АКШнын Юстиция министрлиги Юта штатынын тургуну Жон Эрл Салливандын 90 миң долларын конфискациялады.
Ал Капитолийге чабуул учурунда Дональд Трамптын тарапташтарынын биринин өлүмү тартылган видеотасманы журналисттерге саткан деп айыпталып жатат. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги билдирди.
"New York Times" гезити билдиргендей, Трамптын тарапташы Эшли Баббитт Капитолийге эшиктин сынган айнеги аркылуу кирүүгө аракет кылган. Полиция ага ок аткан. Баббит ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.
Салливан бул окуяны видеого тартып алган. Маалыматка ылайык, Салливан далил кадрларды 90 миң долларга бир нече маалымат булактарына саткан.
АКШ прокуратурасы өзүн "саясий активист" деп тааныштырган Салливанга дагы бир кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органы аны "Капитолийдин имаратына мыйзамсыз кирип, башаламандыкка катышкан" деп айыптап жатат. Бул тууралуу “Америка үнү” басылмасы билдирди.
6-январда Трамп Вашингтондо тарапташтарынын алдында сүйлөгөндө «шайлоодогу жеңишти уурдоого жол бербейли» деген чакырык таштаган. Көп узабай демонстранттардын айрымдары Конгресс Жо Байден уткан президенттик шайлоонун жыйынтыгын бышыктап жатканда Капитолийге бет алышкан. Алар имаратка кирип барып тополоң чыгарышкан. Натыйжада беш киши өлгөн. (MiK)
Facebook шеринеси