Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

БШК таштанды челектеги бюллетендер боюнча түшүндүрмө берди


Бишкектеги шайлоо участокторунун бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо участокторунун бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Таштанды челекке ыргытылган бюллетендер жөнүндө "Kloop.kg" агенттиги жарыялаган тасмасындагы добуш берүү кагаздары - тесттик бюллетендер экенин Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Ага ылайык, бул бюллетендер автоматтык эсептегич үкөктөрдүн (АЭҮ) ишин текшерүү үчүн колдонулган. Бул тууралуу Бишкектеги №1054 шайлоо участогунун төрагасынын түшүндүрмөсү да алынган. Түшүндүрмөдө 44 бюллетень референдум боюнча, 50сү шаардык кеңешке шайлоо боюнча, жалпы 94 бюллетень таштанды челекке ыргытылганы жазылган.

БШКнын маалымдашынча, тесттик бюллетендер добуш берүү бюллетени болуп эсептелбейт жана шайлоо документтерине да кирбейт. Ал эми добуш берүү бюллетени шайлоо документи болуп эсептелет. Бюллетенди уруксатсыз жарактан чыгаруу жана башка максатта пайдалануу - добуштарды бурмалоо аракети катары кылмыш жоопкерчилигине жатат, мыйзам менен жазаланат.

Буга чейин интернетте "Клооптун" байкоочулары Бишкектеги №1054 шайлоо участогундагы таштанды челекке добуш берүү бюллетендери ыргытылганы тууралуу тасма жарыялашкан.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

БШК саат 12:00ге карай берген маалыматка ылайык, добуш берүүгө жалпысы 450 миңден ашуун шайлоочу катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG