Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Ош: зордуктоо ишин кыскартууга аракеттенген тергөөчү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Кара-Суу райондук милициясынын тергөөчүсү зордуктоого аракет кылуу фактысын кыскартууга аракет кылып, пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөчү 20 миң сом пара алган деп айыпталууда. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси менен тергеле баштады. Кармалган тергөөчү УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды.

Шектүү тарап комментарий бере элек.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, зордуктоого айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG