнкү аял лидерлердин коомдогу орду кандай?

- Кыргыз элинен Кыз Сайкал, Курманжан Датка өңдүүлөр, андан кийин совет бийлиги тушунда далай мыктылар чыккан. Бүгүн деле коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып келишет. Экономиканын өзөгүн түзгөн бизнес чөйрөсүндө иштеп атышат. Анан калса аял - эне, жар.

- Башка чөлкөмдү албаганда да Борбор Азияда кыргыз аялдары активдүү, күжүрмөн, билимдүү, эмгекчил деп эсептелет эмеспи. Лидерлик сапаты менен да айырмаланып келатат деп айтсак болобу?

- Биздин эле күндөрдү ала турган болсок лидер аялдар бар. Коомдук уюмдарда, мамлектеттик кызматтарда иштеп, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон аялдарды айтсак болот.

- Мисалы?

- Мисалы, Күлүйпа Кондучалова, Жамал Ташибекова, Чолпон Баекова, Шарипа Садыбакасова, Роза Отунбаева. Саясий системада көрүнүктүү орду бар эже-карындаштарбыз көп эле.

- Отунбаеваны атап кетпедиңизби. Борбор Азия чөлкөмүндө мамлекетти башкарган биринчи аял болуп калды. Бул кыргыз аялынын активдүүлүгүнүн белгисиби же коом жакшы сүрөөнчү болуп бердиби?

- Активдүүлүгүнөн дагы, жакшы билим-тарбия алганынан да кабар берип турат. Анан калса убактылуу болсо да президент болгондон мурда ал партиялык, советтик кызматтарда, Тышкы иштер министрлигинде, ал эмес союздун масштабында көп иштеп калган да. Кыргыз аялдары кайсы бир деңгээлде лидер катары мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алды.

- Курманжан датка, Ташибекова, Баекова, Отунбаева жөнүндө айтып атасыз. Бирок, бүгүнкү күндө бардык тармактарда эле аялдарга артыкчылык берүүнүн ордуна, “аял да” деген мамиле көбүрөөк байкалат да. Эмне үчүн?

- Жашырганда эмне, ачык айтылбаганы менен аялга үстүртөдөн карап, экинчи планга жылдырган учурларыбыз бар. Биздин коомдо, башка элдерде деле аял үйдүн куту, очокту өчүрбөй турган адам, балдарды төрөп, тарбиялоочу жар деген түшүнүк калыптанган да.

- Европанын аялдар башкарган бир катар өлкөлөрүндө пандемия учурунда өз мамлекетинин, элинин саламаттыгын сактап калганга салым кошуп атат. Кыргыз аялдарынын арасында ошондой мүмкүнчүлүк жок дейсизби же коомдо басым күчтүүбү?

- Буга эркектик эгоизм себеп болсо керек. Эркектин көрөңгөсүнө да байланыштуу го. Аялдарды эркектер аяйбы деген да ой кетет. Көп аялдар эркекке караганда билимдүү, маданияттуу.

- Кыргыз коому качан ошол билимди, маданиятты, акылды, лидерлик сапатты барктап, эркек менен теңата болушун тааныйт?

- Бу жерде укуктук социалдык, башка коомдогу мамилелерге эле эмес, аялдын табиятына да карашыбыз керек. Аялдар өздөрүнө ылайыктуу жумушту пайдаланганы туура деп ойлойм.

- Бирок аялдар ыңкылаптарда, чоң окуяларда дайыма алдыда жүрөт, башкарууга келгенде.

- Жыйынтыгында аялдарга терс пикир жаралып калып атпайбы.

- Сиз Жогорку соттун төрагасы болгонсуз. Сот жообуна тартылып, моралдык басымга кабылып аткан аялдар бар. Аттарын атабай эле коеюн, бирок булар бекем позициясынан улам жабыркап атат деп ойлойбойсузбу?

- Ар бир окуяны өзүнчө караган туура. Аялдарды социалдык катмар катары кемсинтип, басынтып же алардан өч алып куугунтуктаган учурлар бар деген ойдон мен алысмын.

- Кыргызстанды аял президент башкарышы мүмкүнбү? Аны коом кабыл алууга даярбы?

- Бардык жагынан татыктуу лидер болсо, Кыргызстанды келечекте аял башкарышы толук мүмкүн.

- Мисалы, сиз Отунбаеванын президент кезиндеги тажрыйбасына кандай баа бересиз?

- Эми ал өтө кыйын мезгил болчу. Ош окуясынан кийинки, Чүй облусунда, Бишкекте болгон окуялардан кийинки абдан оор мезгилде Роза Исаковна өзүнүн табигый аракетчилдиги менен ошол кырдаалдан чыгып кетүүнү камсыз кыла алды. Эми коомдо, эл арасында "Ош окуясына Убактылуу өкмөт күнөөлүү", тиги-бу деген ар кандай пикирлер айтыла калып жүрөт. Ошол окуялар үчүн кандайдыр бир мүчүлүштүктөр, кемчиликтер кеткен болушу мүмкүн, бирок, ошонун бардыгын ошолорго, анан аял кишинин мойнуна жүктөп койгон туура эмес го деп ойлойм.

- Кээ бир потенциалы күчтүү, акчасы жок же көшөгө артында оюндарды жүргүзүүгө шыгы жок, принципиалдуу аялдар четте калып атат. Ошондой аялдарды сүрөп чыгаруу үчүн эмне кылуу керек?

- Саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик органдар ошондой кадрларды издеп таап, даярдаш керек. Совет мезгилин жамандай беребиз, бирок, ал системада ар кайсы тармактардагы кадрларды тарбиялап өстүрүү бар эле да.

- Октябрда жаңы бийлик келбедиби. Мамлекетти башкарууда аялдардын карааны кандай?

- Бул бийликтин түзүлгөнүнө аз эле болду. Аял кадрлар менен өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш кандай иш алып барып атканын билбейм. Бирок, байкашымча бул маселеге анча деле көңүл бурула элек. Өлкөбүздө экономикалык, саясий абал стабилдешсе бийлик бул маселеге кайрылса керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG